Айбат » ИГИЛге анализ: Радикализм фазалары

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » ИГИЛге анализ: Радикализм фазалары

Сирия жана Ирактагы такфир террористтик жамаатына анализ жасап көрсөк алардын тажыйбасын алгандар жана бул жамаатын санаалаштары Борбор Азия жана Түндүк Кавказга байыр алууда. Муну бул аймактардан Сирияга кетип жаткан жарандар менен аныктаса да болот.

Учурда Сирия жана Ирактагы башаламандыктарды Орто Азияда жайылтуу боюнча чакырыктар болуп жатканы байкалууда. Акыркы кездери бул аймакта салафий багытындагы такфирчилердин өтө жашыруун аракети жүрүп жатат. Коомчулукта анчалык байкалбаганы менен радикалдык топтор өз үгүт иштерин күчөтүүдө.

Биринчи фаза: Салафизм идеясын жайылтып, жаштарды такфиризмге чакырып жаткандар майда жамааттар аркылуу мечиттерде үгүт иштерин жүргүзүүдө. Мындай топтордун идеялары салттуу Ислам имамдарынан айырмаланып, агрессивдүү идеяларды жайылтат. Эң негизги алардын максаты – радикализмди жаштар арасында тездик менен таратып, жихадчыларды даярдоо. Буга сот системасындагы коррупциялык системанын терең жайылышы, социалдык акыйкатсыздык, жакырчылык, билимдин төмөндүгү шыкак болууда.

Эл аралык саясатта шейит багытындагы Иран, Россия жана Кытай туура эмес идея жүргүзөт деп айыпталат. Такфир жамаатынын бирден-бир чакырыгы – диний фанатизм, тактап айтканда, алар орто мектептерде окууга, медицинага жана балдарын эмдетүүгө каршы чыгып келет.  Андан сырткары, бул жамаат сырткы дүйнө менен байланышпай, өздөрүнөн башкаларды “каапыр” деп атайт. Ошондой эле такфирчилер адамдардын кийинүүсүнө да катуу чектөөлөрдү коюп, мамлекеттик кызматта иштегендерди айыптайт. Ал эми укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө таптакыр каршы.

Экинчи фаза: Азыркы учурда  «Хизб ут Тахрир» уюмунун айрым мүчөлөрү өздөрүн “Ислам мамлекети” атап алган топторго кошулууда. Эң коркунучтуусу, булардын такфиризмди жана жихад идеясын жайылтканында. ИГИЛ менен «Хизб ут Тахрирдин» позициясы бири-бирине каршы келгени менен алардын негизги тарапташтары бир болууда.

Эң коркунучтуусу, салафисттердин такфиризмди түрмөлөрдүн ичинде жайылтып жатканында болууда. Алар өздөрүнүн катарына криминалдык топторду жана мурда мындай топто лидер болгондорду тартууда. Алар мындай мүчөлөрү аркылуу ар кандай акча бар жерлерге кол салууларды уюштуруп,  тоноп каражат топтоого аракет кылат. Андан соң бул каражаттарды Сирия жана Иракка жибериши ыктымал.

Үчүнчү фаза: Алардын активдешүүсү үчүн ар кандай ызы-чуу коштолгон жыйындар, улут аралык жаңжалдар менен чек ара чатактары жагымдуу шарт түзүп берет. Мына ушундай учурлардан пайдаланып өлкө ичиндеги жашыруун имамдары даярдалган жихадчыларды атайын башаламандык уюштурууга үндөйт. Алар ар кандай теракттарды уюштуруп, саясий ишмерлерди өлтүрүүгө чейин барышы ыктымал.

Акыркы кездери көпчүлүк мамлекеттерде такфир жамаатынын активдүүлүгү байкалууда. Алар жогоруда белгилегендей эле саясий туруксуздукту пайдалануу менен коомду башаламандыкка түртөт. Мына ушундай сценарий менен өздөрүн жихад кылабыз деп баштары айланган адамдар адам күтпөгөн жолдорго барышы ыктымал. Аларды үгүттөп артында тургандардын негизги максаты мындай башаламандыктарды коңшулаш өлкөлөргө да жайылтуу болуп саналат. Анткени, Сирия, Ирак, Ливияда ушундай аракеттер ишке ашты. Бүгүнкү күндө аталган өлкөлөрдө эмнелер болуп жатканын баары билет.

Кадыр МАЛИКОВ

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru