Айбат » Ким короз, ким мекиш?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ким короз, ким мекиш?

корозИлгери бала кезде экөө чокчоңдошо калса бирөө ортого тура калып:- Ким короз, ким мекиш деп тигилердин бүйүрүн кызытчу. Анын сыңарындай  шайлоого аттанган “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын төбөлү Адахан Мадумаров  көптөн бери асылып жүргөн “Азия Ньюс” гезитинин редактору Аслан Сартбаевди сотко бергенин гезитчилер өздөрү сүйүнчүлөп чыгышты.  Буга чейин  Жумалиевдин алдынан өтүп кечиришкенин деле билебиз. Ал эми мурда желкемдин чуңкуру көрсүн деген Текебаев менен мамыр-жумур болууга кам көрүштү.  Бул эми саясаттын амалдары экенин түшүнүп турабыз.

А бирок, “Түндүктүктөргө  50 жыл тачке түрттүрөм”  деген катуу шапкени  коюп  Мадумаровду мокочо көрсөткүсү келген  баш редакторду партиянын лидери жөн коёбу кеп ошондо турат. Негизи ар бир санын Адахансыз  чыгарбаган  басылманын деле ооздугун тартып койчу адам табылбайбы? Демек, кырчылдашуулар али алдыда. Чамасы бул жолу Мадумаров  төө матек ала тургандай абалда турат. Канчалык адамча сүйлөшсө болбойбу деп көшөргөндүн деле чеги болот го?  Жүгөнү жок  нерсе акыры келип доого жыгыларын  билип алуу ашыкча болбостур?

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru