Айбат » «Өнүгүү-Прогресс» Жалал-Абадда ММК булактарын көзөмөлдөп, Бакиевдердин саясатын жүргүзүп атабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » «Өнүгүү-Прогресс» Жалал-Абадда ММК булактарын көзөмөлдөп, Бакиевдердин саясатын жүргүзүп атабы?

Төрөбаев БакытЖалал-Абад аймагында Бакыт Төрөбаев башында турган «Өнүгүү-Прогресс» партиясы ММК булактарын тымызын өздөрүнүн карамагына өткөрүп алуу аракетин жасап аткандары билинди. Бул аймактагы маалымат булактарынын жетекчилик кызматтарында дагы деле Бакиевдин убагында жетекчилик кылгандар, алардын кетменин керилте чаап келгендер иштеп атышат.

Мисалга, аталган аймакта чыгып келаткан «Акыйкат» гезити убагында Бакиевдердин режимине башы менен жер казганча катуу кызматын өтөгөн. Азыр деле тымызын ошолордун саясатын жүргүзүп келет. Себеби басылманы азыр Арстан Якубов аттуу адам жетектейт. Ал 2010-жылдан кийин убактылуу өкмөткө өтө катуу каршы чыккан адам эле. Апрель окуясынан кийин Якубов”ЖТР” телеканалында иштеп келди. Жөн эле иштебей тымызын эски саясатын жүргүзүп, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын ишмердүүлүгүн телеканал аркылуу бепбекер эле жарыялап турганын билебиз. Мына ошол «эмгегин» эске алган Төрөбаев аны «Акыйкат» гезитине жетекчи кылып алып барып отурбайбы?

Жалал-Абадда эмгектенген журналист Анархан Жаңыбаеванын айтымында, “ЖТР” бүгүнкү күндө деле Бакиевдин туугандарын тымызын элге жакшы көргөзүү аракетин жасап атыптыр. Жалил Сапаров, Бактыкан Ажымаматова аттуу журналисттер бир эле учурда 3-4 жерде иштеп айлык акы алышат. Анткени, алар «Өнүгүү-Прогресстин» пиарчылары экен. Алардан сырткары аталган телеканалда Куттумидин Базарбаев аттуу «Ата-Мекендин» журналисти отурат. Азыркы тапта бул партия да бакиевчилер менен «баш кошуп» атканын эске алганда Жалал-Абад аймагында бакиевчилер элдин башын айлантууну көздөп жатышкандай. Жүзгө чукул баланын канынан, миңден ашуун баланын жаракат алганынан коркпогон, өз элине ок чыгарган канкор бийликти кайтарып келүү максатын койгон бул партиянын чыныгы жүзү ашкереленсе жалалабаддык туугандар аларды Бакиевдердин артынан куубас бекен, ыя?

Акинай АЙДАРОВА
Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Анархан Жаныбаева жалалабаддык оллегаларын жамандап акча тапканга отуптур да. Бирок, жазгандары таптакыр чындыкка дал келбейт. Эми соттон суйлошот окшойбуз.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru