Айбат » Акаевдин акчасы менен “оңолуп” аткан кесиптешибиздин “обону”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акаевдин акчасы менен “оңолуп” аткан кесиптешибиздин “обону”

01Кыргызда “мурдун балта кеспейт” деген кеп бар. Бул учкул кеп көбүнесе өзүнүн гана камын ойлогон, башка бирөөнүн кайгы-капасы, жетишпестиги менен эч кандай чатагы жок адамдарга айтылат. Өзүнүн карды ток болсо болду, жашоо майрам. Андайлардын ички жан дүйнөсү түз эле бетине, анан көздөрүнө тээп чыгат. Манчыркап калат, өздөрүн гений эсептейт. Ашынган акылдуу санайт. Ал эми турмуш чындыгында алардын казанбактай башы жөн гана дене-түзүлүштүн формасын сактап турган болот. Ичи ашкабак.

Аргасыздан ушинтип айтууга туура келет. Болбосо биздин бул 100 килограмм салмагы болгону менен 100 граммчалык эч кандай тармакта кадыр-баркы жок бала тууралуу жазып деле убара болгубуз келбейт эле. Ачыгын айтканда калемдин сыясына деле татыбайт. Бирок бу жолу 5 сомдук калемдин сыясын аябай эле коюуну эп көрдүк. Сөз ким тууралуу болуп атканын макаланын темасынан деле байкасаңыз керек. Бу жигит каадалуу басканды, анан каадалуу көрүнгөндү гана укмуштуудай өздөштүрүп алганы болбосо, кийим саткан дүкөндөрдөгү маникендерден айырмасы деле жок. Баарына кайыл. Иши кылса анын чөнтөгү толуп турса болду. Мамлекетиң эмне болуп атат, эл эмне кылып тирилик кылып атат ойлонуп чачын агарткысы келбейт. Демек, анда жүрөк да, акыл да, дагы тагыраак айтсак мээ да жок. Булардын баары жок болгондон кийин кайдан патриот чыкмак эле? Маникен эле бекен? Кептин ток жерин айталы. 12-август күнү Кыргызстандын тарыхында маанилүү тарыхый окуя болду. Өлкөбүздүн Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу кыргыз-казак чек арасындагы бажы пунктары алынып салынды. Бул тарыхый окуяга Казакстандан атайын Нурсултан Назарбаев өзү келип, президент Алмазбек Атамбаев менен биргеликте Чолпон-Атада чек аралардын ачылышына көз салып турушту. Мына ушунда Алмазбек Атамбаевдин Нурсултан Назарбаевге берген жогору баасына айрым кесиптештерибиз асылып жатып калышты.

Качкын ажо Аскар Акаевдин “адвокаты” болуп акча таап жүргөн  кесиптешибиз социалдык түйүндөрдүн бириндеги өзүнүн баракчасы аркылуу “Бизде Назарбаевдей президенттин жоктугунан эмес, Атамбаевге окшогон президенттин келип алганынан өнүкпөй атабыз” деп жазыптыр. Эми жакшылап талдап көрөлү. Бу кесиптешибиз өзү ушул күнгө чейин Кыргызстан үчүн эмне жасады? Жалаң негатив материалдарды чалмалап койгондон башка тыйынчалык пайда алып келген жок. Эгерде анын ашкабактай башы жетпей жаткан болсо айтып койгонубуз туура болор: Кыргызстандын 20 жылдан ашуун убакыт өнүкпөй бир ордунда да турбай артка кетип келгенине азыркы тапта ал “адвокаттык” кылып аткан качкын президент Аскар Акаев күнөөлүү. Мына ушул академик Кыргызстанды күлүп-жайнап жүрүп жайлап кетти. үй-бүлөлүк башкарууну пайда кылып, коррупция дегенди ажыдаарга айлантты. Кыргыздын жерлерин бир четинен сатып баштаганда өз элинен куулду. Эгерде 2005-жылдагы революция болбогондо азыр кайда жашап атат элек табышмак болмок. Андан кийин келген Курманбек Бакиев Акаевдин 15 жылда жасаганын 5 жылда эле “ашыра” жасап, үй-бүлөлүк башкаруунун классикалык үлгүсүн көрсөттү. Өз элин мал катары санады, тезек “тердиртти”. Мына ошол эки качкын президенттин чалып кеткен “боткосун” оңдоп-түзөө милдети бүгүнкү бийликтин мойнуна жүктөлдү. Коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүүдө. Мурдагыдай үй-бүлөлүк башкаруу жоюлду. Оппозициянын парламентте өз трибунасы пайда болду (аны оппозиция кандай колдонуп атканы башка кеп). Мамлекеттик жооптуу кызматтарга жаштар көбүрөөк тартыла баштады. Татыктуу жаштар иштеп атканын көрүп атабыз.

Акча үчүн Маскөөдө “бөгүп” жаткан качкын Акаевдин үйүндө жатып алып китеп жазып атканын жарнамалаган да өзү. Акаев берген акчага үй-бүлөсү менен Питерди кыдырып сайран курган сүрөттөрүн жарыялаган да өзү. Бекер тамак иче берип, 10 килограммга толуп кеткенин мактанып айтып жүргөн да өзү. Акаевдин дасторконунда өтө кымбат тамак-аштар гана тураарын деле эч ким сурабаса деле өзү айтып жүргөн. Кечкисин качкын президент менен стакан кагыштырып коюп атканын, “ал стакандын ичиндеги шараптын баасын айтсам чоочуп кетесиң” деп мактангын деп анын оозун ким тырмады эле? Тырмаган эмес. Бардыгын өзү эле айтып жүргөн. Ошентип жүрүп келгенине деле көп болду. Же жазган китеби жок, же он килограммга “шишип” кеткен курсак “натыйжа” бербейт. Андыктан “сөздөн жаңылган турбайт” деген сөздү эсине салгыбыз келет. Бүгүн биз тазалануу жолундабыз. Коррупционерлер четинен камала баштады. Эл кимдин-ким экенин даана түшүндү. Саясатчылардын бет каптары сыйрылды. Азыр кооз сүйлөгөндөр эмес, татыктуу иштегендерди баалаган заман. Мына ушундай өзгөрүүлөр азыркы президенттин башчылыгы алдында жасалууда. Азыр да буга чейинки жасалган иш-аракеттердин жемиши толук байкала элек, жакынкы 2-3 жылда буюрса жетишээрлик байкалып калат.

“Жакшы тилек – жарым ырыс” дейт элибиз. Элибиз азыр тынчтыкта, стабилдүүлүктө өнүгүүнү гана көксөп турат. Ынтымакта болсок баардык жакшылыктар, ийгиликтер алдыда.

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru