Айбат » Организмдеги ууну  кантип жана кайсы азыктар менен айдап чыкса болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Организмдеги ууну  кантип жана кайсы азыктар менен айдап чыкса болот

жашылчаАдам баласы ооруп калаганда ичкен дарыдан жана тамактануу азыктар менен тамактанганда, ар кандай көчөдөн, сактоо убактысы өтүп кеткен ар түрдүү тамактардан, ичимдиктерден  денеге зыян алып келчү заттарды кабыл алабыз. Алар чогулуп отуруп организмде ууга айланып, денебизге зыян алып келет. Мындай учурда кандай жана кантип организмдеги ууну чыгарабыз. Биз силерге бүгүн организмдеги уулар сиздин ден соолугуңузга олуттуу кедергисин тийгизип, сиздин жашооңузга оор абал жаратпаш үчүн, ал ууну кантип организмден айдап чыгышы тууралуу айтып бермекчибиз. 

 

Жүзүм бардык сорттору

Биз күнүгө жеп жүргөн жана адамдын көпчүлүгү тамшанып жеген жүзүмдүн бардык түрдөгү  сорттору жарай берет. Жүзүм  табигый жол менен организмди тазалоочу касиетке ээ. Анын курамындагы холестериндин деңгээли талапка ылайык, андыктан кан айлануудагы шлактарды бошотот.

 

Балалык кездеги сарымсак

Сарымсакты баарыбыз кичикий кезибизде көп жеп калганыбыз. Ошол сарымсак  дагы боордогу активдештириле баштаган токсиндерди тазалап, ууга каршы жакшы күрөшөт.

 

Жашылчалар жалбырагы

Капуста, салат жалбырагы, жана шпинат башка жашылчаларды чийки түрдө жеп  кабыл алуу абдан пайдалуу. Организмди зыяндуу заттардан тазалап,  ууну айдап чыгып ички органдарга пайдалуу келет.

 

Зыгыр

Холестериндин деңгээлин жогорулатпай калыпка салып турат.

 

Көк чай

Үйдөгүлөр жана өзгөчө аш жегенден кийин артынан көк чай ичишет эмеспи. Көк чай да организмдеги ууну айдап чыккан дагы бир жолу. Көк чайдын курамындагы антиоксиданттар организмге жеткенден кийин, организмдеги керектүү заттарды тең салмактуу кармап турат. Демек, келген зыяндуу заттарга сокку урат

 

Кабыгы менен сууга бышырылган картошка

Картошканын курамындагы крахмал ичегиде жакшы сиңбейт. Анткени андагы ар кандай зыяндуу молекулалар биригип торчо сыяктуу ууну пайда кылат. Андыктан куурулган эмес сууга кабыгы менен бышырылган картошка жеген пайдалуу болот.

 

Кунжут

Боордогу зыяндуу заттарды жоготуп, клеткаларына кам көрөт.

 

Лимон

Лимон организмге түшкөндөн кийин өзү зыянсыз ууга айланат дагы, организмдеги зыяндуу уулу заттарды эритип жок кылат.

 

Петрушка

Бул чөп организмдеги ашыкча зыяндуу суюктукту айдап чыгат.

Айбат гезити №140



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru