Айбат » Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!

Өлкөбүздө согуш болбосун. Кыргызстан  эгемендигин алгандан бери кандай деген оор кырдаалды башынан өткөрүп, элибиз оор турмушту башынан кечирбеди. Андай алааматтардын бири 2000-жылы болгон Баткен согушу элдин үрөйүн учурду. Албетте, андан бери 15 жыл өттү, канча жылдар өтсө да Баткен согушу элдин эсинен кетпейт.

Баткен согушу

Нарын облустук Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Шамыратов Эркинбек Бекболотович Нарын облусунун Жумгал районундагы Куйручук айылында 2000-жылы Баткен согушунда баатырларча курман болгон эрдик медалынын ээси Абдыкожоев Кубат Жалиловичтин үйүнө Жумгал райондук Баткен согушунун ардагерлери менен биригип барып куран түшүрүштү. Абдыкодоев Кубат 2000-жылы Жумгал районундагы Куйручук айылынан биринчилерден болуп өз ыктыяры менен Баткен согушуна барган.

“Биз барган учурда Абдыкожоев Кубаттын апасы Шайыр апанын каза болгонуна аз эле болгон экен. Республикалык Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Бакалаев Канат Асановичтин атынан ошондой эле жалпы Нарын областык Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, куран окудук. Абдыкожоев Кубаттын атасы Жалил ата мугалим болуп көп жылдан бери иштеп элге эмгеги сиңиптир. Көптөгөн патриот уулдарыбызды тарбиялаптыр. Ошонун негизинде жана Баткен согушунун 15 жылдыгына карата күжүрмөндүк медалы менен жалпы Республикалык Баткен согушунун ардагерлеринин атынан сыйладык. Кубат окуган мектепте ал менен чогуу окуган классташтары жана Баткен алааматында чогуу болгон куралдаш классташы Улан Кубаттай эр жүрөк классташыбыздын эрдигин эл эстеп жүрсүн деп мектепке бир бюс орнотушуптур.  Ал мектепте Кубаттын атынан эрдик кабинети да бар экен. Куйручук айылында Баткен согушунун баатыры Абдыкожоев Кубаттын атындагы көчө бар экен. Жумгал райондук Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Жунушалиев Баясбек Кубатты эскерүүдө жакшы сөздөрдү сүйлөп: “Кубат өз өлкөсүнүн чыныгы патриот уулу болгон үчүн, мекенин ”душмандардан коргоодо өз жанын садага чапты, жанын аяган жок”, – деген сөздөрдү айтты. Кубат менен бирге окуган Улан Кубаттын спортко болгон мамилесинин жакшы экенин айтып, көзүнөн жашы кылгырып турду” – дейт Нарын облустун Баткен согушунун Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Шамыратов Эркинбек. Анын айтымында, Куйручук айылындагы Кубат Абдыкожоевдин атасы Жалил ата, агасы Урмат Баткен согушунун ардагерлерине ыраазчылыктарын билдиришти. Өз сөзүндө Эркинбек Бекболотович: “Кубаттай эр жүрөк азамтыбыз менен сыймыктанабыз. Ал бир эле Нарын облусунун сыймыгы эле эмес, бүтүнөй кыргыз элибиздин сыймыгы. Өлгөндөр даңкталбаса, тирүүлөр баркталбайт! Бар болгула Баткен согушунун ардагерлери”, – деп сөзүн аяктады. Албетте, өлкөбүздө дайым тынчтык өкүм сүрүп, элибиз бейпилдикте өмүр сүрүшсүн.  Ал эми Кубат Абдыкожоевдей эр жүрөк азаматтарыбыз, кыргыз элинин бейпил жашоосу үчүн бардык аракеттерин жумшап жүрө беришсин, – демекчибиз.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №138



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru