Айбат » Курбу кызымды колдонуп жүрөт, кантип жардам кылсам?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Турмуш » Курбу кызымды колдонуп жүрөт, кантип жардам кылсам?

Бул турмушта эң жакын, бир тууганымдай көргөн менин курбу кызым – Мээрижан. Бишкектин бир мектебинде чоогу окуп, чоогу бүткөнбүз. Өтө жакшы окуйт, же начар окуйт деп айта албайм, “эл катары эле” дегендей. Атасы эрте жашында эле кайтыш болуп, чоң энеси баккан. Энеси талашып жүрдү, бирок күнүгө мектепке, үйгө келгени менен, чоң энеси берген жок. Онду бүтүп жатканда эле чоң энеси да көз жумуп, акыры өз энесинин колуна түштү.

кумарлуу кыз

Бирок ал кезде энеси башка күйөөгө тийип, башка балдарды төрөп алган эле. Өгөй атасы “кызым” дегени менен, баары бир түпкүрүндө өз кызы эмес экенин билет да, мамилеси өгөйлүгүн көргөзүп жатты.

Мындай ойго келгеним, өгөй атасы курбу кызымды “күйөөгө кетпейсиңби, жашың келип калды” дей берчү, болбосо ал араң он сегизге чыгып, мектепти жаңы бүткөн. Анан энеси деле “кызым” дегени менен, жаңы үй-бүлөсү жакын болуп калганбы, айтооор өгөй атасынын сөзүнө көнүп, Мээрижанды күйөөгө бермей болду. Бергенде да Ирактан келген бир жигит экен…

Менеджер. Жергиликтүү бир фирмаларда иштейт. Бою-башы келишкен, өзүн жакшы карап, таза жүргөн жигит экен. Мээрижан кафелердин биринде иштеп жүргөндө көрүп, жактырып калган имиш. Бир-эки жолу чоогу сейилдеп калганда сынамыш болдум, сырткы келбети жакшы болгону менен, түпкүрүндө жакпай турду. Мээрижанга сырткы келбети да жаккан жок. Бирок энесин эмне кылып көндүргөн билбейм, курбу кызымды күйөөгө берди.

Бишкектин бир четинде, эки бөлмөлүү батирде турушту. Башында мени да коноко чакырып, күйөөсүнүн достору менен чоогу отуруп, ойноп-күлүп, жыргай берчүбүз. Мээрижан бактылуу экенине сүйүнүп да жүрдүм. Бирок бул күндөр бат эле өтүп кетти…

Мени коноко чакырмак түгүл, курбу кызымды батирден чыгарбай камап, өзү достору менен тойлоп кетип калмай адатка айланды. Энесине айта албай, мага чалып далай ыйлап жүрдү. Акыры мен чыдабай, баарын энесине айтып бердим.

“Күйөөдөн чыккан” деген жаман сөз деп, энеси Мээрижанды көндүрүп, ал байкушум күйөөсү менен жашай берди.

Күндөрдүн биринде баягы күйөөсү дагы камап кетип, таң атып калганда келиптир. Мас  болгону аз келгенсип, жанына бир сойкуну ээрчитип алыптыр, “гарем кылмакчымын” деп коет дейт. Ошол жерден Мээрижан чыдабай качып чыгып, энесине да барбай, менин үйүмдө жашап жүрдү.

Чоогу жашап калганыбызда байкушум кээде ызаланып ичип алып жатты. Тагдырдын жазганын карачы, татынакай кыз эч жака батпай, бактысыз калгансып, тентип кетейин деп араң жүрдү. Мен өзүм башынан жетим өскөм, жалгыз “бир тууганым” Мээрижанды эч жака кое бербей, кармап жүрдүм.

Күндөрдүн биринде Мээрижан ичинде жүргөн сырын айтты. Көрсө тигил жигит энесин алдап эле кетиптир. Калыңын төлөмөк түгүл, ал жигиттен башка эч бир жакын тууганын көрбөптүр. “Булар кудаңар болот деп, болгону сүрөттөн кемпир-чалды көргөзгөн”, – дейт.

“Жазында алып барам, жайында алып барам”, – деп, кычыраган үйдө түшкөн жалгыз сүрөттү эле көргөзүп жүрүптүр. Калыңына беш килограмм алтын бермек экенин уккан байкуш энеси акылынан ажыраган го, эки жыл ичинде бир дагы тууганын көрбөптүр.

Улуттук коопсуздук кызматында иштеген жигит менен таанышып калгам, сураштырсам, тигил ирактык жигит Кыргызстанда убактылуу документ менен эле жүрүп, Мээрижан үйүнөн кеткенден кийин көп узабай, чет өлкөгө чыгып кетиптир. Баарынан кызыгы Москвага барып, башка кыргыз кызын экинчи аял кылып алыптыр. Байкуш курбу кызым документ менен тастыктап, ЗАГСта никеси бар деп жазылган, ажыраша албай дагы бир топ убакыт сотто жүрдү. Талагын смс менен жиберип коюп, өзүнөн дайын жок, ал эми ЗАГСың смсти эсепке албайт экен да!

Айтоор бул окуяны көп кыздар окуп, сабак алса экен дейм. Себеби чет жактан келген жигит, эч качан боордош болбойт, кордоп жүрүп өтөт. Деги эле бул заманда адамга ишениш кыйын го, антсе да чет өлкөлүк ушундай жигит сөрөйлөр, кыздарды колдонуп туруп, таштап кетет!

Бирок Мээрижаным сабак алган жок…

Тагдыр аны талкаладыбы, билбейм, мүмкүн бактылуумун деп жүрөбү, айтоор ал окуядан кийин азыр бир жигит менен жашап жатат. Мейли, бактылуу болсун дейт элем, бирок ал жигит аны жөн гана колдонуп жүрөт.

Себеби баягы эле окуя: нике кыйдык дегени менен калыңын төлөмөк түгүл, кайын журтун көрө да элек. Баткендин бир айылынан экен, Бишкеке келе албай жатышат сымал…

Биринчи күйөөсү жок дегенде документтештирип, Мээрижанды ЗАГСка алып барса, мунусу менен “граждандык никеде” имиш. Макул, баардык шартына түшүнөйүн десем, курбу кызымды окутуп алгандай – Мээрижан бел күчүн аябай күн-түн базарда иштеп жүрсө, жолдошу үйдө чалкалап, “пиво ала келчи” деп коюп жатат. Батирдин акысын, свет, суу жана башкаларды бүт Мээрижан төлөйт. Тамак-ашы менен кийим-кечегин айтпай эле коеюн! Бир жарым жылдан ашты, ортодо бала да жок…

Эмне кылаарымды билбей, сиздерге кайрылдым, курбу кызымды колдонуп жүрөт, кантип жардам кылсам?

 

Урматтуу туугандар, эгер сиздерде дагы кандайдыр бир баштан өткөн окуя болсо, бизге жазып жибериңиз, эң кызыктуусун гезитке басып чыгарабыз.

e-mail: aybatkg@mail.ru

Айбат гезити №141




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru