Айбат » Артыкбаев кимди азгырыптыр?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Артыкбаев кимди азгырыптыр?

АртыкбаевБирөө билип сүйлөсө, экинчиси кооздоп жибермейлер арбымак түгүл дарбып баратат. Анткени Самаркандан саман учургусу келгендер эч кимден сурабай туруп эле бүкүлү бойдон  жаңылыгын “сугундурууга” кызыктар. Андайлардын “кызыл эт” балапандарына куштар болгондор жок десек кара жаныбызды жеп калган болобуз. Айтор, жалгыз эчки көрсө бир короого теңегиси ашынган “фантазиячылар” ар кандай укмуштарды токугусу келет.

Өткөн жумада  Осмонбек Артыкбаев  Кара-Көл шаарындагы Атамекенчилерди мурдунан чүлүктөп байлап алып көлгө аябай “сугарып” келиптир деген кабар ба-аа  деп бакырып түшүп жер-суунун баарын каптап кетти. Бирок, Артыкбаев бирөөлөрдү азгырбай эле мурдагы “конушунан” айныгандар  өздөрү айланчыктап келип КСДП га кошулгусу  келгенин неге бурмалашты экен? Чамасы Осмонбек мырзанын дарегине таш ыргытууга көзү кызарган бирин-экин адамдар бар окшойт. Чынында эле тизмесинде шектүү адамдар болгонуна ичи чыкпагандар мына эмесе деп  бул партиядан чыга качкан шекилди. Ал эми  жөн жерден “каарман” болгон О.Артыкбаев  илгери эле каракөлдүктөрдүн  ишенимине кирип, өз бала болуп калганы качан? Ошондуктан анын агызып койгон “суусуна” мындан ары эч ким кожоюн боло албайт. Анткени элдин көзүн таңып койгон күндө да жасалган иш кашкайып ачык көрүнө берет турбайбы?  Негизи азыр бул калаада оболу КСДП нын,андан кийин “Өнүгүүнүн”, “Бир  Болдун” катмары калыңдап баратканы чын.

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru