Айбат » Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, тарыхчы: “Президенттин мемориалды куруу боюнча жарлыкка кол коюусу жакшы жышаан”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Дастан Сарыгулов, коомдук ишмер, тарыхчы: “Президенттин мемориалды куруу боюнча жарлыкка кол коюусу жакшы жышаан”

Дастан Сарыгулов- Алмазбек Атамбаев Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” көрүстөнүндө 1916-жылкы үркүндө курман болгондорго арналган мемориалдык комплексин куруу боюнча жарлыкка кол койду. Президенттин мындай чечими туура эле болдубу?

– Албетте бул иш чаранын мааниси биз үчүн өтө чоң. Ар бир улут өзүнүн тарыхын терең билүү, изилдөө аркылуу көз карандысыздыгын камсыздайт. Президенттин бул мемориалды куруу боюнча жарлыкка кол коюусу өтө жакшы жышаан. Ошондуктан бул иш чара башталып жаткандыктан жакшы маани берип, жакшы уюштуруп алышыбыз керек. Ал жерде кандай гана ой сакталган, саясат жаткан, ошонун баарын биз кийинки урпактарга жеткиришибиз керек. “Ата-Бейитте” мемориалында кыргыздын куту сакталып жатат.

- Жарлыкта белгиленгендей, 2016-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу кыргыз  мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы эң маанилүү тарыхый окуяларды эсибизден чыгарбай  түбөлүккө сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ экени белгиленген. Үркүндүн 100 жылдыгына карата бийликтин жасап жаткан иштерин кандай баалайсыз?

– Бул окуянын негизи кыргыз элине тийгизген терс таасири өтө чоң. Ошол кездеги эки тараптуу келишпөөчүлүктүн айынан миңдеген кыргыздар курман болушту. Убакыт өттү, мунун баары артта калды. Ошону биз урпактарыбызга кантип айтып, кантип эскерип кетишибиз керек. Президентибиз мындай аракеттерди жасап, көтөрүп жаткандыгы эң туура. Ошондуктан биз бул эскерүүнүн негизги маанисин туура сактап, жакшы уюштуруп алсак болгону.

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru