Айбат » КЭДП “Ата-Мекенге” “талак” берди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » КЭДП “Ата-Мекенге” “талак” берди

ТекебаевБуга чейин эле айтканбыз, дегенбиз: «Депутаттык мандатка байланган «баш кошуулар», «үлпөт тойлор» узакка барбайт» деп. Айткандай эле боло баштады. Мисал керек болсо, аны да келтирели. Стратегиялык кызматташтык кылалы деп келишим түзгөндөрүнө али бир ай боло элек жатып КЭДП менен «Ата-Мекен» партиясы эки башка жолго түштү. Дагы тагыраак айта турган КЭДП «Ата-Мекен» менен түзгөн келишимди бир тараптуу бузду. Албетте, Артур мырза «Ата-Мекенге» эмнеге үч «талакты» бириктирип бир берип салганын ачык айткысы келген жок. Бирок желип-жорткон маалыматтарга таянсак, Өмүрбек Текебаев менен Артур Медетбеков шайлоого карата партиянын алдыңкы жыйырмалыгына тизме түзүүдө чарт –чурт эте түшүшкөн экен. «Берген убадаңа азыртадан турбасаң, эртең таптакыр эле карабай коюшуңуз мүмкүн тура» деп шаабайы сууган Медетбеков Текебаевден өз алдынча кетүүнү туура тааптыр. Өтө кызыл бат оңот демекчи, бириге элек жатып эле Мырзакматовду «март жигит» деп Текебаев мырза катуу мактап атыры эле. Эми ошол биригүүнүн аягы эмне болор экен?

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru