Айбат » Эскини эңсегендер терең жаңылат!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эскини эңсегендер терең жаңылат!

ТекебаевМындан толук 5 жыл мурда кыргыз эли өз башына келген зулум башчы Курманбек Бакиевди Ак үйдөн кууп чыккан. Канкор Бакиевдерди кызматтан кетирүү оңойго турган жок. Ал үчүн 100дөн ашуун эр жигитибиздин каны төгүлүп, канчалаган балдар жетим калды. Эгер КурСалиевич азыркы күнгө чейин бийликте турганда кыргыздын бир да тыңчыкма уулу мекенинде калбайт болчу. Аларды чилдей тозутуп, баш көтөргөнүн кырып жок кылмак. Эмне үчүн?

Бакиевдер кыргыз элин мал ойлоп терең жаңылган

Биринчиден, Бакиевдердин стратегиялык планы бүтүндөй өлкөнү мыкчып, аларга каршы чыккандарды четинен өлтүрүп, баш ийбегенин күч менен коркутуп алмак. Алардын кол астына жалаң гана “хоп, майли” деп, бөрк ал десе баш алгандар жүрмөк. Бирок, Бакиевдер кыргыз элинин мындай кордукка чыдабасын, намыс үчүн жанын да берүүдөн баш тарпай турган калк экенин эске алган эмес. Алардын жаңылганы ушундан болгон. 2010-жылы 7-апрелде “Манас” деп ураан чакырган кыргыз жаштары жамгырдай жааган октон жалтанбай, зулум башчыны кууп чыкты. Албетте, Бакиевдердин заманында кандай кордук, зордук-зомбулук өкүмүн сүрүп турганын айрым саясатчылар унутса, жалпы кыргыз эли унута элек.

Курманбек Бакиевдин уулу Максим бүтүндөй кыргыз элин малга теңеп, чет элдик досторуна “менде 5 млн. малым бар” деп мактанганын баары билет. Эл аралык издөөдө жүргөн жөөт шылуундарды Ак үйдүн 7-кабатына алып чыгып, кыргыздын кен байлыктарын да ошолорго карматпадыбы. Керек болсо Елисеев сыяктуу Максимдин достору министр эмес депутаттарды да көзүнө илчү эмес. Өлкөдөгү каржы тармагын мыкчып кармаган ЦАРИИ деген альтернативдүү өкмөттү түзүп, чоңдордун баары дал ушум Максимдин кареги менен айланып калбады беле. Аттуу-баштуу айрым инсандарыбыз анын көзүнө чейин мактап жибергени да бар.

Жакында парламенттик шайлоо. Кызмат дегенде энесин да сатып жиберүүгө даяр саясатчылар мандат үчүн эмнелерге гана барарын далилдеп баштады. Буга чейин Бакиевдерди ашата сөгүп алар менен кашык каны калганча кармашууга ант ичкен адамдар КурСалиевичтин шилкейлештери менен кол кармашып баштады. Албетте, кызыкчылык эптеп мандат алып парламентке келүү. Бирок, бул адамдар ушундай эки жүздүү, арамза аракети менен бийликке жетип аларга карап түздөнгөн жаштардын келечегин ойлоп да койгон жок. Биз бул саясатчылардын башында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев турганын ачык айта алабыз.

Мандат үчүн намысын ойлобогондор

Чындыгында Текебаев 2010-жылы Убактылуу Өкмөт менен бийликке келгенден кийин түп тамырынан өзгөрдү. Ага чейин акыйкаттуулукту, адилеттүүлүктү туу тутуп жүргөн Чиркешович тескери сие баштады. Оппозицияда жүргөндө журналисттердин этегине жармашып, майрам сайын аларды куттуктоону эстен чыгарбай, маалымат каражаттары менен соттошкондорду душман көргөн Өмүке бийликке келгенден бери бир канча ММК менен соттошту. Журналисттерге аркаарат айтып, айрымдарын бийлигине салып кекеткенге чейин барды. 2010-жылы Баш мыйзамды өзгөртүүнүн башында туруп, ага 2020-жылга чейин кол тийбеши керек деген да ушул Текебаев. Жакында болсо Конституцияны референдум менен өзгөртсө болот деп чыкты. Андан сырткары, 2010-жылга чейин Өмүрбек Абдрахмановдун жеке унаасында жүргөн Текебаев 5 жыл ичинде Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарына кошулду. Бүгүнкү күндө бул киши эптеп парламентке өтүү үчүн шайтан менен да биригип жатканын жалпы эл көрүп турат. Макул, бириксе бириксин бул шайлоо алдындагы процесс дейли. Бирок, адамдык абийир, намыс, туруктуулук деген баалуулуктар бийликтен да жогору турат да. Өмүрбек мырза мунун бирин да уруп ойногон жок. Мисалы, Артур Медетбековду, Мелис Мырзакматовду Бакиевчи атаган дал ушул Текебаев болчу. Бир жыл мурда Ала Тоо аянтында “Бакиевчилер кайра бийликке келгени жатат биз аларды ордуна коюшубуз керек” деп бакылдабады беле. Кыскасы, Өмүрбек Чиркешович теңирден тескери кетти.

Азыркы системаны сактап калалы

Негизи 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин Кыргызстанда ачыктык, сөз эркиндиги, саясий плюрализм орной баштады. Беш жыл ичинде Жогорку Кеңеште ар бир маселе ачык талкууланып, айрым талаштуу жагдайлар коомчулуктун кысымы менен элдин кызыкчылыгына карата чечилип жатты. Айрымдар “5 жылда эч нерсе өзгөргөн жок, мен ошол боюнча эле жашап жатам, байыган жокмун” деп догурунушу мүмкүн. Бирок, бийлик эч качан адамдардын оозуна тамак салбай турганын эстен чыгарбашыбыз керек.

Биз жогоруда сөз кылган айрым саясатчылар бүгүнкү күндө эски бийликтин чириген кадрлары менен депутат болууга аракет кылып жатат. Алар кандай жол менен болсо да Ак үйгө жармашып, эски обонун созсок деп көздөрү кызарууда. Биз ондогон балдарыбыздын каны менен келген бул системаны коргоп, мындан ары өнүгүшү үчүн ар бирибиз салым кошуубуз абзел. Эгер учурда биригип жаткан эскичил көз караштагы саясатчылар бийликке келе турган болсо сөзсүз Конституцияны өзгөртүп кайра эле авторитардык бийликти алып келет. Ошондуктан ар бирибиз мындай аракетке “жок” дешибиз керек. Эскини эңсеп, мамлекетте каалагандай саясат жүргүзөм дегендер терең жаңылат. Анткени, алардын ким экенин эл да билет.

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru