Айбат » Азимбек Бекназаров уулу үчүн тескери «заара ушатабы»?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Азимбек Бекназаров уулу үчүн тескери «заара ушатабы»?

Азимбек БекназаровКептин ачыгын айтканда Азикебиз (Бекназаров) Акаевдин жана Бакиевдин убагында сөздүн ачыгын, дурусун көбүрөөк сүйлөчү. Эки жолку революциянын «бульдозеру» да атыкты. Бирок, бийликтин кусаматы жаман экен, өзү парламентке келе албай, бийликтин бир тепкичинде отура албай калгандан кийин эми жөнү жок эле бийликти сындаганга өтүп алды. Мурункуларына токтолбойлу, кече жакында эле кыргыз тилдүү басылмалардын бирине «Атамбаев менен Текебаев авторитардык режимди тургузду» деген пикирдеги маегин бериптир. Кайдагы авторитардык режим тууралуу сөз кылууга болот? Бүгүнкү күндө парламентте 5 партия отурса, коалициялык көпчүлүктү 3 фракция түзүп турса, анын ичинен Бекназаров айткан Текебаев же бийликте экенин, же оппозицияда экенин айрып тааный албай турса… Парламентте кандай гана маселе болбосун кызыл-чеке талаш менен чечилип атса. Эчкандай авторитаризмдин жыты байкалбайт. Андыктан жалпылаштырып эле урдура бермей Азимбек мырзага анчейин жарашпай калат экен. Андан көрө өзү «Бакиевдин бөлтүрүктөрү» деп жүргөн саясатчыларга адвокат болгонун «туура эмес жасап алыптырмын» деп моюндаса туура болмок. Же уулу Руслан Бекназаров «Республика Ата-Журт» партиясынын алдында шайлоого аттанып атса эле ушинтип орунсуз сүйлөй бергенге болобу? Эгер сөздүн чынын айткысы келсе, бул күн менен түндөй, асман менен жердей айырмасы бар Ташиев менен Бабановдун биригип алганын сындаса болбойт беле?..

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru