Айбат » Текебаевге карата фальсификацияланган иш күйүп кеттиби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаевге карата фальсификацияланган иш күйүп кеттиби?

Зарылбек РысалиевИИМдин мурдагы башчысы Чүй облсотунда Текебаевге карата фальсификацияланган иш күйүп кеткен деп ишендирет. Зарылбек Рысалиев бул ишке экс-башпрокурор Аида Салянова да аралашкан деп белгилейт. ИИМдин экс-башчысы Зарылбек Рысалиев өрт болгон жерге жеке өзү барып келгенин билдирди. Анын айтуусу боюнча Чүй облсотунда Өмүрбек Текебаевдин биринчи көрсөтмөсү менен мародерчулук боюнча фальсификацияланган иш (дело) күйүп кеткен. Бул туурасында «Вести.kgге» мурдагы министр өзү маалымдады.

Ал бул күйүп кеткен иштин материалдарында 2010-жылдагы окуя боюнча Өмүрбек Текебаевдин биринчи айткан көрсөтмөлөрү бар болгондугуна ишенет.

– Ал ошол учурда башпрокурор болуп турган Аида Салянова менен бирге бүгүн эртең менен өрттөп коюшкан кылмыш иштерин фальсификациялашкан. Ал учурда материалдар күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок сотко берилген. 37 өз көзү менен көргөн адамдар бар деп убада кылышкан, бирок бүгүнкүгө чейин аларды көрсөтүшкөн жок. Андан сырткары мародерчулук боюнча иштин материалдарын бөлүктөргө бөлүп жана түрдүү инстанцияларга жөнөтүшкөн. Бири  Свердлов РИИБинде, бири Октябрь РИИБинде, дагы бири Чүй облустук сотунда. Андыктан азыркы тапта иш Бишкек ШИИБинде деп айтышып, «Ата-Мекен» бардыгынын башын айлантууга аракет кылууда, – дейт Рысалиев.

Мындан сырткары ал өрт болгон жерге барганда ал жактан кабинети күйүп кеткен сотту көргөндүгүн айтат. Рысалиевдин сөзү боюнча ал сот бир нече жолу эч кандай күнөөсү жок экендигин, ага жогору жактан буйрук кылышкандыгын кайталаган. Бирок, «Вести.kgнин» маектеши эмне тууралуу конкреттүү сөз болуп жатканын түшүнбөгөн.

– Мен ага ким жана эмне буйрук кылышканын түшүнгөн жокмун. Кыязы ал мен менен жолугууга даяр эмес болгон өңдөнөт. Билесиздерби, эгерде бул иш ачылса, анда Текебаев,, Салянова жана ошол убакта Баш прокуратурада жетекчилик кызматтарда ким турган болсо бардыгы түрмөгө отуруп калышмак. Мен жеке өзүм иликтөө менен эки жыл алек болдум жана чындыгында иш кандай болгондугун билем. «Ата-Мекен» шайлоо алдында коопсуздугун сактоо үчүн өздөрүнө карата бардык компроматтарды жок кылууну чечкен, – дейт Зарылбек Рысалиев.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №139




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru