Айбат » Ө.Текебаев мыйзамсыз жер тилкелерин легалдаштырууга неге кызыкдар?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ө.Текебаев мыйзамсыз жер тилкелерин легалдаштырууга неге кызыкдар?

жер тилкесиЭгемендиктин алгачкы жылдарынан бери саясаттын казанында боркулдап кайнап келаткан “ата мекенчи” Өмүрбек Текебаев “өзүм дегенде өгүздөй күчү” бардыгын эчен ирет турмуш жүзүндө далилдеген. Быйыл 4-октябрда өтүүчү парламенттик шайлоого камылганы былтыртан баштап, заматта “Кумтөр” кенине күйгөн баатыр болуп чыга келди. ЖоКе жарышта арбын добуш жыйнаштын амалын көрүп, былтыр 2012-жылдын 3-августуна чейин өз алдынча курулган жеке турак үйлөрү бар жер тилкелерин легалдаштыруу жөнүндө мыйзам долбоорун да демилгелегени маалым. Аталган мыйзам долбоору Ө.Текебаевдин жеке кызыкчылыгы үчүн гана жазылгандыктан, парламенттин профилдик комитети аны 1-окууда четке каккан.  Өмүрбек Чиркешович көздөгөнү жүзөгө ашса эмне болмок? Убагында жер тилкелерин басып алгандар, жер тилкелерин мыйзамсыз саткандар “суудан кургак чыгып” кетишмек, сөздүн түз маанисинде…

Окурман журтчулугуна түшүнүктүү болушу үчүн кичине лирикалык чегинүү жасайлы. Убагында азыркы Бишкек, мурдагы Фрунзе шаары “жашыл шаар” деп аталчу. Советтер союзу кулап, Кыргызстан көз карандысыздыкка бой урганы борбор калаанын тегерек четинде ээн жаткан жерлер дүңүнөн басылып алына баштады. Мындай жер басмай көрүнүшү 2005-жылы апогейине жетип, натыйжада 47 жаңы конуш пайда болду. Расмий маалыматка ылайык, өлкө боюнча 52 миңден ашуун турак-жайдын документтери жок болсо, анын 6 миңден ашууну дал ушу жаңы конуштарга таандык.

Жерди өзүм билемдик менен басып алуу – мыйзамды одоно бузган менен барабар. Демек, алар мыйзам алдында жооп бериши абзел.Ошол эле маалда документи жок жер тилкелерин саткан шылууңдар дагы мыйзам алдында тийиштүү жазасын алышы кажет. Ал эми Өмүрбек Текебаев өзү сунуштаган мыйзам долбоорунда жер басып алгандарды дагы, мыйзамсыз жерлерди саткан “азаматтарды” дагы пешенесинен сылап, жер тилкелерин жана анда курулган турак-жайларды мыйзамдаштырууну көздөгөн. Бул таптакыр логикага сыйбайт. А карапайым жарандар муну түшүнбөй: “Текебаев бизди ойлоп жерибизди мыйзамдаштырганы атат” деп алаканын ушалап кубанганы турган иш. Эгер мыйзам долбоору парламент элегинен өтүп, президент кол койгондо “Ата мекендин” лидери: “Мынакей, биздин партия карапайым кишилердин көйгөйүн чечти. Бизге добуш бергиле” деп күзүндө көкүрөгүн кагып бармак. Ошону менен “мародер-гейт” сыяктуу чуулгандуу окуялардан улам партиясынын аброю күн санап “арыктап” бараткан Өмүрбек Текебаев аз да болсо ЖоКе жарышта добуш жыйнамак. Маселенин бир капталы ушундай.

Экинчиден, көйгөйдү чечүүнүн альтернативалык жолдорун тапканга неге болбосун? Маселен, басылып алынган жер тилкеси үчүн мамлекетке тиешелүү өлчөмдө акча төгүү же айып пул төлөө сыяктуу жолдорду сунуштаса Текебаевди колдомокпуз. Мындан миллиондогон сом өлкө казынасына түшөрү белгилүү. Ошондо мамлекет казынасынын жыртык-тешигин бүтөгөнгө шарт түзүлмөк.

Мыйзамсыз иш кылган адамдарды коргогону аз келгенсип, өлкө бюджетин миллиондогон сомдон кантаргысы келген Ө.Текебаевге эмне дээриңди да билбейсиң. Бир нерсе дегенден деле пайда жок окшойт. Текебаев мырза шайлоонун гана камын ойлобой, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосо, мындай мыйзамсыздыкты мыйзамдаштырууга аракет кылбайт эле, анан дагы өзү айтып келген кимдир-бирөөнүн “куйруктарына” кошулбайт эле да, чынбы? Чын эмей, анан…

Айбат гезити №139




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru