Айбат » Жумакадыр Акенеев: “Кыргызстанда ЕАЭБтин талаптарына ылайык лабораториялар бар”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев: “Кыргызстанда ЕАЭБтин талаптарына ылайык лабораториялар бар”

АкенеевКыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү жана бүгүндөн баштап бажы тозотторунун алынышы боюнча Экономика илимдеринин доктору, эксперт Жумакадыр Акенеев кеңири маалымат берди.

- Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү менен кандай мүмкүнчүлүктөргө жол ачылат?

– Бүгүнкү күндөн баштап “Акжол” бажы тозоту ачылат. Чек ара тозоттору кала берет. Себеби мурда бажы аткарган милдеттердин айрымдары чек арачыларга жумшалат. Ары-бери өткөн жүктөр текшерилбейт. Алдын ала тиешелүү документтер айдоочуда же ишенимдүү кишиде болушу шарт. Болгону эмне ташып баратканы туурасында кагаз толтурат. Кыргызстандан эмне чыгып эмне кирип атканы туурасында маалыматты улуттук статистика комитети алып турат. Советтер союзу убагында Кыргызстанда киши башына төрт миң долларлык продукция өндүрүлчү. Союз тарагандан кийин мамлекет өзү өндүргөн продукцияларды унутуп, чет мамлекеттен продукциясын ташый баштады. 70 продукция импорттоо жолу менен келет. Өзүбүздун колубуздан келе турган экономикалык тармактар жоголду. Бүгүнкү күндө тейлөө тармагы 59, айыл чарба тармагы 18, өнөр жай 23 түзөт. Кыргызстан өндүрүү тармагын өнүктүрмөйүнчө экономикалык жактан өнүккөн мамлекет боло албайбыз. Бажы биримдигине кирүүбүз менен убактылуу кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Мисалы Россия Европадан келген продукцияларга чекит коюлуп, эми өздөрү өндүрө баштады. Үч жылдын ичинде Россия 40 продукцияны өзү өндүрө алды.

- Кыргызстан кайсы тармактарды өнүктүрүүгө жана кандай продукцияларды өндүрүүгө аракет кылуусу керек?

– Кыргызстан айыл чарба тармагын жөнгө салып, чийки азык-заттарды иштетүүнү үйрөнүшү керек. Чыгарылган продукцияны бажы биримдигинен башка мамлекеттерге дагы экспорттосо болот. Экинчиден энергетика тармагын жакшыртуубуз керек. Энергетиканы 3-4 көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Нарын, Сары-Жаз дарыяларында кичи-чакан ГЭСтерди жандандыруу чоң маселе болуп жатат. Жакында Парижде болгон чоң саммитте, Американын президенти Барак Обама “Көмүр, газ аркылуу электр энергия чыгарчу мекемелерди кыскартып, суу менен иштеген мекемелерди көбөйтөбүз” деп айтты. Бул экологияны таза сактоого болгон аракеттер. Үчүнчүдөн тоо кен тармагынын 3-5 мүмкүнчүлүгүн пайдаланып жатабыз. Кийинки Туризм тармагын дагы өнүктүрсөк, экономикабызга чоң салым болот. Аталган төрт тармак ишке кирсе биз кошулуп жаткан Россия, Казакстан, Белоруссияны ички дүң продукциясына (ИДП) жакындайбыз.

-  Бүгүнкү күндө Кыргызстанда анча-мынча өндүрүлгөн продукциялар ЕАЭБтин талаптарына жооп береби?

– Бизде продукциялардын сапатын текшерген лабораториялар бар. Өмүр бою эле ошолорду пайдаланып келе жатабыз. Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин кошумча техникалык, ветеринардык регламенттери бар. Биз ошол талапка туура келгидей кошумча жабдыктар менен камсыз кылуубуз керек. Талаптарга ылайыктуу баардык мамлекеттерге жарактуу сертификат берүү керек. Бирок бул иштер аткарылып жатат. Эгер мындай шарттар Кыргызстанда жок болсо келишимге кол коюлмак эмес. Мындан улам Кыргызстан бажы биримдигинин баардык шарттарына даяр десек болот. Бүгүндөн баштап продукцияларды чек арадан тиешелүү сертификат менен алып өтүшөт.

- Бажы постторунун ачыктыгы аткезчиликке кандай шарт түзөт жана мамлекет үчүн канчалык кооптуу?

– Коопсуздук сөзсүз сакталышы керек. Аткезчилик ББга мүчө болбогон күндө деле болуп келген. Күйүүчү майлоочу майларды, спирт, кийим-кечелерди контрабандалык жол менен алып өткөндөр ачыкталган. Эми кийим–кече тиккен ишканалар тиешелүү документтери менен ачык эле чек аралардан алып өтүшсө болот. Чек ара аркылуу өтпөй турган товарлар аткезчилик жолу менен ташылып кетиши мүмкүн. Бирок Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы аткезчилик 95 азаят деген ишеним бар.

- Бажы пункттары алынганы менен тышкы чек ара кандай чечилет?

– Тышкы чек аралар ачылбайт. Тескерисинче мурдагыга караганда бекемделет. Бажы пункттарынын баардыгы тышкы чек арага барып орнотулат. Бүгүнкү күндөн тартып Кытай тараптан келген жүк ташуучу автоунааларды таразага тартып салмагынын эсебинен төлөмдөр болбойт. Кытайдан кандай товар кирбесин тиешелүү төлөмдөрүн төлөшөт. Мындан мурдагыга салыштырмалуу эки эсе көп акча түшөт.

Булак: “Марал” радиосу




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru