Айбат » Абдылдажан Акматалиев: “Түшүмдө Чыңгыз агайга Нобель сыйлыгы берилиптир…”ф

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Абдылдажан Акматалиев: “Түшүмдө Чыңгыз агайга Нобель сыйлыгы берилиптир…”ф

Абдылдажан АкматалиевАр бир кыргыз инсаны өз мекенинин өнгүшүнө ар тараптан жардамдашып, колдорунан келген салымдарын кошкон инсандар арабызда чанда гана кездешет. Алардын бири болгон биздин сыймыгыбыз, кыргыз элин, жерин дүйнөгө өзүнүн чыгармасы менен тааныштырган Чыңгыз атабыз болгон. Чыңгыз атабыздын чыгармасына кызыгып, ал чыгармаларды талдап ар дайым жанында жүргөн Абдылдажан агайыбыз болгон. Бүгүн бизде улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов атабыздын жанында жүрүп, ал адамдын адамдык сапатын башкаларга караганда көп билген Абдылдажан агайыбыз конокто

 – Абдылдажан  агай, сиз жетектеген “Манас”, “Эл адабияты”, “Залкар акындар”, “Залкар күүлөр” ж.б. у.с. илимий долбоорлордун ар бирин коомчулугубуз жакшы кабыл алып, ыраазычылык билдирип келет. Ошону менен бирге сиз бир жыл айлантпай жаңы идея, демилге көтөрүп жакшы саамалык баштап, “Токтогул”, “Алыкул” энциклопедияларын чыгарып, “Сагымбай энциклопедиясын” басмага тапшырыпсыздар. Азыр энциклопедиялардын заманы келдиби?!

– Маданий-адабий энциклопедиялар бүгүнкү күнү өтө керек. Анын маанисин айтпаса да түшүнүктүү. Мен айтайын дегеним – ушул багыттагы максаттарыбыз орундалып, “Саякбай”, “Айтматов” энциклопедиялары  да окурмандарга жетсе өзүнчө эле руханий бийик пирамидаларды  куруп койгон болор элек. Биздин максатыбыз, сыймыгыбыз да, дүйнөнү таң калтыра турганыбыз да руханий байлык. Энциклопедия – бул илим-билимдин топтолгон жыйындысы. Биз энциклопедияларды даярдоодо жана басып чыгарууда дайыма демөөрчү издеп келебиз. Чынын айтайын бир жыл ичинде үч залкарга арналган үч энциклопедияны жазып, басмадан жарык көргөзүүнүн өзүн чыгармачылык, илимий эрдик деп айтар элем. Академиянын жана жогорку окуу жайларынын гуманитардык багыттагы окумуштуулары ар-намыстуулук менен иштешкенине ыраазычылык билдирем. Азыр жаштар да такшалышып, чоң күч болушууда. Сен туура баалаган экенсиң, энциклопедиялардын учуру келип турат, аларды даярдаганга тажрыйба уламдан-улам  топтолуп баратат. Мени кубандырганы – совет бийлиги учурундагыдай коллективдүү иштерге илимпоздордун биригиши. Болбосо эгемендүүлүктөн кийин ар бири өз алдынча жеке кызыкчылыкты эле ойлоп калган эле.

– Интернеттен карасак Казакстанда “Абай”, “Ауэзов”, Өзбекстанда “Навои”, Түркменстанда “Махтумкули” энциклопедияларын Өкмөттөрү өздөрү кызыктар болуп, финансылык, чыгармачылык шарт түзүшүптүр. А бизде ушундай камкордук кылса болбойбу?

– Албетте, болот! Балким, болуп калар. Анын үстүнө бир жакшы иш жасасаң жеке бирөөнүн иши, кызыкчылыгы  катары кайдыгер кабыл алышат. Мына, улуу манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантында “Манас” эпосунун академиялык басылышы 90 жылдан кийин түп нускадан 22 жылда араб арибинен 9 томдук болуп чыкты. Бул илимий да, маданий да зор тарыхый мааниси бар көрүнүш. Ушул  окуяга маани берген жан жок. А чоңдун же бир бизнесмендин жеке өмүр баянын чагылдырган китеби чыгып калса тим эле теле-радио, басма сөздөр, ак үй, көк үй дебей мактап жатып калышат. Мен ушундай көрүнүшкө капамын. Ошону менен бирге турмуш-тиричиликтин айынан байкалбай, билинбей көп нерселер да унуткарылып, көңүлдөн сырткары калып бараткандай.

– Конкреттүү айтсаңыз?

– Эгемендүүлүк алгандан кийин өз алдынча сомубузду киргизип, аларда маданият менен адабиятыбыздын  атактуу инсандарыбыздын элестерин түшүрүп, алардын эмгектерин баалагандай болдук элек. Бир сомго биринчи композиторубуз Абдылас Малдыбаевдин, 5 сомго  дүйнөгө белгилүү балерина Бүбүсайра Бейшеналиеванын, 10 сомго алгачкы адабият өкүлүбүз Касым Тыныстановдун элесин сонун кылып  тарттык. Анан темир акча чыккандан кийин эле алардын элесин таптакыр “тап” катары жоюп салдык. Бул эмне дегендик?! Эч бир түшүнбөйм! Андай кылбай эле  ошол темир сомдорго А.Малдыбаевдин, Б.Бейшеналиеванын, К.Тыныстановдун элесин деле чөгөрүп койсок болбойт беле?! Сөзсүз эле алып ташташ керек беле?! Эртең 20, 50, 100, 200, 500, 1000,5000 темир акчалар чыгып калса Тоголок Молдонун, Курманжан датканын, Токтогулдун, Саякбайдын, Сагымбайдын, Чокморовдун өң-элесин да жок кылабызбы?! Анда неге алардын элестерин акчага түшүрөбүз?! Мындай караганда жөнөкөй көрүнүш болушу мүмкүн, эгерде маани берсек, бул аркылуу маданиятыбыз менен адабиятыбыздын өкүлдөрүн  акырындап турмушубуздан сүрүп чыгарып бараткандайбыз. Кеп алардын элесин коюп коюшта эмес. Эмне үчүн акчага атактуулардын элеси коюлат?! Себеби, улуу адамдардын өмүрүн, жасаган ишин, чыгармачылыгын жашообузда өрнөк, үлгү көрсөтүү. Чоң таалимдик, тарбиялык мааниси бар.

– Туура айтасыз! Акча бирдиги турмушубузда эң кеңири кары дебей, жаш дебей  колдонулат эмеспи, биз гана эмес чет элдиктер деле атактуу адамдарыбызды таанып калышмак да! А сиз кандай ойлойсуз, улуу жазуучубуз Айтматовдун элеси түшүрүлгөң акча бирдиги эмнеге кечиктирилип жатат?! Эгерде элеси келтирилсе канча сомдукка койсо болот деп ойлойсуз?

– Акчага улуу адамдардын элесин коюу дүйнөдө кеңири жайылтылып келген практика. Совет учурунда бир эле Лениндин сүрөтү 10, 25, 50, 100 рублдерге коюлган. Чындыгында билинбеген бул да өзүнчө чоң идеология, чоң саясат болгон. Кытайда да Маонун, Турцияда Ата Түрктүн  сүрөттөрүн ушундай эле мааниде колдонулуп келген. Бизде сом бирдигин атактуу инсандардын элесин чагылдырууда чаржайыттуулук бар экени коомчулукта айтылып калып жүрөт. Калыстык болсо Сагымбайдын, Махмуд Кашкаринин  элестери  да түшүшү керек эле. А Айтматовго келсек, Айтматовду мынча сомго койсо деп баалай албайм, Айтматовдун кадыр-баркын акча каражат менен өлчөөнүн зарылдыгы жок деп ойлойм. Акча бирдиктерине кандайдыр бир адамдарды бөлүштүрүүнү өзүнө мен түз айтсам жеке каршымын. Маданиятка, адабиятка, илимге, искусствого эмгек сиңирген инсандардын ордун  акча бирдиги менен таразалоонун өзү түп тамырынан бери туура эмес. Аларды унутпай, аларга тарыхтан өз ордун жана ролун жакшылап берсек – мына ушул сыймык. Маданиятка байланыштуу болсо керек, жогорудагы сөздөр чыгып кетти.

– Бул да керек да! Сиз өткөндө Сагымбайдын “Манасы”  менен Айтматовдун “Кассандра тамгасындагы” эмбриондор жонүндө кызыктуу макала жаздыңыз, анан бир илимий докладыңызда Саякбай Каралаевдин чыгармасы жөнүндө да ушул темага кайрылып калдыңыз, жалпы  окурмандарга бул жөнүндө айта кетсеңиз жакшы болор эле.

            – Турмуштук окуяларда мындай көрүнүштүн бир учурун кездешерин улуу манасчы Саякбай Каралаев да  1958-жылы басылып чыккан “Азапты көп көргөн Кубат” аттуу даректүү чыгармасында баяндайт. Саякбай Каралаев эле арасында көп кыдырып, “Манас” айтып, ошону менен бирге элден да ар түрдүү окуяларды угуп, укмуштуудай окуяларга ишенип-ишенбей, эскерүүлөрдү жараткан. Мына ошолордун бири – Азапты көп көргөн Кубаттын” прототибин мамлекеттик жана коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры Өкөш Түлөбердиев түзөт. Жетимиш жаштан Түлөберди карыянын элүү жаштагы зайыбы Кенжейдин боюнда болот. Эненин курсагындагы баланын ыйлаганына таң калышып, түлөө беришет.

Жок нерседен бар болуп,
Тар курсакта жатыпмын.
Тогуз айга толгондо,
Шордуу энемди кыйнапмын.
Ичинде жатып ыйлапмын.
Билбес элдин баарысы,
Жашы менен карысы,
Акылынан шашыптыр.
Жалгыз үй таштап атамды,
Жабыла баары качыптыр.
Эчен күндөр өткөн соң,
Эркек төрөп энекем,
Курсант кылып атамды,
Көк боорук таап союптур,
Атымды Кубат коюптур.

Мына ушул реалдуу болуп өткөн окуяны каарман өзү баяндап отурат. Укмуштуу окуялардын уландысы катары Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Жети-Өгүз районунда жашоочу аялдын боюндагы бала да сүйлөгөндүгү жөнүндөгү кабар басма сөз беттеринде да жарык көргөндүгүн белгилесек болот.

Чыңгыз Айтматов мындай алганда фантастиканы жазбай эле реалдуу турмушту жазгандай…

– Чыңгыз Айтматов жөнүндө эмне айтмакчысыз?

– Чыңгыз агай өткөндө үч жолу түшүмө кириптир. Мурдагыдай түшүмдө Чыңгыз агайды бат-бат көрбөй калдым. Бирок, Чыңгыз агай түшүмө киргенден кийин  жеңилдеп, көңүлүм көтөрүлүп калат.

Ошол 15-апрелде көргөн түшүмдө Чыңгыз агай “бир конференцияны сен уюштурдуң беле?” – деп сурады. Мен “ооба” деп жооп бердим. “Андай болсо эмнеге илимий докладды өзүң жасабай, бирөөгө ордуңду берип койдуң” – деди. Мен эмне дээримди билбей, апкарый түштүм. Анан Чыңгыз агайдын оң колун кармап “агай экинчи антпейм, кечириңиз”  деп өтүнүп жатыптырмын. Агай көпкө муюган жок, убакыт өткөндөн кийин таарынып жазылгандай болуп, кармаган колумду эркин, жылуу-жумшак гана коё берди.

22-апрелде, 2015-жылы Чыңгыз агайды түшүмдө  көрдүм. Экөөбүз ээн көчөдө сүйлөшүп жатыптырбыз. Негизги сөз чыгармачылык жөнүндө болуп жатыптыр. Чыңгыз агай чыгармачылыгы тууралуу эки томдук аз болуп калат, үч том кылуу керек деген сунушун билдирип, мен болсо  “андай болсо Гачев сыяктуу окумуштуулар бизге жардам беришсе жакшы болор эле” деп өтүнүч жасапмын.

Анан үчүнчүсүндө 22-июлдагы түшүмдө үйүндө тамактанып отурабыз. Карасам эмнегедир бадыраңдан жасаган шорпо ичип жатат. “Ии бадыраңдан да шорпо болот турбайбы” – деп ичимден ойлоп коём. Бир маалда чыгармачылык жөнүндө сөз болуп, анан Чыңгыз агайга мен “Нобель сыйлыгын Сизге беришиптир” – деп күтүлбөгөн кубанычтуу кабарды угузуп жатыптырмын…

– Кызык түш экен. Балким, Сиз ал жөнүндө көп ойлогондон болсо керек. Сиз Айтматовдун реалдуу турмушта да Нобель сыйлыгына татыктуу болгон, бирок … деп жазганыңыз бар эмеспи?

– Ооба! Бирок, ал фактыны саясат бир заматта жокко чыгарып койгон болчу да!

Маектешкен Рахатбек Рысалиев



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru