Айбат » Жаңы конуштардан добуш алсам деп: «Ата-Мекен» соттолгондор менен толукталып, мыйзамсыз иш-аракеттерди «мыйзамдаштырабы»?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жаңы конуштардан добуш алсам деп: «Ата-Мекен» соттолгондор менен толукталып, мыйзамсыз иш-аракеттерди «мыйзамдаштырабы»?

ТекебаевСпорттун кандай түрү болбосун, анын өзүнүн ыкмасы, талылуу жерлери болот эмеспи. Маселен, мушкер өзүнүн атаандашын кайсыл жерге таамай урса жеңишке жетишээрин жакшы билет. Саясатта деле ошол сыяктуу. Элдин добушун алуу үчүн кандай маселе көтөрүш керек жана аны кайсыл убакта көтөрүш керек экендигин жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери саясый «рингден» түшпөй келаткан «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өтө мыкты өздөштүргөн. Буга анын акыркы жасап аткан кадамдары тирүү мисал. Мисалга, мындан бир нече ай мурун Текебаев шайлоонун камын эртелеп көрүп, Бишкек шаарынын тегерек-четиндеги жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушууларды өткөргөн. Ошондой жолугушууларда ал эмнелерди убада кылган дебейсизби? Демократияны ээнбаштык деп түшүнүп алган жарандарыбыз айрым жаңы конуштардагы бош жаткан жерлерди өзүм билемдик менен басып алышкан. Андан бери бир топ жылдар агылып өттү. Ал жерлерге турак-жайларды салып жашап алгандардын саны өтө көп. Айрымдары кимдир-бирөөлөргө алданып документи жок жер тилкесин сатып алган болсо, айрымдары жөн эле басып алган. Мына ушул мыйзамсыз басылып алынган жерлерди мыйзамдаштырып берүүнү Текебаев жаңы конуштардын тургундарына ооз толтура убада кылып берген.

Ошол убадасынын өтөөсүнө чыгыш үчүн Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун токуп, кабыл алдырууга да аракет жасады. Бирок эл өкүлдөрү Өмүкебиздин кытмыр планын абдан жакшы түшүнүшүп, аны 1-окууда эле четке кагышты. Эми ошол жаңы конуштардын ар биринде «Ата-Мекен» партиясынын көздөй кишилери иш жүргүзүп, эл менен партиянын ортосундагы карым-катышты жакшыртуу аракеттерин жүргүзүп келишет. Албетте партия эл менен иштеш керек. Бирок андайда мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келе турган убадалар аркылуу эмес, чыныгы мыйзамдын жолу аркылуу кызматташуу зарыл эмеспи? Бул биринчи жагы.

Экинчи жагынан алып караганда, азыркы тапта «Ата-Мекен» алдынан ким чыкса эле «баш кошуп албайлыбы?» деген сунушун киргизип жаткандай элес калтырууда. Соттолду беле, соттолгон эмес беле, мурда кимдин «куйругу» эле, эч айырмасы жок. Эң башкысы «Ата-Мекен» үчүн добуш топтоп берсең болду. Мисал келтирели: Муктар Айткулов аттуу буга чейин Ленин районунун акиминин орун басары, Бишкек мэриясынын бир бөлүмүнүн башчысы сыяктуу кызматтарды ээлеп келген жаран азыркы тапта мына ушундай өзүм билемдик менен жерди басып алгандардын бириккен штабынын төрагасы. Ал акимдин орун басары кызматын аркалап жүргөн кезеңинде бир нече токтомдордун көчүрмөсүн фальсификациялоого барганы маалым. Мисалга ТЭЦ-2, Ак-Ордо, Арча-Бешик, Кривоносова, Айни-Муромск көчөлөрү, Мурас-Ордо жаңы конуштарындагы айрым жер тилкелеринин документтерине байланыштуу токтомдорду. Мындан улам ал бир эмес, бир нече жолу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, алдамчылык фактылары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мына ушундай таржымалы бар адам азыркы тапта «Ата-Мекен» партиясынан Талас облусу боюнча депутаттыкка ат салышканы туру. Ал эми анын шоопуру Матаев Самат атуу жаран дагы «Ата-Мекен» партиясы үчүн кызмат көрсөтүүдө. Тагыраак айта турган болсок бу жигит Ак-Ордо жана Мурас-Ордо конуштарындагы жер басып алгандардын лидери. Анын «шефи» Муктар Айткулов Ленин районунун акиминин орун басары болуп турганда 2005-жылдын 11-майындагы аталган райондук администрациянын токтомун жасалма жол менен жасоо аркылуу Ак-Ордо конушунан 364 жер тилкесин бөлдүргөн. Эми ошолорду «аш кылып» кетүүнүн амалын көрүп келишет.

«Ата-Мекенге» кошулган дагы бир эрендин мыйзамсыз ишмердүүлүгү мындан бир нече жыл мурун эле ашкереленген. Жакында эле кайрадан коомчулуктун эсине салынды.

Ал мурда «Ак жол» партиясы аркылуу Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Бишкек мэриясынын бир бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Бейшенбек Абдрасаков. Бишкек шаардык кеңешине да депутат болгон. Ал Лев Толстой көчөсүндө бүгүнкү күндө «Боорсок» соода борбору жайгашып турган жер тилкесин ага чейин башка адамга 49 жылга ижарага бергени бар. Бирок, кийин ошол эле жер тилкеси башка адамдарга да берилип, ал жерге «Старый город» аттуу оюн-зоок борбору курулган. Ал жерди биринчи ижарага алган ээси азыркы күнгө чейин Абдрасаковдун мыйзамсыз ишинен улам жоготкон чыгымдарын кайтарып ала албай келет. Эске сала кетсек, Бейшенбек мырза дагы буга чейин сот тарабынан күнөөлүү деп табылып, шарттуу кесилген.

«Ата-Мекен» партиясы ар бир жаңы конушка жер басып алуучулардын лидери кылып дайындаган адамдардын тизмесин карасан, арасында мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын саны саналуу гана эмес экендигин байкайсың. Биз жогоруда болгону үчөөнү гана мисал кылдык. Эгер ар бирин мисалга тарта берсек, анда макалабыз өтө эле узарып кетиши мүмкүн.

Жаңы конуштардагы мыйзамсыз жер тилкелерин, турак-жайларды мыйзамдаштыруу аркылуу “бир ок менен эки коен атууну” көздөгөн Ө.Текебаевдин айлагердигине баш чайкайсын. Мындай жол менен күздөгү парламенттик шайлоодо арбын добуш жыйноону пландаса, экинчиден, ошол убагында мыйзамсыз жер тилкелерин саткан шылуундарды актап, аларды керек болсо депутаттык креслого отургузууну көздөгөнүн карабайсыңбы!

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru