Айбат » Кыргызстан ЕАЭБге кирип, экономикага чоң жол ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Экономика » Кыргызстан ЕАЭБге кирип, экономикага чоң жол ачылды

Үстүбүздөгү жылдын 12-августунда Кыргызстан көптөн күткөн Евразиялык экономикалык биримдигине толук кандуу мүчө болуп, кыргыз-казак чек арасында бажы посттору ачылды. Бул салтанаттуу иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Чолпон-Ата шаарынан телекөпүрө аркылуу көз салып, эки өлкөнүн өкмөт жетекчилерине кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүн алууну тапшырды.

Назарбаев, Атамбаев

Президент А.Атамбаев кыргыз-казак чек арасынын ачылышы тарыхый окуя болгонун белгилеп, мындан ары эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуу эле өспөстөн эки элдин карым-катнашы да бекемделерин кошумчалады. Ошондой эле мамлекет башчысы кыргыз-казак эли бир тууган эл экенин айтып, бул мамлекеттердин ортосунда тыгыз кызматташтык мындан ары да өнүгүшү керектигин кошумчалады. “Казак менен кыргыз эли – бир тууган, ошондуктан биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда бажы, тосмолор жана чек ара болбошу керек”, – деди Атамбаев. Ал эми казак лидери Назарбаев өз билдирүүсүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы бажы контролунун алынышы эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө болоорун белгиледи. “Бажы контролунун алынып ташталышы Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда бизнести, сооданы жандандырууга түрткү берет. Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында жетишкен  келишимдин шарттарын аткаруу менен  биз мындан ары дагы алдыга жылып, бул иштин жакшы жыйынтыктарын көрөбүз”, – деди Назарбаев. Көпчүлүк эксперттер кыргыз-казак чек арасынын ачылышы биринчи кезекте кыргыз экономикасына зор таасирин тийгизерин айтууда. Муну менен кыргызстандык фермерлер, дыйкандар, ишкерлер өндүргөн товарларын Казакстан эле эмес уюмга мүчө болгон башка мамлекеттерге да кеңири экспорттой алат. Ал эми Кыргызстандын жарандары Россия, Казакстан, Беларусь жана Армения өлкөлөрүнө каалагандай кирип-чыгып, ишкердик менен да алектене берсе болот. Дагы бир жагымдуу шарт кыргызстандын дипломдору ЕАЭБдин чегинде таанылат.

 

 

Орозбек Дүйшеев, саясий серепчи:

“Экономиканын жаңы баскычы ачылды”

- Орозбек мырза, 11-августта казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга иш сапары менен келип Чолпон-Ата шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту . Ал эми 12-августта кыргыз-казак чек арасы ачылды. Эки өлкөнүн чек араларынын ачылышы кыргыз ишкерлери үчүн кандай шарттарды түзөт?

-Аракетибизге жараша биздин алдыбызда жаңы экономикалык баскыч ачылды. Мындан биз сырткы саясатты жакшы жолго коюп, экономикалык бир топ жаңы келишимдер менен элибиздин экономикалык саясатын жакшы баскычка көтөрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Албетте бул аракеттерибиз бизге эле эмес, кошуна өлкөлөргө да бир топ жакшы пайдасын тийгизет деп ишенем. Андыктан Президентибиздин бул аракетин жакшы баалоого болот.

-   Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын ачылышы кыргыз-казак достугуна оң таасирин тийгизеби?

-Эки өлкө ортосундагы карым-катнаш менен бирге эле биздин ишкерлерибиздин Россияга чыгуусуна да жакшы шарт түзүлүп жатат деп ишенимдүү айтууга болот. Мындан улам биздин өлкөнүн жарандары эми эч тоскоолдуксуз Казакстанга барып иштей алат. Мындан сырткары ишкердүүлүктөгү тажрыйба алмашуу да бир топ жогорулайт десек болот . Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу тарыхта кала турган чоң маанилүү жолугушуу. Кудай буйруса Кыргызстан ЕАЭБке кирди. Эми мындан ары ал биримдиктеги өлкөлөр менен кызматташуу кеңейет, жакшырат.

 

 

Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу:

“Экономикабыздын өнүгүшүнө шарттар түзүлүп калды”

- Бекбосун мырза, 12-августта көптөн күткөн кыргыз-казак чек ара бекеттери эки президенттин жеке көзөмөлүндө ачылды. Бул иш-чаранын мааниси Кыргызстан үчүн канчалык?

– Товарлар өйдө-төмөн, ээн-эркин өткөнгө шарт түзүлдү. Эми Кыргызстандын экономикалык жактан өсүүсүнө шарттар болот. Мисалы, айыл-чарба азыктарын, Кытайдан келген товарларды кайра алып чыксак болот. Ошондуктан Кыргызстан үчүн экономикалык өсүш жана чоң тарыхый окуя болду. Айта турган болсок, буга чейин экономикалык өсүүбүз төмөндөп кеткен. Президентибиз  Алмазбек Атамбаев буга чейинки бийликтерибиз начар болуп келген деп моюнуна алды. Андыктан мына ушундай тарыхый окуянын болушуна чоң салымын кошкон президентибизге рахмат айтышыбыз керек. Эми, экономикабыздын өнүгүшүнө шарт түзүлүп калды.

- ЕАЭБге кошулабыз деп бир канча жылдан бери аракеттенип акыры кошулдук. Эми уюм бизге кандай жеңилдиктерди жана жагымдуу шарттарды алып келет?

– Документтерге кол коюлуп такталды. Бизде улуттук экономика калыптанып калган. Ушул улуттук экономикабызды өнүктүрүү үчүн карым-катыш керек эле. Негизинен ЕАЭБге кошулушубуз өндүрүмдүү көрүнүш. Көп жылдан бери өнөктөшүбүз Казакстан менен Орусия. Мына жакынкы арада Өзбек мамлекети газ маселеси боюнча, чек ара маселеси боюнча көйгөй жаратты. Ошол үчүн бизге өнөктөштүк керек. Жакшы эле жеңилдиктер болуп калды десем жаңылышпайм…

 

 

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:

“Эки элдин боордоштук мамилелерине бир топ жакшы таасир берет деп ойлойм”

- Токтогул мырза, ЕАЭБге кошулабыз деп бир канча жылдан бери аракет жасап мына кече кошулдук. Эми уюм бизге кандай жеңилдиктерди алып келет деп ойлойсуз?

– Бул окуяны тарыхый чоң окуя катары кароого болот. Анткени биздин экономикалык абалыбыз бир эле учурда Россиянын, Казакстандын тенденциясы менен эриш-аркак жашап баштайт. Албетте бул жакшы жышаан, жакшы көрүнүш. Муну мындай критерийлер менен далилдөөгө болот:

1)Ушул кезге чейин чек арадагы, соода сатык иштериндеги экспортто ветеринардык көзөмөлдөр болгон болсо, анын баары тоскоолдуксуз жүргүзүлө баштайт.

2) Ишкерлердин ар кандай бизнес иштеринде документациялык иштеринде жеңилдиктер каралып бир топ оңой болот. Бул да биздин экономикабызга жакшы пайда алып келет.

3) Жаштарыбыздын билимин жогорулатууда кошуна өлкөлөрдө окууга тоскоолдуктар жоюлуп, бул жактагы аттестат ал жакта кабыл алына баштайт. Андан тышкары ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө биздин эмгек китепчебиз кабыл алынып иштеп баштайт.

4) Эгер машинаңды саткың келсе, кошуна өлкөлөргө айдап барып сатсаң да болот. Ушул сыяктуу бир топ жеңилдиктер менен кыргыз жарандарына жакшы жеңилдиктер болот.

- Мына кече кыргыз-казак чек ара бекеттери эки президенттин жеке көзөмөлүндө ачылды. Бул күндү тарыхый күн катары атасак болобу? Деги эле бул иш чаранын маанилүүлүгү Кыргызстан үчүн канчалык?

– Албетте бул тарыхый күн. Муну жогоруда да айттым. Казак президенти Нурсултан Абишевич жана биздин президент Алмазбек Шаршенович атайын барып чоң иш-чара менен чек ара бекеттеринин ачылышын телекөпүрө аркылуу көзөмөлдөп турушу эки элдин кошуналык жана боордоштук мамилелерине бир топ жакшы таасир берет деп ойлойм. Ошондуктан бул күн тарыхта айтылып кала турган күндөрдүн бири болот десек жаңылышпайбыз.

 

 

Кусейин Исаев, экономика жана философия илимдеринин доктору:

“Тарыхый мааниси абдан чоң”

-Кыргызстандыктар көптөн күткөн кыргыз-казак чек ара бекеттери эки президенттин жеке көзөмөлүндө ачылды. Бул күндү тарыхый күн катары атасак болобу?

-Тарыхый мааниси абдан зор. Анткени эзелтен бери кыргыз-казак чек арасыз эле ээн-эркин жашап, кыз алышып, беришип келген калк. Бүгүнкү күндө эски менталитетибизге кайткандайбыз. Президент Нурсултан Назарбаев да өз сөзүндө жакшы кептерди айтып кетти. Эки өлкө эми чек арасыз деле жашай берсе болот. Иш чара биз үчүн абдан маанилүү жыйынтыгын берди.

-ЕАЭБге кошулабыз деп бир канча жылдан бери аракеттенип акыры кошулдук. Эми уюм бизге кандай жеңилдиктерди жана жагымдуу шарттарды алып келет?

-Теория жактан алып караганда жакшы жагын берет. Бирок эми баарын алдыда көрө жатабыз. Буга чейин экономикабыз жакшы болбой келген. Эми жакшы натыйжа берет деп ойлойм.

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru