Айбат » С.Жапаров мигранттардын чөнтөгүнө колун сала баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » С.Жапаров мигранттардын чөнтөгүнө колун сала баштады

Садыр ЖапаровНегизи Фейсбук социалдык түйүнү айрым адамдар үчүн өздөрүн пиар кылууга жакшы шарт түзүп берет. Кыргыз саясатчыларынын арасында да бул сайттан саясат жүргүзгөндөрү аз эмес. Алардын көч башында качып жүргөн Садыр Жапаров деген бар. “Инимдин бөйрөгүн алмаштырып коюп эле Кыргызстанга кайтам” деген Садыр мырзадан 2 жыл өтсө да кабар жок.

Эми дал ушул Жапаров шайлоо жакындап өзүн пиарлоону Фейсбуктан күчөттү. Жакында Москвадагы кыргыздар деген группа С.Жапаровго акча топтоо тууралуу билдирүү жарыяланды. Муну өзү эле башка дарек аркылуу жибергени белгилүү. Аталган билдирүүдө ар бир жаран 20 доллардан Жапаровго которуу чакырыгы ташталган. Бирок  пикир калтыргандардын дээрлик көпчүлүгү буга каршы чыккан. Айрымдар “кыйналып иштеп тапканыбызды Садырга карматууга акыбыз жок” дегенге чейин барган. Кыскасы бул жагы хохма. Уялбагандан өзүң уял дегендей эле болуп жатат. Канчалаган азап-тозок тартып сыртта тентип жүргөн мекендештерибиздин чөнтөгүнө кол салбай, аларга жардам берүүнү ойлосок боло. С.Жапаров рублдин курсу төмөндөп жатканда мигранттардан акча сургандан уялса болмок.

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru