Айбат » БОКчулар кайсыл маселе кимге тийиштүү экенин да билишпейби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » БОКчулар кайсыл маселе кимге тийиштүү экенин да билишпейби?

Жээнбеков РавшанБатышчыл саясатчы Равшан Жээнбеков түптөгөн «БОК» кыймылы кыргызстандыктар үчүн пайдалуу иш жасоонун ордуна тынтчтыкты бүлүнтүүгө, стабилдүүлүккө доо кетирүүгө багытталган кайрылуу, билдирүүлөрүн жасап келатышканы маалым. Убагында Кыргызстандын президентинин да сөзүнөн кынтык таап, коъшулаш Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн башчыларына кайрылуу жасап, жасакерленишкен эле. Андан кийин деле бир нече жолу атайылап саясый кырдаалды курчутууга багытталган кайрылууларын жасап келет. Алардын акыркы кайрылуусу президент Алмазбек Атамбаевге жолдонуп, анда: Президент өзүнүн айланасындагы коррупцияга шектелген ат каминерлерди – биринчи-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди, мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди, экс-министр Осмонбек Артыкбаевди, Талас облусунун губернаторунун орунбасары Д.Кенекеев жана Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин экс-директору К.Нарбаевдерди тезинен отставкага кетирип жана жоопко тартуусун талап кылабыз» деген мааниде жазылат. Эми жакшылап баам салалычы. Жогоруда аттары аталган мурдагы жана учурдагы атка минерлердин президентке тиешеси барбы? Булардын бардыгы мурдагы жана азыркы өкмөттүн курамындагы адамдар болуп жатпайбы? Эгерде Сарпашевди кызматтан кетиргилери келсе, анда премьер-министрге кайрылыш керек да, туурабы? Демек, алар дарегинен адашып атышат. Тактап айтсак, кайсыл атка минер кимдин башкаруусунда иштей тургандыгын да жакшы түшүнүшпөйт окшойт. Экинчиден, БОКчулар буларды коррупцияга шектелгендер деп айткыдай сот беле? Жөн эле ызы-чуу кылып, тынч жаткан элди козута берүү мамлекеттик кызыкчылыкпы?..

Айбат гезити №139




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru