Айбат » Абдыманап Кутушев: Парламентте 3-4 партия болушуна умтулуубуз керек

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Абдыманап Кутушев: Парламентте 3-4 партия болушуна умтулуубуз керек

АбдыманапБул боюнча КСДП фракция депутаты Абдыманап Кутушев шайлоо процессин жакшыртуу боюнча иш тобунун жыйынында билдирди.

Айтымында, парламенттик шайлоодо партиялардын шайлоодон өтүү тосмосун 8 пайызга жеткирүү керек. Азыр ал 7 пайызды түзөт. Аймакта болсо 0,8 пайызга жеткирүү керек. «Жогорку Кеңешке 3-4 партия келишине умтулуубуз керек. Кыргызстанда 3 миллион шайлоочу бар, булардын 50 пайызы шайлоого келип берсе, 100 миң добуш алып, 7 пайыздык тосмодон ашып түшсө болот. Ири партия үчүн бул оңой эле», – деди Абдыманап Кутушев.

Боршайком төрагасынын орунбасары Гүлнара Журабаева мындай сунушка макул болгон жок. «Парламентке жеткен азчылык добушу көчөдө жүргөн азчылыктын добушуна салыштырмалуу баалуулар. Жарандар мындай оптималдаштырууну түшүнбөйт».

«Таза Шайлоо» ассоциациясынын аткаруу директору Айнура Усупбекованын айтымында, добуш топтоонун тосмосун 1 пайызга көбөйтүүнүн мааниси жок. Анда Абдыманап Кутушев аны 10 пайызга чейин көтөрүүнү сунуш кылды.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru