Айбат » Тургунаалы Жусуп Мамай, манасчы, бийчи: “Кыргыз кийими мен үчүн  эң кымбат, баа жеткис сезимдерге ээ”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маданият, Маек » Тургунаалы Жусуп Мамай, манасчы, бийчи: “Кыргыз кийими мен үчүн  эң кымбат, баа жеткис сезимдерге ээ”

Тургунаалы Жусуп МамайКыргызды кыргыз кылып турган бул кыргыз тарыхы, каада салт, үрп адат, маданияты, кийими, тамак ашы болуп саналат. Буларды өз убагында барктап тийиштүү чара көрүп, аларды өнүктүрбөсөк улутубузду, наркыбызды жоготуп алышыбыз толук мүмкүн. Кыргызды дагы дүйнөгө тааныткан  биздин улуу Манас эпосубуз, аларды чыгаан инсандарыбыз, манасчыларыбыз Саякбай, Сагынбай жана Кытайлык кыргыз Жусуп Мамай атабыз айтып келишкен. Бүгүн бизде Ушул улуу манасчы Жусуп мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы  Жусуп Мамай конокто

-Ассалоомуалейкум Тургунаалы мырза

-Валейкумассалам

-Сиз ар дайым башыңыздан калпак түшүрбөй кийип жүргөнүңүздү баары билет, сизге калпак өзүнчө дем берип турабы?

– Мен башыма калпак кийсем кандайдыр бир көөнүм ток болуп эркин жүрөм, кытайда да бир кийизден жасалган топуну кийип жүрөөр элем. Эми кыргыз баласы, кыргыздын кулуну болгондон кийин башына ак тоолу калпак, кыргыздын көркүн чагылдырып турган кийимин кийбеске болобу. Өзүнүн киймин кийип жүрсө кандайдыр бир деңгеелде мен кыргыз деп өзүнүн ата бабаларын эстеп жүрөт, ошонун өзү адамга дем берет.

- Кыргыздын улуттук кийими сиз үчүн?

–  Дүйнөнүн кайсы бир  бурчундагы  улут болбосун, ар биринин өзүнө таандык, өзүнүн элинин тарыхын чагылдырып турган улуттук кийимдери бар. Ал кийимдер  өздөрүнө улуу, улук жана барктуу келишет. Ошолор сыңары  кыргыздын тарыхын, каада салт үрп адаттарын камтыган кыргыз кийими магада улук, улуу жана барктуу келет. Мен кыргыз болуп, кыргыздын өзүнө таандык кооз кийим бар экенине абдан сыймыктанам. Көз жоосун алган, кереметүү, бир сырдуу кыргыз кийими мен үчүн  эң кымбат, баа жеткис сезимдерге ээ.

-Сиздин пикириңизде,  азыркы жаштар улуттук кийимдерге болгон көз карашы кандай деп ойлойсуз?

– Ачыгын айтканда   буга чейин  заманга ылайык кыргыздын улуттук кийимидери иштелип чыккан эмес, ошондуктан батыштын кийимдери мода болуп, элдин көбү батыштын кийимдерине ооп кеткен жана кээ бир адамдарыбыз өздөрү ким экенин унутта калтырып жаткандыктан кыргыздын улуттук кийими кийилбей жатат.   Такыр кийилбей жатат деген ойдон алысмын, кээ бир адамдарыбыз өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди жаңыланып, жаңы дем берип иштеп чыгып, жаштардын көңүлүн буруп, элдин кызуусун артырып жатат.  Ата-апаларыбыз, эже -агайларыбыз калпактарды, улуттук кийимдерди кийип жатышат. Азыр өзгөч жаштарыбыз кыргыздын кийимдерин кийе баштагандары мени чексиз кубанычка салып жатат. Анткени кыргыздын улуттук жүзүн,  кыргыз тарыхы, каада салтты жана кийимдер гана сактайт.

-Жаштарды улуттук кийимдерге кызыктырыш үчүн эмне кылыш керек?

– Жогоруда айтып кеткендей ар бир улуттун өзүнө таандык  тарыхы, каада салт үрп адаттары бар. Ар бир улут өзүнүн мурунку таарыхына кайрылбаса анда ал улуттун улуулугу жоголот. Азыр жаштарды улуттук кийимге тартуу бираз кыйынга турат. Себеби  балдарды эми гана эс акыл тартып келе жатканда мектепке берет, ал жерде эмне окутулат, ким окутат, кандай тарбия алат ошол эң эле манилүү болуп саналат. Биз улуттук кийимге кызыктырыш үчүн жаш кезинен баштап жүрөгүнө кыргыз деген улуу атты сиңиртсек же ата- энесинин тарбыясы жакшы болсо анда баланын улуттук кийимге улуттук оюндарга жакын болуп аларды таңуулай жүрөт.

-Кытайлык кыргыздардын жаштары менен бул жердин жаштарынын айырмасы эмнеде?

-Кытайлык кыргыздар балдарына улуту, тили, маданыяты жөнүндө тынымсыз тарбия  берет. Бул жерде деле улуту, тили, маданияты жөнүндө тарбия беришет экен, бирок көпчүлүктө эмес. Алар өздөрү канчалык кытайдын калың жеринде болсо да  ойлогону кыргыз жери, эли болот. Ата-энелер өз балдарын жайкы каникулда сөзсүз айылга жиберишет, бул жакта ата-энелер  балдарын көбүнчө эркин коюшат экен. Айырмасы  ошондон болсо керек.

-Азыркы замандын талабына ылайык өзгөрүлүп жаткан кыргыздын улуттук кийимдери менен мурунку ата-бабабыз кийип жүргөн улуттук кийимдеринин кайсынысы жакшы дейсиз?

– Ар бир замандын өзүнүн талабы бар. Ошол сыңары мурунку кийимдер өз учурунда ата бабалардын дооруна ылайык, шартка жараша,  ошол замандын модасы болуп сакталып келген. Ал эми, азыркы кийимдер болсо, биздин замандын талабына ылайык өзгөрүлүп жатат. Эми кайсынысы жакшы десеңиз ар бир доордун кийими өз замандарында көрктүү, нарктуу келет деген ойдомун

-Жаштарга бере турган кенешиниз?

-Жашмын, кеңешди ар убакытта укканды жакшы көрөм. Бирок, сиз сурап жатканда мындай жооп айткым келди. Улуу ойчул аталарыбыздын бири, Жусуп Мамай атам айткандай “Эр элден туулат, Эл үчүн кызмат кылат” дегендей элден туулган эр азаматтарыбыз эл үчүн кызмат кылса деген үмүттөмүн…

- Бизге келип өзүңүздүн ойлоруңуз менен бөлүшүп кеткениңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем. Алдыдагы иштериңизге ийгилик каалайм.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru