Айбат » Токтогул Какчекеев, саясий серепчи: “Эки элдин боордоштук мамилелерине бир топ жакшы таасир берет деп ойлойм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Токтогул Какчекеев, саясий серепчи: “Эки элдин боордоштук мамилелерине бир топ жакшы таасир берет деп ойлойм”

Какчекеев- Токтогул мырза, ЕАЭБге кошулабыз деп бир канча жылдан бери аракет жасап мына кече кошулдук. Эми уюм бизге кандай жеңилдиктерди алып келет деп ойлойсуз?

– Бул окуяны тарыхый чоң окуя катары кароого болот. Анткени биздин экономикалык абалыбыз бир эле учурда Россиянын, Казакстандын тенденциясы менен эриш-аркак жашап баштайт. Албетте бул жакшы жышаан, жакшы көрүнүш. Муну мындай критерийлер менен далилдөөгө болот:

1) Ушул кезге чейин чек арадагы, соода сатык иштериндеги экспортто ветеринардык көзөмөлдөр болгон болсо, анын баары тоскоолдуксуз жүргүзүлө баштайт.

2) Ишкерлердин ар кандай бизнес иштеринде документациялык иштеринде жеңилдиктер каралып бир топ оңой болот. Бул да биздин экономикабызга жакшы пайда алып келет.

3) Жаштарыбыздын билимин жогорулатууда кошуна өлкөлөрдө окууга тоскоолдуктар жоюлуп, бул жактагы аттестат ал жакта кабыл алына баштайт. Андан тышкары ЕАЭБге кирген өлкөлөрдө биздин эмгек китепчебиз кабыл алынып иштеп баштайт.

4) Эгер машинаңды саткың келсе, кошуна өлкөлөргө айдап барып сатсаң да болот. Ушул сыяктуу бир топ жеңилдиктер менен кыргыз жарандарына жакшы жеңилдиктер болот.

- Мына кече кыргыз-казак чек ара бекеттери эки президенттин жеке көзөмөлүндө ачылды. Бул күндү тарыхый күн катары атасак болобу? Деги эле бул иш чаранын маанилүүлүгү Кыргызстан үчүн канчалык?

– Албетте бул тарыхый күн. Муну жогоруда да айттым. Казак президенти Нурсултан Абишевич жана биздин президент Алмазбек Шаршенович атайын барып чоң иш-чара менен чек ара бекеттеринин ачылышын телекөпүрө аркылуу көзөмөлдөп турушу эки элдин кошуналык жана боордоштук мамилелерине бир топ жакшы таасир берет деп ойлойм. Ошондуктан бул күн тарыхта айтылып кала турган күндөрдүн бири болот десек жаңылышпайбыз.

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru