Айбат » “Ассалам” кайрымдуулук фонду элдин алкышына татыдыбы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Ассалам” кайрымдуулук фонду элдин алкышына татыдыбы

01Жети күн ырдаса түгөнбөгөн Жеңижок атабыз айткан суу, бүгүнкү күндө чоң маселеге айланып бараткан сыяктуу. Маселен, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында заманбап таза суу менен камсыз болгон айылдар чанда кездешет. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык “Ассалам” кайрымдуулук фонду элге эбегейсиз жардам берүүдө. Бул эмнени айтып жатат?- десеңиздер, сөз башынан болсун. “Ассалам” кайрымдуулук фонду Кыргызстанга келгенине үч жылдан ашуун убакыт болду. Мына ушул кыска аралыкта көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасаганга жетишти. Фонддун кылган эмгектерин кыскача айтып кетпесек болбойт деген ойдомун. Кыргызстанга 2 чоң оорукана, 2000 артезиан сууларын чыгарып, азыркы учурда 35 суу проектилеринин үстүндө иштөөдө. Өлкө боюнча салдырган мечиттеринин саны 60га жетти. Ошондой эле жетим-жесирлерге, кедей-кембагалдарга жардам көрсөтүп, үйлөрүн оңдоп-түзөп берүүнү колго алып жатышкан чагы. Андан тышкары Бишкек шаарына жетим балдар үйүн салдырып, ага келген балдарды толугу менен камсыздоону өз моюндарына алышат. Айрым адамдар эмнеге мынча биздин өлкөгө кийлигишип, биздин жерлерибиздин муктаждыктарын колго алат?- деген түшүнбөстүк суроолор жаралбай койбос. Булардын бир гана максаты бар экен. “Элдин ыраазычылыгын алып, Жаратканга сыйынуу” деген. Демөөрчүлөр өз сөздөрүндө кайталап айтып өттү. Чындыгында Жаратканга сыйынуу ар бирибизге парз. Буга чейин “Ассалам” кайрымдуулук фондунун кылган иштерин өз көзүм менен көрбөсөм дагы, эл аркылуу угуп жүргөм. Мунун баары кызык болуп, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Шаты айылына фонд жардам берип таза суу чыгарып, мечит салдырып жатыптыр дегенин угуп жетип бардык. Ал айылдын эли чындыгында эле кубанычы коюнуна батпай жатыптыр. Себеби, “Ассалам” кайрымдуулук фонду жарым кылымдай суу маселеси чечилбеген  айылды, таза суу менен камсыз кылуу үчүн 3 млн сом бөлүп, толук ишти моюнуна алышкан. Ал эми айылдын жаштары болсо, “алма быш-оозума түш” дебестен казуу, тазалоо иштерин ашар жолу менен бүтүрүп беришиптир. Бул да болсо чоң аракет. Дал ошол айылдын мечитин салуу ишин дагы аталган фонд моюнуна алган. Мечит толук кандуу бүтүп, кадимкидей 5 маал азандын үнүн айылга угуп калды. Таза суу маселеси да бир айдын ичинде толук кандуу жеткирилет. Маселен бул айылда таза суу жоктугунан оорулар көбөйүп, 2012-2013-жылдары сарык оорусу менен катталгандардын саны 50дөн ашкан. Мындай оору Республика боюнча катталган эмес. Мунун баары албетте таза суунун жоктугунан зулум келип чыгууда. Биз катталган оорулардын эң негизгисин кана айттык. Бул айылда катталган ар кандай ич ооруларын баяндап олтурсак дагы туура болбос. Мына ушундай оорунун баары жакынкы аралыкта баарысы жоголот. Таза суу- таза ден соолук. “Ассалам” кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык…

Көп жыл күттүргөн спорт зал

Шатылыктардын кубанычынын үстүнө кубаныч кошулуп, 2004-жылдан бери бүтпөй келген спорт залы ишке берилгени турат. Бул айылдын залын куруп берүү үчүн 18 млн сом “Ысык-Көл” өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Жакынкы аралыкта ачылыш аземи болгон соң, толук кандуу уруксат берилет. Түп айыл аймагынын башчысы Советбек Исмаиловдундун билдиргенине караганда, Шаты айылында баардык шарттар болуп, бир гана спорт зал жетишпей келген. Ал эми жаштар комитетинин мүчөсү Кутман Каабаев буга чейин эч кандай машыгуу залы жок болсо дагы, волейбол оюнунан Ысык-Көл облусу боюнча баш байгени берген эмес. Эми буйруса Республика боюнча чыгабыз деген ниеттери чоң. Ал эми залга дал ушул айылга эмгеги сиңген спорттун чебери Кубан Асаналиевдин ысымын ыйгарууну чечишти. Жакынкы аралыкта ачылыш аземи болот.

 

Кутман Каабаев, Шаты айылынын жаштар комитетинин мүчөсү

– Таза суу маселеси көп жылдардан бери көйгөй болуп келе жатыптыр. Тактап айтканда атамдын учурунан бери. Буйруса жакынкы аралыкта таза суу “Ассалам” фондусунун жардамы менен чыкканы турат. Азыркы учурда иштин 60 пайызы бүтүп калды десем болот. Ал эми айылдын жаштары казуу иштерин толугу менен колго алдык. Жумуш Кудайдын улуу күнү айт намаздан соң жапырт иштей баштадык. Колубуздан келишинче кандай жардам болбосун берип келүүдөбүз. Ушундай кайрымдуулугу үчүн Арап туугандарга рахмат.

 

Дөөлөтбак Молдогазиев, Шаты айылынын ардактуу ардагери

– Суу маселеси жылдан жылга татаалдашып баратат. Ылдыйкы айылдыктар баарыбыз сууну жөө-жалаңдап ташып ичип келүүдөбүз. Аңызыбызды сугарганга да суу жетпейт. Бул маселе союз мезгилинен бери уланып келе жатат. Суу адам менен айбанга бирдей керек экен. Ушул бизге суу алып келген Арап туугандарга чоң рахмат. Даражасы жогоруласын.

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru