Айбат » Кызалаковду сотко берем дейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кызалаковду сотко берем дейт

Т.КызалаковКочкор райондук мамлекеттик газетасы болгон Эмгек Туусун сотко берүү боюнча аракет кылам дейт. Мындай билдирүүнү Кочкор районунун Исакеев айылынын тургуну С.Жайлообаев билдирди деп маалымдайт аймактык кабарчы

Анын айтымында буга чейин Кочкор райондук Эмгек Туусу  газетасы чыркырап чындыкты издеп жүргөн бир катар Кочкордун тургундарын «Түшүнбөстүкпү же деген» темада макала жарыялаган эле . Макалада Кочкор райондук сотунун төрагасынын интервьюсу камтылып бирок жергиликтүү чындык үчүн нааразычылыкка чыккан эч бир тургундун оюн жазбай туруп кайра бизди каралаган эле. Ошол макала чыккан соң мен өз атымдан Өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлү А.Кайыповго арыз менен кайрылгам. Өкүлчүлүк бул иш боюнча Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына тапшырыптыр. Кочкор райондук администрациясы мага жооп кылып Эгер Эмгек Туусу кандайдыр бир кызыкчылык менен сиздерди каралап жазган фактыңыз болсо сотко кайрылыңыз деп жооп кайтарды. Менин таңкалганым мындай бул Эмгек Туусу газетасы мамлекеттик газета болуп эсептелет.

Эми ушул мамлекеттин бир бутагы болгон Өкүлчүлүк ошол эле Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы эч кандай чара көрүү жок дегенде эскертүү берүүнүн ордуна мага сотко кайрыл деп жооп жазып атышат. Маданият министрлигинен дагы кат келди эч кандай укук бузуу жок деген.  Эгерде жеке менчик газета болсо анда эч кандай каршылыгым жок болмок. Пенсиядагы адам башкаларга орун бербей жатышы эле укук бузууга жатат. Сокурга деле көрүнүп турбайбы берчүсүн берип коюп «маймыл» деле олтура берсе болот экен деген түшүнүк болуп жатат. Азыркы учурда тиешелүү документтерди топтоп сотко кайрылуу боюнча аракеттерди жумшап жатам дейт С.Жайлообаев.

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. КЫЗАЛАКОВ “эмгек туу”да турганда бир да макала бербеймин.

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru