Айбат » Калбыры барлар “Ата Мекенге”…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Калбыры барлар “Ата Мекенге”…

Бейшенбек Абдрасаков6-августта “Ак Жол” партиясынын активдүү депутаты Бейшенбек Абдрасаковдон жапа чеккен Таалайбек Керималиев маалымат жыйын өткөрүп, анын буга чейинки кыңыр иштерин ачыктады.

Таалайбек Керималиевдин айтымында, Б.Абдрасаков буга чейин аны алдап, жасалма документ менен жер тилкесин саткан. Ал белгилегендей, бул окуя Бакиевдин учурунда болуп, ал кезде Бейшенбек мырза Бишкеке шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгын жетектеп турган. “2007-жылы Бишкектеги Л.Толстой көчөсүндөгү участокту биз 1,5 млн сомго Б.Абдрасаковдон сатып алганбыз. Андан соң 144 миң доллар АКШ доллар сарптап “Лимонат” шириндик суусундугун чыгарган завод курдук. Ал акча ошондогу курс менен эсептегенде 5 млн сом болчу, азыркы курс менен эсептегенде 8 млн сом жетет. Анда Бейшенбек Абдыразаков Бишкек шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгын башкарып турган. Жасалма документтерди даярдап ал жерди бизге сатып жиберген. Андан бир жыл өтпөй 2008-жылы Бакиевдин жакын адамдары келип ал жерден бизди кууп чыгарып жерди алар сатып алганын айтышты. 5 млн сом сарптап баштаган бизнесибизден кол жууп чыркырап кала бердик. Биздин заводдун ордуна кийин казино курулду”, – дейт ал.

Андан сырткары Керималиев Сверлов райондук соту ,Абдрасаковду 5 жылга соттогонун айтып, 6-августта өткөн Жогорку Сотко келбей койгонун кошумчалады. “Бакиевдин заманында бул кишиге эч нерсе кыла алган эмеспиз. Анткени ал “Ак Жолдун” активдүү депутаты, Максимдин сүймөнчүгү болуп турган. 2012-жылы гана Свердлов райондук соту аны 166-берененин 2 бөлүгү боюнча 5 жылга соттогон. Бүгүн бул иш Жогорку Сотто каралмак. Бирок, Бейшенбек Абдыразаков эч себепсиз сотко келбей койду”, – дейт ал.

Ошондой эле Керималиев мырза, Б.Абдрасаков акыркы кездери “Ата Мекен” партиясынын арыгын чаап  баштаганын кошумчалап, анын лидери Өмүрбек Текебаевге таянып жатканын кошумчалады. ““Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бейшенбек Абдыразаков сыяктуу алдамчылар менен шайлоого барып жатса Кыргызстандын келечеги кандай болот билбейм. Анын үстүнө Абдрасаков беш жылга соттолгон киши. Негизи эле акыркы кездери “Ата Мекен” партиясына жалаң бакиевчилер кошулуп жатат. Буга чейин бул партияны колдоп келсем эми таптакыр көңүлүм калды”, – дейт ал.

Ал эми Керималиев Б.Абдрасаков менен аягына чейин соттошууга бел байлай турганын айтып, “Ата Мекен” партиясы аны калкалай турган болсо ар кандай кадамдарга барарын кошумчалады.

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru