Айбат » Генералдын да генералы болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Генералдын да генералы болот

Өмүрбек СуваналиевЧакан өлкөнүн ичине таш ыргытсаң каңк этип бир генералдын башына тийет. Эми ошол таш тийген генералды коомчулук тааныйбы деген суроо өзүнөн-өзү жаралат. Анткени  кыргызстанда  кечээ күнү капитан болуп жүргөндөр деле төңкөрүш болуп кетсе  кызыл лампастуу шым кийип каадалуу адамдай манчыркап басып каларын деле көрдүк го? Демек, мунун эч кандай кошулмасы жок деп так кесе айтууга акыбыз бар.

Антсе да айтайын деген сөздүн төркүнү башкада. Шайлоонун шарапаты менен бир топ генералдар кайсыл бир партияга кирип, мен деле бармын дегендей түр көрсөтүүдө. Маселен Бакирдин Субанбеков “Бир Болдун” катарын кеңейтсе, Өмүрбек Суваналиев иниси Бабановдун “Республика  Ата Журтунун” ажарын ачууга батынды.Тескерисинче  Артур Медетбеков болсо “Ата Мекенден” зыр койду. Өз жолу бар Токон  Мамытовдун тандоосу “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы болду. Дегинкисинде бул генерал тууралуу жылуу пикирлер көп айтылганын белгилеп кетүүгө болот. Мыкты кадрды, чечкиндүү  офицерди кимдер гана катарына кошкусу келбейт дейсиң? Көрсө адамды ак эмгеги гана  бийик көтөрөт турбайбы!

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru