Айбат » «Ата-Мекен» өз тарапташтарын жасалма жол менен көбөйтүүгө өттүбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Ата-Мекен» өз тарапташтарын жасалма жол менен көбөйтүүгө өттүбү?

Ата мекенПарламенттик шайлоонун алдында «Ата-Мекен» партиясы курулай популизмге жана мамлекеттин кызыкчылыгынан тышкары кадамдарга барып атканы тууралуу көп эле жазылып атат. Ошондой кадамдарынын бирин аталган партия төмөндөгүчө жасаган экен. «Россия Федерациясынын аймактарындагы кыргызстандыктардын түзгөн коомдук уюмдары Жогорку Кеңешке карата шайлоо алдында биздин партияны колдоого алууга даяр экендиктерин билдиришти» деп төш кагып аткан «атамекенчилерге» Россиядагы кыргызстандыктардын коомдук уюмдары нааразычылыгын билдирип чыгышты. Тактап айтканда аталган коомдук уюмдар атайын кайрылуу жасашты. Анда мындай деп жазылат: “Биз жалпы коомчулукка бул партия менен эч кандай байланышыбыз жок экендигин жана шайлоодо бул саясый биримдикке колдоо көрсөтөбүз деп билдирбегенибизди жеткирип койгубуз келет. Бул саясый партиянын тарапташтары чындыгында эле “Ата-Мекенди” колдоп койгула деп өтүнүшкөн. Бирок биз анык жоопту берген эмеспиз”. Демек, “атамекенчилер” өздөрү атайын кайрылышып, алардан колдоо сурашкан. Бирок, алардын жообун укпастан эле, өз алдыларынча чечим чыгарып, “Бизди колдоп жатышат” деп коомчулукка жар салып жатышкан болобу? Мындай көз боемочулук менен жеңишке жетүүгө мүмкүнбү?

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №139




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru