Айбат » Нурхан, ырчы: “Жалаң кыздар жана мен”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Нурхан, ырчы: “Жалаң кыздар жана мен”

Нурхан3-август күнү Бишкектин бир караоке клубунда бет ачаары болгон, Нурхан аттуу жаңы жылдыздын ырынын аталышы дал ушундай – “Жалаң кыздар жана мен”.

Бул бет ачаарга ырчынын жакындары жана масс медиянын өкүлдөрү күбө болуп, ырга тартылган клиптин сапаты мыкты болгонун белгилеп, ырчыга дагы-дагы ийгиликтерди каалап, куттуктап кетишти.

Нарын облусунун Кочкор районунун Төлөк айылынын кулуну Турганбеков Нурхан, 2008-жылы мектепти бүтүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган.

Менин апам укмуштуудай ырдайт. Ал эми бир туугандарым чогулуп, тойдо отурганда шаан-шөкөт менен концерт болуп кетет”, – деген Нурхандын таланты канында бар экен.

Атасынан 2007-жылы айрылып, азыр Нурхандын чыгармачылыгын байкеси жана башка үч бир тууганы колдоп келет.

Азыр сүйүү издебей эле жүрөм”, – деп, азырынча бойдок, жүрөгүнүн ээси табыла элек экенин да айта кетти.

Туңгуч ырынын сөзүн Курманбек Урманбетов жазып берсе, ал эми обонун Съездбек Искеналиев келтириптир.

Чыгармачылык туулган күн кут болсун, жылдызың жанып, далай-далай ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанда эле эмес, Кыргызстандын желеги менен алыскы өлкөлөргө дагы өнөрүң өркүндөй берсин демекчибиз!

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru