Айбат » “Балдар кайда?” кызматы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Балдар кайда?” кызматы

бала, телефон“Эненин ою балада, баланын ою талаада” дегендей сиз өз балдарыңыздарга сарсана болуп жаткан учурда, сиздин балдарыңыз ойноп же достору менен же башка иштер менен алек болуп  жүргөн болот. Эгерде сиз чалсаңыз балаңыз албай жатса, балаңыз мектептен чыккандан кийин же үйдөн чыккандан кийин  кайда жүргөнүн билбей жатсаңыз анда сиз MegaCom компаниясынын “балдар кайда?” кызматы менен  балдарыңыз кайда жүргөнүн билсеңиз болот.

Кызматтарды көрсөтүү боюнча, башка байланыш операторлордун  көч  башында  келе жаткан  MegaCom  оператору  өз кучагындагы  абоненттерине ыңгайлуу  кызматтарды байма-бай  сунуштап келе жатат. Ал кызматтын  катарына «Балдар кайда ?» кызматын  айтууга  болот.  Аталган  кызмат   үй-бүлө  мүчөлөрүнүн, жакын адамдардын  жүргөн жерин билүүгө  мүмкүнчүлүк  түзөт.  Мындай мүмкүнчүлүктө сиз өзүңүздүн балаңыздын жүргөн жерин билип аласаңыз болот.

 

Айзада Чокушева, MegaCom компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн адиси

Абоненттин А пунктунан Б пунктуна жөнөгөнүн көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай  жол  менен  бир эле учурда  үй-бүлөнүн беш мүчөсүнүн координаттары тууралуу  билүүгө мүмкүн. Эң эле маанилүүсү -булSOS басмагы, анын жардамы менен бала *91# кыска буйруусун жөнөтө алат жана кызматка кошулган Ата-Энесине баланын жүргөн координаттарын камтыганSOS-билдирүүсү келет.

Ата-эне өз баласы үй-бүлө күтүп, өзүнчө түтүн булатып калса да кичкий баладай көрүнө берет жана аларга сарсанаа боло беришет. Андай учурдун бири  Мурат байке “Балдар кайда?” кызматынын иштөө шарттары менен таанышып чыгууда. Телефонунан *089*баланын номуру#чакыруу сурамы жөнөтүлөт. Натыйжада баланын кайда жүргөнүн: мектепте, машыгууда, достору менен, чоң апасыныкында  мейманда жүргөнүн билүүгө болот. Кызматтын артыкчылыгы- баланы алагды  кылып улам чалып сурай бербестен, баланын жүргөн жерин аныктоо  мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

 

Мурат байке: Азыркы убакта балдарың үчүн эмес өзүң үчүн да сарсанаа болосуң. Албетте, өз балаң кайда жүргөнүн билип тургуң келет. Мен өзгөчө өзүмдүн баламдан да неберем сабактан кийин жол алыс болуп үйгө кантип келет деп тынчсыздана берем. Негизинен  баламдын, неберемдин кайда жүргөнүн, бардыгы ойдогуларындай экенин билип турууга шарт  түзгөн кызмат болгону абдан жакшы. Балам менен неберемдин жайын сураш үчүн жумуш же окуп жаткан учурда  аларга чалып, аларды ыңгайсыз абалга калтыргым келбейт. Мен биринчи алар  кайда экенин билишим керек, эми мен кызмат аркылуу алардын кайда жүргөнүн биле алам.

Баланын жүргөн жерин  смартфон же жөнөкөй телефон аркылуу көзөмөлдөөгө болот. Милдеттүү шарт  баланын телефонунан өзүн  көзөмөлдөөгө макул экендигин тастыктаган билдирүү жөнөтүлүшү керек. «Балдар кайда?» кызматы Кыргызстандын  MegaCom жеткиликтүү болгон бардык аймагында аракетте.

 

MegaCom кызматы менен Сиздин балдарыңыз дайым көзөмөлдө болот!

«Балдар кайда?» – MegaCom кызматтар түркүмүндөгү жаңы сунуш. Кызмат жакын адамдарыбыздын жүргөн жерин билүүнү шарттайт. Аталган өзгөчө сунуш өлкөдөгү атаандаштарда жок жана бир катар артыкчылыктарга ээ:

  • Шашылыш маалымдоо буйруусу SOS! *91# ;
  • «Автомаалымдоону» белгиленген убакытка орнотуу мүмкүнчүлүгү;
  • *89# буйруусу аркылуу оңой башкаруу;
  • Абоненттик төлөмдүн жана кошуу үчүн төлөмдүн жоктугу.

 

Баланы текшерилүүчү абоненттердин тизмесине кантип кошууга болот:

№1 ыкмасы

*89# буйруусун териңиз.

  1. «2» санын терип, «» басмагын басыңыз.
  2. «2» санып терип, «Ок» басмагын басыңыз.

 

№2 ыкмасы

1) *089*055Ахххххх# (10 сом.) буйруусун терүү менен Сиз баланын номурун текшерилүүчү номурлардын тизмесине кошуу сурамын жөнөтөсүз.

2) Балаңызга анын жүргөн билүүгө уруксат берүү суранычын камтыган SMS-сурам келет. Бала макулдук берүү үчүн жооп катары «1» санын камтыган SMSти же *088*055…….# терүүсү жетиштүү (акысыз, бул жерде 055Ауууууу – атасынын же энесинин номуру).

3) Уруксат берилгенден кийин балаңыздын номуру текшерилүүчү номурлардын тизмесине кошулат жана Сиз анын жүргөн жерин билип турууга мүмкүнчүлүк аласыз. Текшерилүүчү номурлардын тизмесин көрүү *088*1# (акысыз).

 

Баланын жүргөн жерин кантип билүүгө болот:

№1 ыкмасы

*89# буйруусун териңиз.

«1» санын терип, «Ок» басмагын басыңыз.

Баланын номурун 055АХХХХХХ форматында терип, баланын жүргөн жери тууралуу маалыматты камтыган SMS-билдирүүнү күтүңүз (5 сом).

Же номурду тизмеден тандап алуу үчүн 0дү басыңыз.

 

№2 ыкмасы

*089*055Ахххххх# (5 сом) же *089*Y# буйруусун териңиз

(бул жерде Y – баланын тизме боюнча катар номуру, тизмени *088*1# буйруусу аркылуу көрүүгө болот), Сиз баланын болжолдуу жүргөн жери тууралуу маалыматты жана картанын шилтемесин камтыган SMS аласыз.

SOS! буйруусу: *91#

Бала шашылыш жагдайда *91# буйруусун терүү менен SOS! сигналын жөнөтө алат. Бул учурда ата-энесине/туугандарына баланын жүргөн жери тууралуу маалымат келет. Бир айдагы алгачкы эки SOS-билдирүү АКЫСЫЗ, текшерип жаткан абоненттерге келген калган SOS-билдирүүлөр 5 сомдон тарифтелет.

 

Автомаалымдоо (мисал)

Бул функционал Сиз белгилеген убакта балаңыздын жүргөн жеринен кабардар болуп турууга мүмкүнчүлүк түзөт. Автомаалымдоо *089*Y*ZZ# же *089*055Axxxxxx*ZZ#буйрууларынын жардамы менен орнотулат, бул жерде Y – баланын катар номуру (аныкталуучу абоненттердин тизмесиндеги), 055Axxxxxx – баланын телефон номуру, ZZ – сутканын 00 дөн 23кө чейинки белгиленген сааты. 1 маалымдоонун наркы – 5 сом. Автомаалымдоо жекшембиден тышкары күн сайын аракетте болот.

 

Кызмат көрсөтүү шарттары:

1) Абоненттин жүргөн жери тууралуу маалыматтар төмөндөгүдөй тактыкта көрсөтүлөт:

– шаарда: 200 метрден 700 метрге чейин;

– айылдарда: 250 метрден 3 чакырымга чейин;

– трассаларда: 1 чакырымдан 25 чакырымга чейин (калктуу конуштар жок жерде).

2) Кызматтан MegaCom тармагынын бардык абоненттери пайдалана алышат жана бардык тарифтик пландарда жеткиликтүү.

3) Кызматтын алкагында каалаган сандагы абоненттин жүргөн жерин аныктоого болот.

4) Бир абоненттин жүргөн жерин аныктоону каалаган абоненттердин санына чек коюлбайт.

5) Жүргөн жерин текшерүүдө жана картаны ачууда интернет-трафик кошулган тарифтердин жана опциялардын шарттарына ылайык тарифтелет.

6) Изделүүчү абонент MegaCom тармагында жеткиликтүү болбосо, система анын телефон аппараты жандырылган абалда болгондогу акыркы жүргөн аймагы тууралуу маалымдайт.

7) Роумингде болгон учурда башка абоненттердин жүргөн жерин аныктоого мүмкүн эмес.

8) Изделүүчү абонент роумингде болгон учурда, система абоненттин жүргөн өлкөсү тууралуу маалымат берет.

9) Автомаалымдоо функционалынын алкагында бир абонент үчүн суткада 2 гана убакыт мезгилин орнотууга болот.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №140




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru