Айбат » Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин төраганын орун басары: “Ар кандай саясий кызыкчылыктарды эми кошуна өлкөлөр менен чогуу чечүүгө киришебиз”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин төраганын орун басары: “Ар кандай саясий кызыкчылыктарды эми кошуна өлкөлөр менен чогуу чечүүгө киришебиз”

Зулпукаров- ЕАЭБге кошулабыз деп бир канча жылдан бери аракет жасап мына кече кошулдук. Эми уюм бизге кандай жеңилдиктерди алып келет деп ойлойсуз?

– ЕАЭБге кирген соң баары бир учурдан баштап бейиш башталат деген түшүнүк болбошу керек. Азыр ааламдашуу мезгилинде биз канча мамлекет менен жакшы болсок, ошончо жакшы. Биримдикке кирүү менен кээ бир товарлардын кымбатташы күтүлөт, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени бизде өндүрүлгөн товарларды ЕАЭБге кирген мамлекеттерге жеткирүүнүн оңой жолдору түзүлүп баштайт. Биздин негизги максат да ушул болчу. Эми Кыргызстанда өндүрүштү күчөтүү зарылдыгы турат. Бизде ошол эле ЕАЭБге кирген мамлекеттерге караганда ыңгайлуу шарттар бар. Аларды атап өтсөк салык ,электр энергиясы,жумушчу күч проблема эмес. Негизинен мамлекетибизде стабилдүүлүк керек,туруктуу жакшы иштеген өкмөттү түзүү зарылдыгы турат. Негизинен Кыргызстан башка биримдике кирүүгө, мисалы Евросоюзга мүмкүнчүлүгү жок ,чегаралаш дагы эмеспиз. Ошондуктан ЕАЭБге кирүү бизге эң туура болот. Бул жакта Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциялардын негизги бөлүгү Кумтөрдү кошпогондо кайсыл мамлекеттин базарына сатылып жатат? Ага да маани беришибиз керек. Албетте негизинен Россия, Казахстанга чыгарылат.

-Мына кече кыргыз-казак чек ара бекеттери эки президенттин жеке көзөмөлүндө ачылды. Бул күндү тарыхый күн катары атасак болобу? Деги эле бул иш чаранын маанилүүгүгү Кыргызстан үчүн канчалык?

-Бул канткен менен тарыхий күн катары айтылып калат. Анткени ааламдашуу саясаты күчөп турган бул учурда биздин мындай кадамдарыбыз туура болду деп ойлойм. Ар кандай саясий кызыкчылыктарды эми кошуна өлкөлөр менен чогу чечүүгө киришебиз. Саясий жагынан алганда да биз утушка ээ болдук десек болот.

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru