Айбат » Күпүлдөгөн Ташиев жалгыздык ырын кандайча «ырдап» калды?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Күпүлдөгөн Ташиев жалгыздык ырын кандайча «ырдап» калды?

Ташиев КамчыбекЭлибизде эң сонун ташка тамга баскандай, безге сайгандай учкул сөздөр айтылып келет. Ал сөздөр кылымдарды карытып, эчен сыноолордон өткөн. Мисалга, «Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста», «Жаманды мактасаң, жардан алыс учат», «Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат». Айтор, мындай учкул кептерди санай берсең өтө эле көп. Бардыгы турмуш чындыгынан алынган. Мындай сөздөр мындан бир нече кылымдар мурун эле ээсин таап келген, азыр да таап келет. Маселен, мурдагы «Ата журт» аттуу партиянын төрагасы, азыркы тапта «Республика – Ата журт» партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевге куп гана келишип туру. Ал 2012-жылдын 3-октябрдагы жосунсуз жоругу аркылуу алаасын Ак үйдүн тосмосуна «тилдирсе», саясаттагы кадыр-баркын да «жыртылган алаадан» чыгарып алды. Анын артынан бирде ойду, бирде тоону сүйлөп атып 2 жыл ичинде топтогон аброюн биротоло чачып, партиясында коколой башы гана калды. Албетте, парламентте «Ата журт» фракциясы дагы деле бар. Бирок, андагы депутаттар алдыдагы парламенттик шайлоодо ар кайсыл партиялардын этегин кармап кетишти. Андыктан Ташиев жалгыз башына «Ата журт» партиясынын жөн гана жазуусун «кийип» алып, «Республика» партиясына барып кошулду. Камчыбек мырза мындай кырдаалга кантип тушукту? Ага ким күнөөлүү? Эмнелер себеп болду? Бир саресеп салып көрөлү.

Канкор Курманбек Бакиевдин маалында ӨКМ министри болуп, ал бийликтин камчысын катыра чаап келгени менен Ташиевдин жылдызы анда анчалык жанган эмес. Ал эми 2010-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан кийин анын саясаттагы салмагы бир топ аша түшкөнүн жашыруу кыйын. Эйфорияга алдырган Камчыкебиз бир ордуна отура албай калды. «Юбкаңа, тоюс, шымыңдын «размерине» карап кадамыңды ташта» дегендерди уккусу келбей, кандай маселе болсо деле муштуму менен чечип койчудай жулунуп басып жүргөнүн ким танат? Акыры анын аягы эмне болду? Президент болом деди. Президент болуш үчүн көкүрөктү өйдө көтөрүп, көз карашты сүрдүү кылып койсо эле жетиштүү эмес экенин аңдабады. Билим, анан сабырдуулук, акылмандык керек экен көрсө, андай жогорку кызматка. Бирок, Камчыкебиз «жыгылган күрөшкө тойбойт» болуп шайлоо жолу менен болбосо, башкача жол менен бийликти алам деп шымдын «размерине» карабай чоңураак кадам таштап алып эмне болду? Мына ошондон улам дагы Камчыбек мырзага «район деңгээлиндеги лидер» деп «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров таасын баасын берген экен деп ойлоп турубуз. Бирок, тосмодон секирүү райондун деңгээлинен деле ылдый болушу керек. Баса ушул жерден дагы кошумчалай кетели. Бир өлкөнү башкарууну көздөгөн адам адегенде өзүнүн партиясын жөндөп башкара алышы керек беле? Керек болчу. Ал эми азыркы тапта Камчыбек Ташиев башкарып турган партия эмне болду? Чилдей тарады. Эгерде анын колуна Кыргызстан деген мамлекеттин тагдырын тапшырып койгонубузда азыр эмне болот эле? Партияны башкарууга караганда бүтүндөй өлкөнү башкаруу алдаканча олуттуу дагы, салмактуу дагы, жоопкерчиликтүү дагы жумуш экендигин эске алганда, өзүнүн партиясын башкара албаган Ташиевдин колуна мамлекет тагдырын карматып албагыныбызга шүгүр дешибиз керек го…

Канчалык Камчыбек Кыдыршаевичке оор тийсе дагы айтышыбыз керек. Анткени биздин айтканыбыз анын келечеги үчүн сабак болот. Ал өзүнүн 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасаган кадамдары, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу саясатка жаңыдан эле баш баккан балапан саясатчылардан да артта калганын көрсөттү. Эң башкысы ал Ак үйдүн тосмосуна кантип алаасынан «илинип» калганынын сырын дагы деле түшүнбөй жүрү. Биз аны билебиз. Андыктан айтып койсок ашыкча болбос. Биринчиден, Камчыбек мырза акыл-эске караганда көбүрөөк эмоцияга алдырат. Кол алдында иштегендерге кыйкырып, сөгүп турганды адатка айлантып алганын көргөнбүз. Анын жасап аткан ар бир ишине сын айтып, «мунуңуз туура эмес болуп калды, кичине башкачараак кылбайлыбы» деп кеңеш айткан эч ким жок болду. «Кыргызстанда менин алдымдан бетме-бет чыгып мушташа ала турган эч ким жок» дегенде да ага эч ким акыл айтпады. «Сиз журт башчысы болом деп жүргөн адамсыз. Антип сүйлөбөңүз» деген эч ким болбоду. Аны мактап гана турушту. Сөгүп койсо деле «жакшы сөгүп атасыз» деп жылайып турушту. Ток этерин айтканда мактап-мактап жүрүшүп, жардан алыс ыргытышты. Азыр ошол мактап жүргөн кадрлары анын жанында жок. Көшөгө артында сындап жүрүшөт. «Башчыбыз ойду-тоону сүйлөй бкерип уят кылмай болду» дешип «Ата журт» аркылуу парламентке келишкен мурдагы кесиптештери азыр ар кайсыл партиянын этегине эрмешип кетишти. Эгерде Ташиев татыктуу жетекчи болгондо эч кимиси кетпейт эле. Азыркы тапта бир убактагы партияны чогуу түзүшкөн «кан достору» Камчыкенин жанында эмес. Садыр Жапаров Варшавада жатып алып «Мекенчил» партиясын сүрөп турат. Коррупцияга шектелген досу Акматбек Келдибеков көшөгө артында «Бир бол», “Азаттык” партияларын колдоп туру. Мыктыбек Абдылдаев, Марат Султанов өңдүү лөктөрү да «Бир болдун» катарын толукташкан. Ташиевди катуу колдогону үчүн Ташиевдин өзүнөн куугунтук жеген мурдагы фракция лидери Жылдыз Жолдошева «Аалам» партиясына барып конду. Дастан Жумабаеков, Улан Чолпонбаев аттуу экс-партиялаштары «Кыргызстанга», Улукбек Кочкоров, Азиз Суракматов, Нургазы Айдаров аттуу үзөңгүлөштөрү «Өнүгүү-Прогресстин» короосунда жүрөт. Ташиев менен чогуу «Республика» партиясына кошулган салмактуу бир да саясатчы жок. Коколой гана башы менен кирип барды. Ал эми 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо эл жалгыз гана Ташиев үчүн добуш бербегенин эске алсак, анда Бабанов мырза аны кошуп алуу менен түштүк аймагынын добушун алам деген ою жөн гана кыялдануу болуп калат. Албетте, кыялданууга эч ким тыюу салбайт дечи. Ага жолтоолук кылбайбыз. Болгону азыркы тапта Ташиевдин жанында жүрүп саясый упай топтоо мүмкүн эместигин айтып койгубуз келет. Кедергисин гана тийгизет. Ал эми мурдагы “Ата журт” партиясы талкаланып-жоголгонун билген түштүк чөлкөмүндөгү шайлоочулар “Республика – Ата журт” партиясын жээрири турган иш. Өмүрбек Токтогуловичке ушул керек беле?

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru