Айбат » Нариман дагы кимди кокуйлатат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нариман дагы кимди кокуйлатат?

Нариман ТүлеевАкча деген балээден ар кандай кокустуктар чыгат экен. Маселен көптөн бери түрмөдө  жаткан Нариман  Түлеевдин  тагдырына “күйгөндөр” өздөрүнүн кара башын да аяшпай калды. Эпчил тил тапкандыгы аркылуу чоңдордун  эшигин черткилеген Хажимурат Коркмазов  депутаттыгына таянып  көмүскө иштерди бүткөрүүгө  бел байлаганы менен акыры кылтакка илинип калбаспы? Өзү жалгыз  зынданга отурбай ажонун оң колу болгон Данияр Нарынбаевди  кошо ала жатканы коомчулуктун оозун аңырдай ачырды. Айтор өлкөнүн ичи даңк этип  “каармандарга” ар кандай сөздөр айтылды.

Арийне, бул  “жарылуу” бекер жерден чыккан жок. Чамасы көзү кызарып түрмөдө отурган Нарикең мына деп туруп айгайды салдырды окшойт.  Мен эле эмес Президенттин маңдайында жүргөн аппарат жетекчи деле коррупцияга аралашат  дегенди тастыктап койгусу келгендей түр көрсөттү. Шору куурап бул “майлуу капканга” Данияр мырза чабылып калып жатпайбы? Эгерде  атайын ойлонулган иш болбосо  боорун эми көтөрүп, турмушка анча каныга элек Түлеевдин кызы  мындай шойкомдуу “операцияга” аралашпайт болчу да? Эмнеси болсо да  коогалаңдуу бул окуя  төбөлдөрдүн көбүнүн  жүрөгүн ойнотуп койду. Жыйырма төрт саат абактан чыкпай жаткан адамдын башына укмуш идеялар келери турган иш. Демек, Наримандын фантазиясына дагы кандай оргуштаган ойлор келерин  айтып болбойт. Кандай болгон күндө да эми андан лөктөр сак болуп калышканы калп эмес.

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru