Айбат » Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бул этапты саясий партиялардын курулушу деп атайт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айнуру Алтыбаева, Жогорку Кеңештин депутаты: “Бул этапты саясий партиялардын курулушу деп атайт”

Айнуру Алтыбаева-  Саясий маданияты эрте калыптанган өлкөлөрдө саясый күрөш 2-3 партиянын гана ортосунда жүрөт. Биздин өлкөдө да бара-бара 2-3 партиянын ортосундагы шайлоо үчүн күрөш жүрөт деп ойлойсузбу? Азырб олсо 34 партия парламенттик шайлоого баруу ниетин билдирди. Буга сиз кандай карайсыз?

-Азыр биздин өлкө жаңы саясий этапты баштады десек болот. Тарыхта биринчи жолу парламенттик башкарууну биз мисал кылып келген Россиядан да эрте баштадык. Бул байкалбаганы менен өтө чоң бурулуш деп айтсак болот. Тай-тай басып кетүү үчүн да мындай мезгилде сабырдуу болушубуз керек. Американы мисал кылып айтсак алар биздин баскан жолду мындан 2 жүз жыл илгери башынан өткөрүштү. Ошондуктан бир элдин маданиятын басып өткөн жолун башкалардын мисалына салыштырып айтууга такыр болбойт. Саясий өнүгүүнүн жүрүшү менен биздин өлкөдө да баары 2-3 партияга биригет. Учурдагы биздин саясаттагы учурду саясий курулуу доору деп айтууга болот.

-  Бизде азыр парламенттик система жаңыдан гана кирип баштады. Акырындык менен партиялар ирилениши керекпи?

-Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет. Биздин Адилет министрлигибиздеги катталган партиялардын саны 200гө жакын. Бул биз үчүн жакшы көрүнүш бул элибиздин келечекке кайдыгер эмес экендигин билдирет. Анын баары азыр шайлоого чейинки аракеттер көрсөткөндөй биригишип баштайт.

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru