Айбат » Жазгүл Беккелдиева, визажист: “Макияж айымды өзгөртүп, сулуу гана кылып койбостон, өзүн ишенимдүү, сулуу, назик, эркин алып жүрүүгө үндөйт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жазгүл Беккелдиева, визажист: “Макияж айымды өзгөртүп, сулуу гана кылып койбостон, өзүн ишенимдүү, сулуу, назик, эркин алып жүрүүгө үндөйт”

Жазгүл Беккелдиева“Сулуулук дүйнөнү сактайт” дегендей сулуулук айланасындагы бизди кызыктырган суроолорубузга кесипкөй адис Жазгүл Беккелдиева жооп кайтарды.

 - Жазгүл айым, “Макияж айымдардын жүзүн толугу менен өзгөртөт” дегенге кошуласызбы?

– Ооба, албетте. Макияж айымды өзгөртүп, сулуу гана кылып койбостон, өзүн ишенимдүү, сулуу, назик, эркин алып жүрүүгө үндөйт. Макияж- бул өзгөчө бир искусство. Макияжды туура техникасы менен жасаса, айымдардын жүзүн түрдүү кылып өзгөртсө болот. Эгер макияж туура эмес тандалып жасалса, анда сулуу келбет болуп турса да, аны сулуу эмес кылып көрсөтүп коёт. Кээде макияж жасалган соң, айымдардын жүзү өзгөрүп калгандыктан аны тааныбай калган учурлар көп кездешип турат. Андыктан, макияжды да иш билги адамдар жасашы керек деп эсептейм.

- Күнүмдүк макияж башка макияждардан эмнеси менен айырмаланып турат?

– Күнүмдүк макияж эң жөнөкөй, ашыкча боётор, ачык түстөр колдонулбагандыгы менен башка макияждардан айырмаланып турат. Күнүмдүк макияжга күндүзгү чаңдан, сууктан, күндөн коргонуучу бет майларды, декоративдик боёкторду колдонсо абдан жакшы болот. Себеби, күнүмдүк жашоодо профессионалдык макияжды жасап көчөгө чыгуу көпчүлүктү кызыктырып, бир аз ыңгайсыздыкты, жагымсыздыкты тартуулайт.

- Сиздин кардарыңыз эки сааттан соң кайсы бир кечеге барат. Бирок, кардарга сиздин жасаган макияж жакпай калды. Эмне кыласыз?

– Кудай сактасын андай кырдаалдар буга чейин менде боло элек. Мындан кийин деле болбой эле коюшун каалайм. Ошентсе да, андай кырдаалдардан чыгуунун өз жолун издемекмин. Себеби, визажист алдын ала даяр болот. Баардыгын кардар менен кеңешип, анын суроо-талабын эске алуу менен гана ишке өтөт. Мен мага азыр эле келе калган айымдарга дароо макияж жасай салбайм. Макияжды жасоонун өз эреже, техникалары бар. Мисалы, эң жөнөкөй үлпөт тойго макияж жасоо үчүн кардар айымды он же бир жума макияжга даярдайбыз. Турмушка чыгып жаткан кыздар кээде аябай ачуулу келип, чарчап, кээде эч нерсеге көңүлү келбей жатканда макияжга келишет. Мындай учурда макияж жасоо туура эмес. Алдын ала диета кармап, эс алып, өзүн бир калыпка салып алган соң макияж жасалса, ал кечеде баарынан өзгөчө, назик, сулуу келинчек болуп чыга келет.

- Айрым учурда кардар айымдар визажисттерге акыл үйрөтүп, ишине кийлигишкендер четтен чыгат эмеспи. Бул туурабы?

– Эми адамдар ар кандай болот эмеспи. Табит менен эч талашып-тартыша албайбыз. Кимдир бирөөгө чектелүү стилдер жагат, кээ бирине улам өзгөрүп тууруу жагат дегендей… Айрымдары өзүлөрүнүкүн бербей, “Мага ушундай жасашың керек” деп туруп алышат. Ал учурда эрежелерди бузуп, алардын айткандарындай жасоого туура келет. Бирок, тилекке каршы бет түзүлүш, каш, мурун, ооз ар кимдики ар башка. Бир типтеги бет түзүлүшкө макияждын бардык түрүн жасай берүү болбойт.

Жазгүл Беккелдиева- Визажисттин окуусун бир ай аралыгында окуп үйрөнүп чыгууга болобу? Азыркы тапта бир ай билим алып, дипломун колго алган кыздар аябай арбын болуп кетти го…

– Туура, айтасыз. Бир ай окуп алып эле дипломду колго алган болбойт. Дипломду колго алуу үчүн көп убакыт изденип окуш керек. Визажисттин курсун азыр ар ким ар кандай окутуп жатат. Бул абдан жоопкерчиликтүү жумуш. Бул жумуш менен көчөдө жүргөн адам алектенбеш керек. Бир же эки жума окуп, диплом алгандар азыр ишсиз жүрүшөт. Себеби, алар кесипкөй адис эмес.

- Визажисттердин моралдык айырмачылыктары кандай? Мырзалар да визажист боло алышабы?

– Айырмасы абдан чоң. Мырзалар деле визажист боло алышат. Визажист болуш үчүн мыкты сүрөтчү болуу керек. Сүрөт тарткан мырзанын колунан келсе, ал визажист боло алат. Бирок, менин жеке пикиримде бул кесип айымдарга тиешелүү гана кесип болуп саналат. Тилекке каршы мырзалардын көпчүлүгү бул кесип менен алектенгенде майдачыл болуп, жеке жашоосу менен жумушун аралаштырып жиберип жатышат. Кээ бири аялзатына тап такыр эле окшошуп кетип жаткандары да жок эмес. Бул албетте өкүнүчтүү.

- Кандай гана кардар менен конфиликт болбосун визажист өзүнүн укугун кантип коргой алат?

– Макияж кардарга жакпай калганда, туура эмес боёлгондон көп конфликттер чыгат. Бирок, мен буга чейин эч ким менен конфиликтке барган эмесмин. Визажист келген кардарына сылык мамиле жасап, туура тандалган макияжын жасап берсе, конфликт эч качан болбойт деп билем.

- Түнкүсүн колдонула турган бет май менен күндүзү колдонула турган бет майдын айырмасы эмнеде?

– Түнкүсү колдонула турган бет майлар дароо эле бетке сиңип кетпейт. Ал көп убакытта барып сиңет. Аны текстурасы күндүзгөдөн башкача. Ал эми күндүзгү бет май жеңил, сиңимдүү болгондуктан, дароо сиңип өзүнүн жыйынтыктарын бере баштайт.

- Эми жалпы биздин окурман айымдарга кандай кайрылууңуз бар!?

– Жалпы айымдарга айтаарым эч качан жалкоо болбогула. Өзүңөрдү өзүңөр сыйлагыла. Өзүңөргө ар дайым кам көрүп, таза, тыкан, назик алып жүргүлө дээр элем.

 Нурзат Бектемирова

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru