Айбат » Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу: “Экономикабыздын өнүгүшүнө шарттар түзүлүп калды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Бекбосун Бөрүбашев, саясат таануучу: “Экономикабыздын өнүгүшүнө шарттар түзүлүп калды”

Бекбосун Бөрүбашев- Бекбосун мырза, 12-августта көптөн күткөн кыргыз-казак чек ара бекеттери эки президенттин жеке көзөмөлүндө ачылды. Бул иш-чаранын мааниси Кыргызстан үчүн канчалык?

– Товарлар өйдө-төмөн, ээн-эркин өткөнгө шарт түзүлдү. Эми Кыргызстандын экономикалык жактан өсүүсүнө шарттар болот. Мисалы, айыл-чарба азыктарын, Кытайдан келген товарларды кайра алып чыксак болот. Ошондуктан Кыргызстан үчүн экономикалык өсүш жана чоң тарыхый окуя болду. Айта турган болсок, буга чейин экономикалык өсүүбүз төмөндөп кеткен. Президентибиз  Алмазбек Атамбаев буга чейинки бийликтерибиз начар болуп келген деп моюнуна алды. Андыктан мына ушундай тарыхый окуянын болушуна чоң салымын кошкон президентибизге рахмат айтышыбыз керек. Эми, экономикабыздын өнүгүшүнө шарт түзүлүп калды.

- ЕАЭБге кошулабыз деп бир канча жылдан бери аракеттенип акыры кошулдук. Эми уюм бизге кандай жеңилдиктерди жана жагымдуу шарттарды алып келет?

– Документтерге кол коюлуп такталды. Бизде улуттук экономика калыптанып калган. Ушул улуттук экономикабызды өнүктүрүү үчүн карым-катыш керек эле. Негизинен ЕАЭБге кошулушубуз өндүрүмдүү көрүнүш. Көп жылдан бери өнөктөшүбүз Казакстан менен Орусия. Мына жакынкы арада Өзбек мамлекети газ маселеси боюнча, чек ара маселеси боюнча көйгөй жаратты. Ошол үчүн бизге өнөктөштүк керек. Жакшы эле жеңилдиктер болуп калды десем жаңылышпайм…

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru