Айбат » Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу: “Тарыхтын урунттуу окуялары элдин аң-сезиминин туу чокусунда болушу керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Казат Акматов, Кыргыз эл жазуучусу: “Тарыхтын урунттуу окуялары элдин аң-сезиминин туу чокусунда болушу керек”

Акматов Казат- Казат мырза, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1916-жылкы үркүндө курман болгондорго арналган мемориал куруу боюнча жарлыкка кол койду. Президенттин мындай чечимин колдойсузбу?

– Бул чечкиндүү кадам деп эсептесек туура болот. Анткени “Ата-Бейитте” биздин аталар жатат. Ал эми 1916-жылкы окуяда биздин ата-бабалар курман болгон. Баардыгын бир кылганы жакшы жышаан. Ошондуктан чечимди туура деп баалайм.

-  Жарлыкта белгиленгендей, 2016-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы эң маанилүү тарыхый окуяларды эсибизден чыгарбай түбөлүккө сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ экени белгиленген.Үркүндүн 100 жылдыгына карата бийликтин жасап жаткан иштерин кандай баалайсыз?

– Биз 25 жылдык мааракебизди белгилешибиз менен тарыхый окуяларыбызды унутпашыбыз керек. Анткени 1916-жылы биздин аталарыбыз, апаларыбыздын кандары төгүлгөн. Ушул окуяны айрыкча жаштар унуткансыйт. Мына ушундай шартта эсибизге салганы жакшы жөрөлгө. Ушул майрам менен тарыхыбыздын урунттуу окуяларын унутпай, майрамдын негизги мазмуну кылганы жакшы. Азыркы жаштар “Улуттук боштондук үчүн күрөш” же 1916-жылкы окуя эмне экенин билбей калышты. Ошол үчүн мындай окуялар элдин аң-сезиминин туу чокусунда турушу керек.

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru