Айбат » Парламенттин  тагдыры шайлоочунун  эркинде

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Парламенттин  тагдыры шайлоочунун  эркинде

ШайлооОшентип көптөн бери журтчулукту бүкү-түкү кылган үлкөн маселеге  Президент  балчайта чекит койду. Болбосо кашка эле тиши калган генералы баланча күн туура келет деп, серепчиси  ноябрга такап, көзү ачыгы дагы бир жагына чоюп элди тос-тополоңго салышкан. Журт башчысы  Алмазбек Атамбаев  калемдин учун кагазга такап туруп маселени дароо чечип салды. Билбегендерге кулак кагыш кылып коёлу- шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4- октябрында өтөт. Эми кыйын болсо баш көтөрүп көрүшсүнчү, оозун  Ошту каратып таштайт. Мындай амир бир гана ажого  берилген. Ичи күйгөндөр Шамшыкал-Атанын акактай таза тузун жалай берсин, анткени анда бактерия деген жок. Тунук тузду жалагандар эч убакта ичи өтпөйт, экинчиден  моокуму канат.

Буга чейин мыдыры бар партиялар  аймактарды кыдырууга үлгүрүштү. Эми ар кимиси акыбалына жараша ишин кылышты. Антсе да жарышка  партиялардын артында чыккан “Кыргызстан” кыйла жылуу пикир жарата алды десек болот. Катуу “күүгө” келгендей түр көрсөткөн  партиянын кадамдары өздөрү чектеген жетиден да ашып кетти. Бир артыкчылыгы- алар барган региондогу элдин  муктаждыгын билгенинде болду.  Омоктуу маселенин чечилиши кимди болсо да ийитет демекчи   алардын реалдуу жардамдары  андагы калктын омоктуу  пикирине арзыды. Даректүү көмөк көрсөтүү өзүнүн жемишин төгүп берерине баары ынанышты.

Калган партиялар деле “кысыр” калган жок. КСДПнын атка минерлери  өткөн беш жылга саресеп салуу менен бирге медиктердин  артына чиркешип  элдин ден-соолугун “текшерүүдөн”өткөрүүнү колго алды. “Бир Бол” партиясы болсо чаар жолборстун  секиригин даңазалоо менен өзүнүн жүрөктүү экенине элдин көңүлүн бурду. Чамасы биздин партиянын “өкүмдарлары” көргүлүктү көрсөтөт дегиси келип турат окшойт. Эмнени  көрсөтөт, кимдерге ишенээрин убакыт  айгинелейт. ”Бүтүн Кыргызстан  Эмгек” партиясы  каршылыктарга карабастан  айкын аракеттери аркылуу  жарк этерине ишеним артканын  баамдоого болот.  Анткени бирөөлөрдүн дилин табалбаган  атаандаштары “кызыл эт” балапандарды  учура берип  жадатып деле бүтүштү. “Өнүгүү” болсо  өлкөнү жарыктандырам  деп алоолоп күйүп жүрөт. Бирок катарында өтө элдик адам деп таанылгандар жокко эсе.  Бул чоң ролду ойноорун  эске салып койбосок болбостур? Себеби, биздин шайлоочулар чү дегенде эле  тизмеге  карек кадайт эмеспи? “Ар-Намыс” партиясынын шыбышы деле билинбейт. Болгону фракциядагылардын  тыңдары  ар кайсы партиянын этегине жабышканы боюнча кептер жойлоп жатат. Арийне, башчысы  олжону тиштей албаган  соң  ар ким билген намазын окуганга  муктаж болот турбайбы? “Республика Ата Журт” партиясы биринчилерден болуп калк менен саламдашып алган. Ошентсе да жоокерсиз калган генерал Камчыбек Ташиев тууралуу икаялар өзүнчө токулуп жатканы ырас. Чынында эле анын карамагындагы суюк катмар айрымдардын күлкүсүн келтиргени да калп эмес. Ага карабай өзүнө ляппай деген гезити аны асмандагы айга, жердеги күнгө теңеп жан алекет кылууда. Же анысы жарашсачы?  Кур дүрмөт мактоо канча далбастабасын оркойуп билинип калат экен. Бири-бирин жактырган соң  эми ажырашууга негиз болсо да ар намыс жол бербейт десек ашепке кетпейбиз. Алаканга салгандай көрүнүп турбайбы  баарысы.

Күрөөнүн  көлөмү  беш миллионго көбөйгөндөн кийин майда-чүйдө  партиялардын алласы оозунан түштү. Эми  ашып кетсе он кишиси бар  заты жок партиялардын тырп этерге алы болбосун баамдадык.  Куру кыйкырык салгандарды уккан киши болбостур? Ал эми  орто заарлары болсо бирөөлөргө эрмешүү үчүн  жанталбастап жүрүшөт. Турмуш деген ар кандай, жинди катын алгандай  сыңары ошондойлорго күнү түшкөндөр  деле болорун билип турабыз. Коколой башынан, кекээрлүү сөзүнөн башка  эч нерсеси жокторду дагын караан тутуп күрөшкө чыгам дегендердин  түрүн көргөндө  жон териңен тер куюлуп кетет. Бирок, добуш  дегендин ак,карасы, кызылы  деле санакка кошулганда мааниси бар турбайбы? Ошонун “кычкыл” даамын сезгендер  кара жанын ургулап  ар бир добуш үчүн  кызыл кулактыкка барат экен. Дүңүнөн айтканда мындан ары  шайлоочунун  тилин табуу үчүн түркүн амалга жетеленишери калетсиз. Ал тургай  качкан-безгендерди “баатырга” теңеп, кыйын инсан катары баалап, эптеп бияктагы тууган-туушкандарынын добушун алууга  аракеттер болору турган иш. Партиялардын тагдыры шайлоочулардын колунда экенине шектенүүгө болбойт. Чынында эле  ар бирибиз үчүн абдан жооптуу милдет тагылды.Кандай  парламентти тандаарыбыз өзүбүздүн ниетибизге байланыштуу экенин эстен чыгарбайлы?

Ж. Сулайманов

Айбат гезити №139



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru