Айбат » Кыргыздын улуттук кийимине көз карашыңыз?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом, Маданият » Кыргыздын улуттук кийимине көз карашыңыз?

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты:

Этносту улуттук кийимсиз элестетүү кыйын. Ар бир элдин улуттук кийими бар. Ал ошол элдин тарыхына,кулк мүнөөзүнө жараша иштелип чыккан. Этностун кийимине жараша аны тиги же бул этностордон айырмалап, же тескерисинче жакындаштырып карай алабыз. Кыргыздар Борбордук Азиядагы эң байыркы эл. Булар байыртадан азыркы казактардын ата-бабалары болгон кыпчактар менен камыр жумур жашашкандыктан алардын улуттук кийими бири-бирине өтө жакын. Илгери улуттук кийимге өтө чоң маани берилчүү. Бүгүн глобалдашуу саясаты меен, анча маани берилбей келет. Бирок, менин оюмча биз байыркы элдин тукуму болгондон кийин, өзүбүздүн улуттук кийимибизге өзгөчө маани беришибиз керек. Жада калса, кыргыздын кийими өтө кооз, сымбаттуу көрүнөт. Анын ар бир бөлүгү өзгөчө мааниге ээ. мисалы, кыргыздар калпакка өзгөчө маани беришкен. Ошондуктан, жаштар калпак күнүн белгилөө демилгеси менен чыгып, жыл сайын бул күн белигиленип келет. Бул жакшы да. Жаштарды патриоттук духта тарбиялоого чон салым кошот деп ойлойм.

 

Жылдыз ЖолдошоваЖылдыз Жолдошбаева, ЭЛТР алып баруучу

Кыргыздын улуттук кийими элибиздин тарыхы, сыймыгы. Ар дайым сыймыктануу менен кийген кийими десем болот. Мен заман талабына жараша өзүмө жарашыктуу дене бойго ылайыктуу кийимдерди кием. Бирок кыргыз кийими гардеробдо сөзсүз бар. Мен аны кадырлап барктоо менен сыйлуу жерлерге барганда сөзсүз өзүбүздүн кийимдерибизди кийип барууга аракет кылам. Мисалга,узун көйнөк жоолуктары кандай жарашыктуу, ар бир аял затына сонун жарашат. Мындан тышкары улуттук киймди кийгенде сөзсүз бир өзүнүн касиети бар экени сезилет.

 

Дуулат Кубатбеков, телеоператор

Улуттук кийимдерибиздин орду албетте жакшы, бирок мындан да өйдө көкөлөтсөк болот эле. Бирок, биз кыргыздар өзүбүздүн эле ууздар, орустардын мончосуна кийип түш деп калпакты тигип берип жатышпайбы. Кыргыздын кийимдерин башка өлкөдө кийип жүрүшпөйбү орду жогору эле, күнөө бизде.  Кыргыздын ойусу түшүрүлгөн кийимдери чет өлкөдө баасы асмандын башы, ал жакта барктуу мен өзүм күбө болуп таң калгам.  Чынында ал баш кийимдердин орду дүкөндө, супер маркеттерде да

 

 Актан Рыскелдиев, тамашоучу

Эми азыр улуттук кийимдерди майрамдарда эле кийип калбадыкпы, болбосо жап-жакшынакай эле кийимдерибиз бар го, Баардык мезгилге ылайык… Калпакты популяризация кылалы деп 5 мартты белгилеп майрамдап атабыз, бирок, бир эле күндүк болуп калып атат. Муну ар бир жаран өзү ойлоп модалаштырса эле бат эле баарыбыз калпакчан болуп калат элек го. Кыз келиндердики так эле ошондой маселе, алардыкы биздикинен да жакшы го, улуттук кийимдери. Жапчу жерин жабат, кооз десең кооз. Кыскасы, кыргыздын өзүнөн эле көз каранды бул маселе.

 

Айзирек Баатырбекова, студент

Албетте кийем, бирок аны коомдук жайда гана кийем. Мен кыргыздын улуттук кийимдерине аяр маиле кылыам, алар мага ыйык көрүнөт. Улуттук кийимдерди каалаган жака кийбейм.  Ар бир кыргыз кызы, уулу өзүнүн улуттук кийимин кийиш абзел деп ойлойм

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru