Айбат » Тарыхтагы эң бай адамдардын ондугу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Тарыхтагы эң бай адамдардын ондугу

Америкалык Time журналы адамдардын болгон тарыхындагы эң бай адамдардын ондугун чыгарды.

Эң эле бай адам деп Мали мамлекетинин башчысы Мансу Мусу болуп чыкты. Тарых боюнча профессор Феррум Ричард Смиттин ою боюнча Мусу башчылык кылган заманда мамлекет алтын чыгарган эң ири өлкө болчу. Ошондуктан анын байлыгын эсептеш да мүмкүн эмес.

Мансу Мусу

 

Экинчи орунда — Рим империясынын негиздөөчүсү Октавиан Август. Экономисттердин ою боюнча императордун байлыгы 2014-жылдын курсу боюнча болжол менен 4,6 триллион доллар болмок.

Октавиан Август

 

Эң бай адамдардын үчилтигин кытай императру Шень-Цзун жабат. Ал 11-кылымда, дүйнөлүк алтындын 30 пайызын чыгарган эң ири мамлекеттердин бирин башкарып турган.

Шень-Цзун

 

 

Төртүнчү орунда Улуу Акбару I турат. Улуу Моголдор Империясынын падишахы өз заманында дүйнөлүк өндүрүштүн 1/4 тийиштүү болчу. Анын башчылык кылган заманында жергиликтүү элита европалык аристократтардан да бир топ бай эле.

Акбару I

 

Бешинчи орунда Иосиф Сталин. Time белгилегендей Советтер Союзунун байлыгы жалгыз ага тийиштүү болбосо дагы, ал союздагы бардык байлыкты, экономикалык кубаттуулукту башкарып турган.

Iosif-Stalin

 

Алтынчы позицияда — «баардык замандардын эң бай америкалык», US Steel компаниясынын ээси Эндрю Карнеги. 2014-жылдын курсу менен анын байлыгы 372 млрд доллар түзмөк.

Эндрю Карнеги

 

Жетинчи катарда Standard Oil компаниясынынын негиздөчүсү Джон Рокфеллер. Анын байлыгы 1918-жылы 1,5 млрд доллар, былтыркы курс менен 341 млрд долларды түзөт.

Джон Рокфеллер

 

Андан кийин Бретон рыцары Ален Рыжий турат. 1093-жылы өлгөндө, анын байлыгы 11 миң фунт стерлинг эле, былтыркы курс менен 194 млрд доллар.

Ален Рыжий

 

Тогузунчу орунда «азыр жашап жүргөн эң бай адам» — Билл Гейтс. Forbes журналы баалагандай анын активдеринин жалпы баасы 78,9 млрд доллар.

Билл Гейтс

 

Ал эми ондукту, тарыхта эң ийгиликтүү аскер башчы, Моңгол империясынын негиздөөчүсү Чингизхан жабат.

Чингизхан

 

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru