Айбат » Айылчы Сарыбаев, экономика илиминин доктору: “Эми ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү зарыл”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Айылчы Сарыбаев, экономика илиминин доктору: “Эми ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү зарыл”

Сарыбаев Айылчы- Айылчы мырза, кечээ кыргыз-казак чек ара бекеттери ачылып,  Кыргызстан ЕАЭБге толук канду мүчө болуп кирди. Чек аралардын ачылышын сиз кандай баалайсыз?

– Негизи бул дүйнөлүк процесс. Азыр дүйнөнүн чар тарабында мамлекеттер ушундай уюмдарды түзүп биригип жатат. Мисалы, Америкада, Араб мамлекеттеринде, Европада мындай интеграциялык уюмдар бар. Кыргызстан да ушундай уюмга кирип, глобалдык процесс менен баратат.

- Буга чейин чек аралар жабык туруп ишкерлер бир топ жапа чегип келген. Эми чек аралардын ачылышы алардын ишин илгерилете алабы?

– Негизи эле Кыргызстан-Казакстан, Кыргызстан-Өзбекстан чек араларынын жабык турушу жасалма жол эле болчу. Анткени, чек араны кайсы мамлекеттер жабууга кызыктар болгонун жакшы билебиз. Эми кыргыз-казак чек арасынын ачылышы товарларды өткөрүүнү албетте жеңилдетет. Бирок, мамлекеттин башында тургандар таза иштебесе, чек ара менен эле экономиканы көтөрүү кыйын. Ошондуктан ишкерлерге да жагымдуу шарт түзүп, коррупция менен аёсуз күрөшүү зарыл.

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru