Айбат » Парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, бизде бийликтин маданияты пайда болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, бизде бийликтин маданияты пайда болот

Темир СариевПремьер-министр Темир Сариев Талас облусуна иш сапары менен барып, Жерүй кенинин иши менен таанышып, Бекмолдо айыл өкмөтүндө облус тургундары менен жолукту. Кенди иштетүү укугун алган “Восток-Геолдобыча” компаниясынын өкүлдөрү алтын иштетүүчү комбинат жана жумушчулар шаарчасын куруу планы боюнча маалымат берди. Эл алдында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы алгач, өлкөдөгү жалпы кырдаал, ишке ашып жаткан улуттук долбоорлор тууралуу жергиликтүү элге маалымат берди. Талас облусунун бир жылдык кирешеси – 589 миллион сом, ал эми Республикалык бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сом бөлүнөт. Эгер Жерүй кени ишке кирсе аймак дотациядан толугу менен чыгат. Жерүй ишке кирсе, элеттиктерге  жаңы жумуш орундар түзүлүп, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор ишке ашат.  Аны менен катар Жерүйдөн түшкөн каражат өлкөдөгү авариялык абалда турган мектеп имараттарын оңдоого жана жаңы мектептерди салууга жумшалат.

“Өкмөт өлкөдөгү 2222 мектеп жана 809 бала бакчанын абалын текшерип чыкты. Учурда 263 мектеп кайрадан курууга жана толугу менен оңдоодон өткөрүүгө муктаж экен. Буга байланыштуу Өкмөт Жерүйдөн чыккан каражатка өлкө боюнча 100 мектептин имаратын кайрадан куруп дагы 100 мектептин имаратын толугу менен оңдоодон өткөрүүнү пландап жатат. Биз учурда балдарга кам көрбөсөк эртеңки келечегибиз бүдөмүк болот”.

Кенди иштетүүгө уруксат берилгени менен өкмөт тарабынан экологиялык талаптар катуу көзөмөлдөнөт. Буга байланыштуу Темир Сариев айыл элин башкаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келип түшкөн каражаттын эффективдүү пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.

 

Парламенттик шайлоону таза өткөрсөк, бизде бийликтин маданияты пайда болот

Премьер-министр Темир Сариев жолугушда,  алдыдагы шайлоо акыл калчап, ойлонуп добуш берүүгө чакырды. “Биздин астыбызда чоң сыноо турат. 2010-жылдан кийин Роза Отунбаева эгемен өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу бийликти тынч, мыйзамдуу жол менен азыркы президент Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берди. Эми биз күзүндө парламенттик шайлоону ачык таза жана акыйкат өткөрүп тынчтык жолу менен кийинки чакырылыш өз ишин баштаса, бизде бийликтин маданияты пайда болот. Элдер добушун сатпай, өзү ишенген партияга добуш бериши керек”-деди өкмөт башчы. Аны менен катар, “Быйылкы өтө турган шайлоо жаңы технологиялар менен өтүп, таза жеңүүчүлөр аныкталат. Азыркы тапта президент да Жогорку Кеңеш да ушул жыйынтыкты ийгиликтүү ишке ашса деп күтүп жатышат”- деп кошумчалады Сариев.

 

Талас облусу бир эле “Жерүй” менен дотациядан чыгып кетет

Өкмөт башчы Таластагы иш сапарынын алкагында “Жерүй” алтын кенине барып, ишканын абалы менен таанышып, андагы Бекмолдо айылынын тургундары менен жолугуп, узакка созулган түшүндүрүү иштерин жүргүздү. “Жерүй кени союз маалында эле ар тараптуу толук иликтенип чыккан. СССР бир жыл урабай турганда кен ийгиликтүү ишке кирмек”-деди Сариев. Андан кийин кенди иштеткенге инвестор жок болуп, мамлекет жаңы эле бутуна туруп келатканда, шылуундар келе баштаган. Алардан ошол кездеги бийлик төбөлдөрү пара сурап, иш оңунан чыкпай келген. Убагында кенди иштетүүгө болгону 300 сомго уруксат кагазы берилген. Аны Борис Березовский алган. Кийин кен болгону 120 млн долларга сатылган. Ал кезде алтындын баасы кымбат болчу. 2010-жылдан кийин бардык документтерди көтөрүп, ошондогу лицензияны жокко чыгарып, 2012-жылы кен мамлекеттики деп мыйзам кабыл алдык. Мындан кийин уруксат кагаздары эки гана жол менен берилет. Биринчиси тендер: Ири компанияларга тендер ачык таза өткөрүлөт. Кайсыл компания ошол сынактан жеңип чыкса ага мамлекет кенди иштетүүсү үчүн татыктуу шарт тузүп берет. Анткени алар мамлекеттик деңгээлдеги стратегиялык аймактар болуп саналат. Экинчиси аукцион: майда 200-300 кг ашык калдыгы менен, мындан сырткары кошумча минералдык байлыктары менен табылган кендерге аукцион жолу аркылуу уруксат кагаздары берилет. Ким көп акча төлөсө ошол аукциондон жеңүүчү аталат. Анткени мамлекетте лицензия сатканга тыюу салынган. Ал эми экология жагын карай турган болсок, талаптар катуу коюлган. Кечээ эле Жерүйдөн мамлекеттик бюджетке 170 млн сом түштү. Ал жергиликтүү бюджеттин акчаны, аны колдонуунун мыйзамдуу эрежелери бар. Айрымдары бөлүп алалы деп сунуш киргизип жатышат. Андай болбойт. Жылына салыктан облуска 586 млн сом түшөт экен. Бул жерде бир эле ишканадан 510 млн сом түшөт. Эки жыл катарынан бюджетке 100 млн кийинки жылдардан баштап 150 млн сомдон каражат түшүп турат. Бул акча тойлорго же айлык акыга кетпейт. Элдин келечегине, эртеңки турмушун жакшыртууга сарпталат. Мектеп, спорт зал, бала бакча, тигүү цехтери, чакан ишканаларды салабыз десеңер берилет. Иштеп баштаган соң 18 айдын ичинде фабрика салынат. Андан жылына 1 миллиард сом салык түшүп турат. Талас эли бир эле ишкананын эсебинен дотациядан чыгып кетет. Картошка, төө буурчак айдап эле отура берген болбойт. Алар күнүмдүк муктаждыкты жабышы мүмкүн. Бирок келечекке кам көрө албай жатабыз. Арканды алыс таштап келечек муунга түзүлгөн шартка алыстан көз жүгүртөлү. Фабрика ишке кирсе, жумушчулардын 90 жергиликтү элден болот. Эми мамлекеттик деңгээлде клеишим түзүлүп, инвестор акчасын салып иштетейин деп жатса анын коопсуздугу үчүн эгемен өлкө катары кепилдик беришибиз керек. Антпесе биз мамлекет болбой калабыз. Эл аралык сотко берет. Ишеничтен таябыз.

 

Мамлекет оңолсун десек, ишке тоскоол болбойлу

Чогулган элдин суроолоруна жооп берип жатып өкмөт башчы элди сабырдуу болууга, ар кандай тоскоолдуктарга жол бербөөго чакырды. “Эгерде  мамлекетте тартип болуп, мыйзамдуулук орносун десек, биз баарына тең бирдей мамиле кылышыбыз керек. Араб өлкөлөрүндө Дубай 1970-жылдары какырап жаткан чөл болчу. 1974-жылы эле түптөлдү. Ага чейин ал жердеги элдер кумта төө минип, курма өстүрүп, жээкке барып балык кармап деңизден бермет издеп жан бакчу. 30 жылдын ичинде Дубай дүйнөдөгү эң мыкты өнүккөн аймактын алдыңкы сабына чыкты. Аларга кудай сабырдуулук бериптир ошол кумдун асты толгон нефти менен газ болуп чыкты. Бизде болгону 1 млн сугат жерибиз бар. Аны да четинен сатып азайтышты. Калган 95 пайызы тоолор. Бирок кудай бизге да бир сабырдуулук бериптир. Ошол тоонун баары асты кен-байлык. Кубаттуу мамлекет куруп, келечекте балдарга кам көрүп пайдубал түптөйлү десек анда ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланалы. Аларга шарт түзбөй ыр-чыр менен кете берсек, келечек бизди кечирбейт. Биз балдарды сабатсыз кылсак, шарт түзбөсөк-бул кечиримсиз. Азыр баарыбыз эколог, геолог, токойчу болуп кеттик. Билимибиз бары да жогу да баары эле кыйкырып чыгат. Кичине ойлонолу туугандар. Мына азыр жарым миллион кыргыз сыртта жүрөт мигрант болуп, жумуш жок деп. Жумуш орундарын түзөлү десе, эч ким аны иштеткиси келбейт. Жол тосуп, ачкачылык жарыялап чыга келишет. Ар бир нерсенин эрежеси жолу бар. Анын баары көзөмөлгө алган мыйзам бар. Ушулардын баарын эске алып келечекке олутту көз караш менен кылдат мамиле кылалы”-деди Темир Сариев.

 

Таластагы Жерүй боюнча эксперттин көз караштары:

Асанкадыр Жунушов Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институнун директору: “Шайлоодон упай топтогусу келген капчыктуулар Таластыктарды Жерүйгө каршы үндөөдө”.  Бүт дүйнө жүзү алтынды кантип өндүрүүнү, анын зыяндуу жана пайдалуу жактарын эбак эле иликтеп чыгышкан. Андан кооптонуунун кажети жок. Бек-Молдо айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Жерүй алтын кени боюнча туура тендер өткөн эми иш баштаар алдында ушундай тоскоолдуктар чыгып жатат. Азыркы тапта өкмөттүн абалын көрүп турабыз. Кайсыл бир жерден киреше түшө турган болсо, биз эмне үчүн андай мүмкүнчүлүктү кое беришибиз керек. Экономиканы алдыга жылдыруу зарыл. Таластыктарга пенсия, пособия кереги жокпу. Аймактын инфраструктурасы өсүп, элдин социалдык турмушу оңолсо жаманбы. Бир эле Жерүй эмес, Кумтөр, Талды-Булак, Макмал деле иштеп жатпайбы. Алардан канча киреше түшүп жатканын жергиликтүү эл кабары жок болсо керек. Куру кыйкырыктардан экологиянын зыяндуулугун ал чөйрөдө иштебеген маалымат жок эле жарандар айтып чыгышты. Элге анчалык каршы чыгуунун кереги жок.  Мындай митингдерден эбак эле өтүп кеткенбиз. Менин оюмча бул оюндарды алдыдагы шайлоодо упай топтоп элге жакшы көрүнгүсү келген аттуу-баштуу эле капчыктуулар уюштуруп жатат. Утурумдук капчыктан эртеңки келечекти өйдө коелу.

Шайлообек  Мусакожоев Экономика илимдеринин доктору, профессор:

“Өлкөдө тартипсиздик аша чаап, демократия анархияга айланып баратат”. Таластыктар тартипсиз болуп алышты. Ушинтип чыга берсе, эч нерсе өспөйт, экономика бир калыпта тура берет, ал тургай артка кетет. Жерүй боюнча сынак жарыяланды. Ага 3 компания катышып бирөө утуп чыкты. Өкмөт бул ишти толук көзөмөлгө алып, колунан келген аракетин көрүп жатат. Кыргызстандын аймагындагы бардык табигый байлыктар жалпы элдики. Таластыктан чыгып алып курулай кыйкыра бергенде эч нерсе өзгөрбөйт. Таластыктар чыгып алып эле чокчоңдой берсе кантип өсөбүз? Ансыз деле биз көп мамлекеттерден артта калдык. Мисалы: Казахстан менен бирдей эгемендикти алып, азыркы тапта аларды адам башына эсептелген ички дүң продукциясынын көлөмү 11 миң АКШ долларына жетти. Биздики 1100 доллар. Дүйнөлүк банк 950 доллар деп көрсөтүп жатат. Биздин экономисттер ары бери жактан кошумча иштеп атабыз деп, көрсөткүчтү 1100гө араң чыгарды. Бизде кандайдыр бир жакшы иш жасалса, артында сөзсүз каршы чыккандар болот. Качанкыга чейин тытышып эле жүрө беребиз? Демократияны анархияга айландырбашыбыз керек. Уюштургандарды камаш керек. Тартип болбосо өсүү кайдан болсун? Элдер да сүйлөп, болбогон кептерди айтып, оюн кылып жатышат. Өкмөттүк мүмкүнчүлүгү бар, ушундай ишке тымызын элди кузгутуп койгон атка минерлерди жоопко тартыш керек . башаламандыктан эч качан оңолуу болбойт, инвесторлор да келбейт, мамлекет ишенимден тайып, бюджет артка кетенчиктей баштайт. Ошондуктан өкмөт катуураак эле тартипке чакырыш керек. Кээде демократияны туура эмес пайдалангандарга күч колдонуп койсо, бул жалпы  элге пайда. Оюна келгенди жасатып койсо анда өлкө бузулуп кетиши ыктымал.

 

Кемин районундагы  “Алтын-Кен” ишканасы: 

Өкмөт башчы Темир Сариев ишканадагы түзүлгөн шарттар жана анын учурдагы абалы менен таанышып чыкты.  Кемин районундагы Талды-Булак-Сол-Жээк кениндеги ишкана ушул жылдын аягына чейин 1 тоннага жакын алтын өндүрүшү керек.  Келишимге ылайык андагы жумушчулардын 90 жергиликтүү тургундар. “Алтынкен” ишканасы эми жыл сайын мамлекеттик бюджетке  286 млн сом салык төлөйт. Анын 82 млн сому райондук бюджетке түшөт. Өкмөт башчы Кемин районунун акимине түшкөн каражаттын бир бөлүгүн – социалдык обьекттерди курууга, экинчи бөлүгүн өнүктүрүү багытындагы, ишканаларды ачууга сарптоону тапшырды. Иш туруктуу жүрүп турса жумушчулардын саны мындай да көбөйөт. Иштеп жаткан жумушчулар орто эсеп менен 20 миң сомдон маяна алышат. Кендин ишке кириши менен Чүй аймагындагы социалдык муктаждыктар чечилет. Талды-Булак Сол Жээк кени өткөн кылымдын 60-жылдары эле чалгындалып, токсонунчу  жылдардан бери адистер кенди өздөштүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгып, ага инвесторлорду тартууга кызыкдар болгон.  Азыр аны толук кандуу ишке киргизүү аймактардагы көп социалдык маселелерди чечүүгө ачат.

Графика: “Алтынкен” ишканасында 60 тоннадан ашык алтын бар. Мындан тышкары кенде  60 тонна күмүштүн кору бар. Ошондуктан бул кенди өздөштүрүү өлкөнүн экономикасы үчүн олуттуу мааниге ээ. 2011-жылдан баштап ушул күнгө чейин ишкана  мамлекеттик бюджетке 500 миллион сомдон ашык салык төлөдү.  Эми ишке кирген соң жыл сайын 400 миллион сом салык төлөсө, анын 50 миллиону жергиликтүү бюджетке түшөт. Муну менен катар миңден ашык адам жумуш менен камсыз болот. Быйыл жыл аягына чейин комбинат 1 тонна 200 кг алтын өндүрүүнү көздөп жатат.

Учурда өкмөт абдан ири долбоорлорду ишке ашырууга аракеттенип жатат. Алардын катарында завод-фабрикаларды куруу, ГЭСтерди ишке киргизүү, электр линияларларын тартуу, сугат жерлерди өздөштүрүү долбоорлоору каралган. Бирок буларды ишке ашыруу үчүн ынтымак, биримдик жана туруктуулук керек. Ошондуктан өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды түшүнүү менен мамиле кылып, ишти алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө чакырды. Жергиликтүү эл өлкөнүн экономикасын салым кошо турган жакшы саамалыктарды колдой турганын билдирип, райондук бюджетке тушкөн каражаттан социалдык абалды ондоп улууга кызыкдар экенин кошумчалады.

 

Ала-Бука районундагы “Бозымчак” алтын кени тууралуу:

Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна сапардын алкагында Ала-Бука районундагы жайгашкан Бозумчак кениндеги «Казакмыс Голд-Кыргызстан» тоо кен иштетуучу ишканасынын ачылышына катышты. Анда Темир Сариев аталган комбинаттын ачылышы өлкө экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бул күн майрам катары кабылданаарын билдирди. Ушул аптада гана Талды-Булак Сол Жээк кениндеги «Алтын-Кен» ишканасы ишке берилгенин маалымдаган Премьер-министр бул сыяктуу бир катар ишкана, комбинаттарды ишке киргизүү улантылаарын билдирди.

«Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан тарта бир катар кыйынчылыктарды баштан өткөрдү. Өткөөл учурда фабрика, завод, ишканалар токтоп калды, жарандарыбыз башка өлкөлөргө иш издеп, Россия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө чыгууга аргасыз болушту. Ушундай учурда биз жаңы ишканаларды ишке киргизип, жумуш орундарын түзүп, мамлекетибиздин эгемендигин, кубаттуулугун бекемдеп, туруктуу өнүгүүсүн камсыздашыбыз зарыл. Биздин алдыбызда бир гана жол бар, – ал – өнүгүү жолу», – деп белгиледи Т.Сариев.

Комбинат буга дейре тесттик режимде иш алып барып жаткан, сентябрдын соңунан тарта ал толук кубаттуулукта ишке берилмекчи. «Андан жыл аягына дейре 200 млн сом салык түшсө, анын 50 млн сомдон ашыгы жергиликтүү бюджетке келип түшөт. Эгерде ишкана толук кандуу ишке берилсе, анда жылына мамлекеттин казынасына 400 млн сом которулат, ошол эле учурда миңден ашуун жумушчу орун пайда болот. Эки комбинаттан жылына 1,5 млрд сом салык түшөт, 2 миңге жакын адам иш менен камсыздалат.

Премьер-министр мындан тышкары Өкмөт Таластагы «Жерүй» кенин ишке берүү көздөлүп жатканын маалымдады. Кенди иштетүү үчүн уруксаат кагазы үчүн түшкөн 100 млн доллар каражатка республикада 100 жаңы мектеп салу жана дагы 100 мектепти капиталдык оңдоодон өткөрүү пландалып жатат Өкмөт башчы мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ушундай долбоорлорго тоскоолдук келтирүүнү каалаган жактар бар экендигин белгилеп, мындай адамдарды жоопкерчиликке тартуу жагы каралаарын эскертти. «Биздин мамлекет учурда «Тартип, тартип жана дагы бир ирет тартип» деген талаптын алдында иш алып баруусу абзел. Кыргызстан өзүм билемдиктен тажап бүттү. Кубаттуу мамлекет куруп, мектептерди, ооруканаларды, жолдорду, ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашырабыз десек, мыйзамды сактап, тартипке өзгөчө көңүл буруубуз зарыл», – деди Т.Сариев. Бирок кенди иштетүүгө тоскоол болгон фактылар да бар.

Бүгүнкү күндө Өкмөт аянты 90 чарчы метр келген 8 үй курууда, алардын ар-бир чарчы метри 350 АКШ долларына бааланууда. Курулушка президенттин фондунан 11 миллион 800 миң сом бөлүнгөн. Премьер-министр бул райондогу жолдорду оңдоону жана жашоочулар үчүн тийиштүү шартты түзүү тапшырмасын берди. Өкмөт башчы белгилегендей, айылда жаңы көмөкчордон орнотулуп, калк үзгүлтүксүз түрдө электр энергиясы менен камсыз болот.

Премьер-министрдин Жалал-облусундагы иш сапарынын алкагында Иштембердидеги ОсОО «Full Gold Mining Co» тоо-кен өндүрүш ишканасынын абалы менен да таанышты. Аны менен катар Кыр-Жол айылындагы кырсыктан жабыркагандарга салынып жаткан турак үйлөрдү да көрдү. Эскерте кетсек Кыр-Жолдогу жер көчкүдөн бир нече кожолук турак жайынан ажырап, кырсыктан көз жумгандар да болгон. Ошондой эле Сузак районунун Курманбек айыл аймагында жайгашкан,  Кок-Арт участогундагы альтерналивдик жолдук курулушунан да кабар алды. Мындан сырткары өкмөт башчы облусутагы бир катар социалдык обьектердин абалы менен таанышып, аларды жакшыртууга жергиликтүү бюджетке мүмкүнчүлүктөр көп экенин кошумчалады. Ал жакта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге шаарды өнүктүрүү планын талкуулады.

Карачач ШАКИРОВА

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru