Айбат » Жолдошованын ишенген падышасы ким?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жолдошованын ишенген падышасы ким?

Жылдызкан ЖолдошеваАр бир адамдын жогору баалаган кумири болбой койбойт.  Бала кезде биздин муундун балдары Гагариндей космонавт болууну, кийинкилер Акматовдой баатыр чабан болгусу келгенин толкундануу менен айтчу. Чынында замандын оошконуна жараша көз караш  өзгөрөөрүн байкап калдык.

Өткөндө депутатыбыз Жылдызкан Жолдошованы  “Дил маектин” орусчасына чакырышыптыр. Негизи ал балдардын суроолоруна мазмундуу  жооп берүүгө аракеттенди. Албетте, саясый жаатта да соболдор берилип жатты. Жаны ачышып калганбы,Ташиевди бир каарып өттү. Көрөсүңөр, ал Бабанов менен акыры ажырашып тынат дегендей  түр көрсөттү. Келечектеги Президентке ким ылайыктуу деген балээдей суроого Акматбек Келдибековдун  даражасын көтөрүп жатпайбы!  Бали, байлыгына манчыркаган, таржымалы таза эмес “каарманды”  кожодой  көрсө  анын өзүнө кандай баа берсе  туура болот?

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru