Айбат » Текебаевдин жарым жылаңач кыз менен түшкөн сүрөтүнүн аныктыгын кесиптеши тастыктады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Текебаевдин жарым жылаңач кыз менен түшкөн сүрөтүнүн аныктыгын кесиптеши тастыктады

Буга чейин “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин түнкү клубдардын биринде жарым жылаңач кыз менен түшкөн сүрөтү жарыяланып кетип, коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Текебаев

Муну “ата мекенчилер” адатынча четке каккан жайы бар. Бирок, Текебаевдин мындай жоругун кесиптеши, учурдагы  “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Нурбек Алимбеков маалымат каражаттарынын бирине тастыктап берген. Анын айтымында, аталган сүрөт Кытайда тартылган. Алимбеков депутаттар Кытайга болгон иш сапар учурунда жергиликтүү жаштардын кандай жашап жатканы менен таанышканын айткан. Бул сүрөттү дал ошондо депутат Өмүрбек Бакиров тартып алыптыр.

Көпчүлүк Текебаевдин жарым жалаңач кыз менен түшкөн сүрөтүн кескин айыптап жатканда, анын айрым тарапташтары муну “эркекчилик” катары да көз жаздымда калтыргысы келүүдө. Бирок, адамдарга морал окуп жүргөн саясатчынын мындай жоругу моралдык жактан таптакыр туура эмес. Ак никелүү аялы, бала-чакасы бар киши ушундай үлгү көрсөтүп жатса, жаштар кайда барат? Өмүкебиз айт намазга катышып, дин жолуна түшкөндөй түр жаратып атты эле, “молдонун айтканын кыл, кылганын кылба” болдубу?

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru