Айбат » Сууну туура ичүү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Сууну туура ичүү

ден соолукОоба, суунун организмге канчалык пайдасы бар экендигин дагы бир ирет эскертүүнүн кажети жок, себеби бул нерсени баарыбыз эле билебиз. Суу- бардык нерсени жандандыруучу касиетке ээ экендигин мектептеги биология сабагына эле үйрөнүп, билип баштаганбыз. Бирок, сууга байланыштуу маселе башкада. Анткени организмди бир калыпта эрежеге ылайык кармап туруу үчүн сууну да туура иче билүү маанилүү.

Ачкарын суу ичкен пайдалуубу?

Туура, бул эң пайдалуу, андыктан муну көндүм адатка айландырып алган жакшы. Организм түнкү уйкуда керектүү нымдуулукту жоготот, ал эми эртең менен дароо бир стакан таза суу ичип койсоңуз, орду дароо толтурулат. Организмдин нымдуулугу сөзсүз эле ысык абада, же жакшы аба кирбеген бөлмөдөн пайда болбойт, дем алуу органдары аркылуу деле жогото берет.

Тамактанып жаткан учурда ичилген суу зыянбы?

Жок, зыян эмес. Биздин организмибиз орто эсеп менен алганда 60 пайызы суудан турат. Тамактанып жаткан учурда зат алмашууга зыяндуу газдалган, таттуу, жасалма жол менен түс берилген, кофеин кошулган суусундуктарды кабыл алууга караганда суу ичсе пайдалуу. Эң жакшысы тамактанаардан жарым саат мурун жарым стакан таза суу ичип койсоңуз, ашыкча тамактанып алуунун алдын алган болосуз.

Машыгуу учурунда же аяктаган соң дароо суу ичсе болобу?

Албетте, машыгуу учурунда жана машыгууну аяктаган соң дагы суу ичкен пайдалуу. Спорт менен алектенүүдө организм ачкачылыкты жакшы сездирбейт, андыктан ар бир 15-30 мүнөттүн аралыгында бир ууртамдан ичип туруу маанилүү. Мындан сырткары, машыгуудан кийин организмдин жоготкон күчүн калыбына келтирүүчү атайын даярдалган сууларды ичүү зарыл. Курамында минералдык- витамин жана бир аз жер- жемиштин маңызы кошулган суу жакшы.

Бир күн аралыгында 2 литрден ашык суу ичүү керекпи?

Ар бир адамдын бир күндүк суу кабыл алуусу ар кандай өлчөмдө болот. Ал, салмагыбызга, метаболизмага жана физикалык күч жумшоого карата талап кылынат. Эки литр суу ичиш керек деп негизинен орто эсеп менен айтылат. Бул орто салмактагы адамдар үчүн ылайык келет. Негизинен нымдуулукту суудан сырткары, жашылча- жер- жемиштерден жана суюк тамак ичүүдөн дагы бир аз алабыз. Андыктан бир күндө 3 литрге жакын суу кабыл алуу пайдалуу болот. Сууну аз ичкендер 3 литрге чейин ичип көрүү сунушталат. Бир апта ичсеңиз, өзүңүздү жакшы сезип калгандыгыңызды дароо эле байкайсыз. Ошондой эле абасы кургак, ысык кеңседе иштегендер үчүн дагы 2 литр аз болуп калат.

Бир күн аралыгында канча суу ичүү керек?

Эң жакшысы аз- аздан ууртап жүргөн пайдалуу. Бөтөлкөгө ар дайым суу куюп ала жүрүңүз. Жумушта, унаада, дүкөндө же көчөдө айырмасы жок. Болгону суу ичүүнү каалаган мезгилде жаныңызда болушу шарт. Анткени организм суюктукту бир калыпта кармап, ден- соолугуңузга оң таасир тийгизет. Маанайыңыздын көтөрүңкү жүрүшү, ишке болгон жигердүүлүк, тамак- сиңирүү органдарынын калыпка келип калганын сөзсүз сезесиз.

Сууну кандай температурада ичүү керек?

Эң эле жакшысы бөлмөнүн температурасына ылайык келгени дурус. Бирок, күн ысып турган маалда муздаткычтан алып эле ичүүгө каалоо болот. Буга деле тыюу салынбайт, болгону аз – аздан ичсеңиз зыянын тийгизбейсиз.

 Суу ачка болууну сездирбей, арыктоого себепчи болуп жардам бере алабы?

Ооба, жардам берет. Бирок, негизинен арыктоо үчүн организмди туура азыктандырып, керектүү суюктук менен камсыз кылуу маанилүү. Андыктан спорт менен алектениңиз. Бир гана ачкачылыкта отуруп алып арыктоону күткөн жарабайт. Денени кыймылга алып келип, жигердүү спорт менен алектенүү маанилүү. Албетте, суу диеталык каражат эмес, ал организмге керектүү баштапкы муктаждык болуп эсептелет. Бирок, мындан башка да организмге кичи элементтер, витаминдер да керек болот эмеспи…

Айбат гезити №141



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2015 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru