Айбат » Айкелдерден, “кылым көпүрөсүнөн” жана июнь коогалаңынан жабыркагандардан акча жасаган Мырзакматовдор

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Айкелдерден, “кылым көпүрөсүнөн” жана июнь коогалаңынан жабыркагандардан акча жасаган Мырзакматовдор

Мелис МырзакматовОш шаарын жетектеп турган кезинде Кудай, Теңирин тааныбай, өзүн “кожоюн” санап калган Мелис Мырзакматов мамлекет казынасын майкандаганы ачыкка чыкты. Ошол эле маалда анын жатындашы Кеңеш Мырзакматов июнь коогалаңында жабыркагандар үчүн курулган үйлөрдөн батир алып берем деп 36 адамды сызга отургузуп, качып жүргөн жеринен кылтакка илинип, учурда иши сотко өттү. Өлкө бюджетине оңбогондой зыян келтирген Мырзакматовдордун жосунсуз жоруктарына учкай токтололу.

“Ордолуу Ошто ири көпүрө салам, ал кылым көпүрөсү болот” деп жар салган Мелис Жоошбаевич “бисмилла” дегенде эле 29 млн. сомду кулкунга урганы далилденип, 22-июлда Ош шаардык соту тарабынан сыртынан 7 жылга кесилди. “Түшпөс хан” тарыхый инсандарга арнап салган айкелдерден дагы миллиондорду кымырганы учурда иликтенип аткан кези. Кайтып келсе эле темир торго тыгыларын түшүнгөн Мырзакматов күн алыс Минскидеги кожоюнуна каттап атканынан кабардарбыз.

“Аганы көрүп ини өсөт” дечү элек, эми “инини көрүп ага өсөт” дейт окшоп калдык. Себеби, экс-мэрдин биртууган агасы Кеңеш Мырзакматов 36 адамдан ири өлчөмдө акча алып, мамдирекция курган үйлөрдөн батир алып берүү убадасын аткарбай, безип жүргөн жеринен кармалды. Анын мыйзам чегинде жазасын алуудан бөлөк аргасы жок.

Мамлекет казынасын, демек, сиз менен биздин акыбызды уурдаган ака-үка мырзакматовдорго илгери үмүт артып, тагдырын байлаган Өмүрбек Текебаевдин табигый жүзү, негизги максаты эми белгилүү болду өңдөнөт.

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru