Айбат » Евразия Экономикалык комиссиясы: “Жакынкы күндөрү Кыргызстан уюмга толук кандуу мүчө болот”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Евразия Экономикалык комиссиясы: “Жакынкы күндөрү Кыргызстан уюмга толук кандуу мүчө болот”

ЕвроАзиялык Экономикалык Союз, ЕАЭС, флагЖакынкы күндөрү Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. Бул тууралуу Евразия Экономикалык комиссиясынын коллегиясынын башчысы, уюмдун интеграция жана макроэкономика биоюнча министри Татьяна Валова билдирди. “Биз Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кошулуусун чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Жакынкы күндөрү Кыргызстан толук кандуу кошулат деп ишенимдүү айта алам”, – дейт ал.

Ошондой эле 6-августта ЕЭКтин маалымат кызматы Кыргызстандын уюмга кошулушу тууралуу документ аягына чыгып калганын билдирди.

“Учурда ЕЭК Казакстандын нотасын гана күтүп турат. Ал бизге келип түшүшү менен документ күчүнө кирип Кыргызстан уюмга кошулат. Ал эми буга чейинки иш кагаздардын баары даярдалып, тиешелүү текшерүүдөн өткөн. Бажы көзөмөл пункттарындагы текшерүүлөрдү алып салуу жагында маселе жок”, – деп айтылат ЕЭК тараткан билдирүүдө.

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru