Айбат » Тукургандары Токтонасыровбу?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Тукургандары Токтонасыровбу?

Өндүрүш ТоктонасыровБиометрикалык маалымат кыйла түйшүктү салды. Түшүнгөнү деле, таптакыр “караңгылыкта” отурганы деле муну сөз кылат десең? Баягы шектүү тургундар болсо  маалыматын тапшыруудан караманча качып жүрөт. Анткени сени эми оңой эле “из кубарлар” таап алат деп айрым тескери жакка үгүттөгөндөр  дуулдатып жатышат. Кээ бир саясатта  жүргөндөр болсо көзкөрүнө  бул ишке бут тосууга далалат кылууда. Эгерде  эле  беш манжаңар аппаратка түшсө ишиңер бүтөт деп  коркуткандар дагын бар.

Жалгыздап митинг кылууга көнүп калган Өндүрүш Токтонасыров деген “азамат”  ак үйдүн, өзү тандаган жердин “көркүн” ачууга куштар. Эми жашы кыйлага барып калган ырыстуу карыяга  эч ким деле  жамандык каалабайт дечи? Ошентсе да өсүп келаткан жаштарга бул кылганы оң таасир бербесе керек? Минтип “ баатыр” болгондон көрү маңдай тер төгүп эмгектенсе майнап чыгаары белгилүү эмеспи? Мамлекеттин жүргүзгөн ишине каршы боло берсек биз кантип өнүгөбүз? Албетте, бир адамдын эле аракети шайлоону болтурбай коюуга чектелсе анда мамлекеттин кереги канчалык? Ошондуктан туура эмес “жөрөлгөнү” колдобой  коюшубуз жөндүү

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru