Айбат » Орозбек Дүйшеев, саясий серепчи: “Экономиканын жаңы баскычы ачылды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев, саясий серепчи: “Экономиканын жаңы баскычы ачылды”

Орозбек Дүйшеев- Орозбек мырза, 11-августта казак президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга иш сапары менен келип Чолпон-Ата шаарында президент Алмазбек Атамбаев менен жолукту . Ал эми 12-августта кыргыз-казак чек арасы ачылды. Эки өлкөнүн чек араларынын ачылышы кыргыз ишкерлери үчүн кандай шарттарды түзөт?

– Аракетибизге жараша биздин алдыбызда жаңы экономикалык баскыч ачылды. Мындан биз сырткы саясатты жакшы жолго коюп, экономикалык бир топ жаңы келишимдер менен элибиздин экономикалык саясатын жакшы баскычка көтөрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Албетте бул аракеттерибиз бизге эле эмес, кошуна өлкөлөргө да бир топ жакшы пайдасын тийгизет деп ишенем. Андыктан Президентибиздин бул аракетин жакшы баалоого болот.

- Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынын ачылышы кыргыз-казак достугуна оң таасирин тийгизеби?

– Эки өлкө ортосундагы карым-катнаш менен бирге эле биздин ишкерлерибиздин Россияга чыгуусуна да жакшы шарт түзүлүп жатат деп ишенимдүү айтууга болот. Мындан улам биздин өлкөнүн жарандары эми эч тоскоолдуксуз Казакстанга барып иштей алат. Мындан сырткары ишкердүүлүктөгү тажрыйба алмашуу да бир топ жогорулайт десек болот . Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу тарыхта кала турган чоң маанилүү жолугушуу. Кудай буйруса Кыргызстан ЕАЭБке кирди. Эми мындан ары ал биримдиктеги өлкөлөр менен кызматташуу кеңейет, жакшырат.

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru