Айбат » СДПКжыйынын Манас жеринен баштады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » СДПКжыйынын Манас жеринен баштады

Турсунбеков, СДПКШаршембиде, Талас шаарында СДПКнын Талас облустук конференциясы өттү. Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын жетекчиси, депутат Чыныбай Турсунбеков партиянын беш жылдык ишмердиги боюнча баяндама жасады. Облустук активисттер СДПКнын мамлекеттин турмушундагы орду, коомдогу кадыр-баркы тууралуу ой бөлүштү. Конференциянын соңунда партиянын Бишкек шаарында өтө турган 14-сьездине делегаттар шайланды. Иш чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков катышты.

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өлкөдөгү оң өзгөрүүлөрдүн башында социал-демократтар туруп келгенин баса белгиледи. “5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеште 26 депутаттан турган СДПК фракциясы саясый ынтымакка данакер болду”, – деди Турсунбеков.

Саясый упай топтоо үчүн бөйрөктөн-шыйрак чыгара бермей адатынын жоктугу, жеңил аброй топтоого аракет кылбай оор басырыктуулугу, бир калыпта өнүгүү жолунда келатканы СДПКнын кадыр-баркын арттырганы талашсыз. Жогорку Кеңештеги бул фракция бир муштумга биригип, башка фракцияларга ынтымактуулуктун жана биримдиктин чыныгы үлгүсүн көрсөттү. СДПК фракциялар ортосунда эле эмес, бүтүндөй Жогорку Кеңештин ынтымагын сактап, өз ара мамилелерди бекемдөөгө данакери болду.

СДПК

Жогорку Кеңешке келген саясий партиялардын, депутаттардын негизги милдети мыйзам чыгаруу эмеспи. Бул эптеп эле мыйзамдардын санын көбөйтүү дегендик эмес. Айрым учурларда кандайдыр бир топтун, саясий бирикмелердин кызыкчылыгынан чыга калган мыйзамдар да болуп калбайт дегенге кепилдик да жок. Заман талабына ылайык, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган, адам укуктарынын корголушун бекемдей турган, социалдык камсыздоону жакшыртууга негиз берген мыйзамдар болууга тийиш. Ушул өңүттөн алганда, СДПК фракциясынын депутаттарынын демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен 236 мыйзам иштелип чыгып, анын ичинен 155и кабыл алынып, 37и каралууда.

СДПКнын коомдук кабылдамасына 30 313 адам кайрылып, жер-жерлерде фракция депутаттары шайлоочулар менен 11 200 жолугушуу өткөрсө, депутаттар жеке өздөрү 31 241 адамды кабыл алган. 2010-2014-жылдар аралыгында фракция жарандардан баш-аягы 18 782 кат жана кайрылуу кабыл алып, тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.

Конференцияда Жерүй маселеси да көтөрүлүп, өлкөнүн башка кен байлыктарындай эле Жерүй да элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеш керектиги, бул үчүн мыйзамдык базалар жетиштүү экени айтылды. “Жер байлыктары жөнүндө” мыйзамга ылайык кен иштетүүдөн түшкөн кирешенин 2 пайызы жергиликтүү казынага түшөт. Демек, Жерүй иштесе, кенди иштетүүдөн түшкөн каражаттардын мыйзамда көрсөтүлгөн бөлүгү Талас элине, Талас жерине жумшалат.

Маалымат үчүн айта кетсек, бүгүнкү күндө Жерүй алтын кенин иштетүү укугун утуп алган “Востокгеолдобыча” компаниясы республикалык бюджетке 100 млн. АКШ долларын чегерсе, анын 9% Талас облусуна келип түшкөн.

Конференцияда жарыш сөзгө чыккандар: СДПК 20 жылдык тарыхы бар партия экени, ишмердигинин көп кырдуулугу, тарых бетинен өз ордун тапканы, кыйын күндөрдө да өз позициясынан тайбай келатканы жана мына ошол бекем позициясында кала берери, 2010-жылдагы элдик революцияда СДПК мүчөлөрү алдыңкы катарда турганы, чыныгы элдик, түбөлүктүү партия болуу үчүн ар дайым партиянын кадыр-баркын көтөрө турган адамдар алдыда жүрүшү керектиги тууралуу жылуу сөздөрдү айтышты. СДПК партиясынын аймактык конференциясы Талас жергесинде башталып жаткандыгы жакшылыктын жышааны дешет таластыктар.

Конференция СДПК партиясынын Бишкекте өтүүчү курултайына делегаттарды шайлады.

 

 СДПКнын Чүй облустук конференциясынан

Алдыдагы максат, келечек ойлор ортого салынды

СДПКнын Чүй облустук партиялык уюмунун конференциясы 6-августта Бишкек шаарындагы Тарых музейинде өтүп, ага атайын чакырылган коноктор менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жер-жерлердеги партиялык уюмдан шайланган 200 делегаттын 192си катышты.

Конференциянын жумушчу органдары жалпы тизме менен бекитилип, президиумдун мүчөлүгүнө Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбеков, СДПК фракциясынын лидери Ч.Турсунбеков, ЖК депутаттары А.Измалкова, Э.Сакебаев  жана А.Кутушев шайланып, жыйынга И.Өмүркулов төрагалык кылды.

Конференциянын күн тартиби боюнча негизги эки маселе: СДПКнын өткөн 5 жылдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат. Партиянын XIV сьездине делегаттарды шайлоо каралды.

Биринчи маселе боюнча баяндама жасаган Чыныбай Турсунбеков СДПК партиясынын аткарган иштери атайын китепче болуп делегаттарга таратылганын айтып, 5 жылда өлкөнү өзгөрткөн беш маанилүү кадамга кеңири токтолду.

Андан кийин сөз алган Асилбек Жээнбеков Жогорку Кеңеште Кыргыз мамлекетинин келечегин ойлогон мекенчил депутаттар көп экендигине токтолуп, ошолордун уюткусу СДПК фракциясы болгонун баса белгиледи.

Албетте, Жогорку Кеңеш тарап кетсе экен деген күчтөр көп эле жолу болуп, бирок ал каршылыктарга социал-демократтардын 25 депутаты туруштук берип, ЖКда туруктуулукту камсыз кылганынан көпчүлүк кабардар.

Дегинкиси, СДПК фракциясынын депутаттарынын демилгеси жана түздөн-түз катышуусу менен 236 мыйзам иштелип чыгып, анын ичинен 155и кабыл алынган. Анын ичинен Балдар кодексинин жаңы редакциясы, балдарга карата зомбулуктун үрөй учурган фактылары катталып жаткан учурда, заман талабына ылайык келген мыйзам болуп калды. Ага ылайык, Өкмөттүн алдында Балдар кодексин ишке ашыруу боюнча атайын топ түзүлүп, жергиликтүү бийлик органдарында бул боюнча атайын кызматтар ачылды. Ал эми СДПКнын демилгеси менен кабыл алынган “Жарандарды биометрикалык каттоо жөнүндөгү” мыйзам  шайлоолордун так, ачык-айкын өтүшүн камсыздоонун аракети болду.

7-апрелдеги Элдик революция, ага удаа өлкөбүздө болуп өткөн этникалык кагылыш СДПКнын катардагы мүчөлөрүн да кайдыгер калтырбаганы талашсыз. Конференцияда чыгып сүйлөгөндөр качкын эки президенттин жоопкерчилиги, коррупция менен колго түшкөндөрдүн жоопко тартуудан качып “ооруп калуу” адаты, бир элди бөлүп жаруу сыяктуу терс көрүнүштөргө токтолушуп, ага төмөнкүдөй жооп алышты.

Чыныбай Турсунбеков, СДПК фракциясынын лидери: – Өткөн шайлоодо биз таза шайлоого жол ачарыбызды жарыя кылганбыз. Жыйынтыгында 5 партия Жогорку Кеңешке өттү. Азыркы шайлоодо биометрикалык маалыматты колдонуу менен шайлоочулардын добушун мурдагыдай уурдоого жол берилбейт. Бир адам – бир добуш. Эл кимди тандаса ошол жеңишке мыйзамдуу жетишсин деген принципке турдук. Ошондо гана биз нукура элдик бийликти орното алабыз. Ал эми мыйзамдуулук сакталган жерде тартип, туруктуулук да болот. Коррупция боюнча айтсам, биздин партиялаштарыбыздын арасында да депутаттык мандатка жетип, өз көмөчүмө күл тартсам дегендер өтө чоң жаңылышат. Президентибиздин найзасы учтуу, эки кабат зоот-чопкут кийсеңер да аңтара саят. Мындай тагдыр жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин бардык депутаттарын күтөт. Ошондуктан ар бирибиз партиянын ишине жооптуу мамиле жасап, татыктууларды тандап алгандан жаңылбайлы.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө Чүй облусу боюнча партиянын активдүү мүчөлөрү Ардак грамоталар менен сыйланышып, Бишкекте өтө турган партиянын XIV сьездине катышууга 120 делегаттын талапкерлигин жактырышты.

Жоомарт Кожомкулов




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru